Коомчулукта бул демилгени колдогондор да, четке каккандар да бар. Бир тарабы мындай демилге ишке ашпай турганын айтса, экинчи тарабы жаңы сценарий ашыкча ысырапкорчулукту азайтат деп үмүттөнөт.
Министрлик сынактын негизинде тандалган үлгүлүү тойлор коомчулукка милдеттендирилбестен, тек гана сунуш кылынарын билдирди.
Акыркы он жылда кыргыз коомунда той-аштар ашыкча ысырапкорчулук менен өтүп жатканы байма-бай айтылып, аны чектөө тууралуу парламентте сөз болуп, айрым аймактын бийлик өкүлдөрү ашыкча шаан-шөкөттөрдү чектөөгө белсенген.
Мисалы, 2010-жылы Өзгөн райондук кеңеши бул боюнча атайын токтом кабыл алган. Ошол жылы Өзгөн районунун акими болуп турган Алишер Бакышевден ал чектөө ушу тапта кандай аткарылып жатканын сурадык:
- Айрым жерлерде бир аз бошоп кетти. Колунда барлар "каалагандай кыла берсек болот" дегендей мамилеге өтүп жатышат. Буга үстү жактан атайын чектөө киргизүү керек экен. Болбосо бул убактылуу көрүнүш болуп калат. Илгери мен аким болуп турганда ушул чектөөлөрдү киргиздик эле. Азыр бир аз жумшарып калды.
Бакышев мындай аракет бир райондун чегинде толук ишке ашырылышы мүмкүн эмес экенин, демилге республикага жайылтылып, атайын мыйзам кабыл алынбаса, токтомдун толгоосу бат эле жазыларын кеп кылды.
Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев "ашыкча чыгаша кылууну салтка айлантып бараткан тойлорду чектеш үчүн мыйзам долбоору керек" деген пикирге кошулат. Аны жазууда сынакта тандалган той өткөрүүнүн жаңы үлгүсү негиз болот деген ойдо. Депутат бул конкурста - калыстар тобунун мүчөсү.
- Билесиңер, 2016-жылы депутаттар тобу Аида Салянова башында туруп бул багытта мыйзам иштеп чыгып, ал парламентте колдоо таппай калган. Анда биз чынында көбүрөөк талаптарды коюп алганбыз. Андай мыйзамдар өтпөй калат экен. Эми ушул конкурста жеңилдетилген вариант келсе, анын негизинде мыйзам жазса болот. Бул жерде негизги эле максат - ашыкча ысырапкорчулукту чектөө. Чынында "аш көп болсо, каада көп" дегендей, азыркы тапта өзүбүздүн нукура каада-салттарыбыз башка нукка бурулуп баратат. Сынакты ошол нерсеге бөгөт коюу же алдын ала ооздуктоо багытында жарыялаганбыз.
Тажикстан: той азайса экономика оңолот
Тажикстан: той азайса экономика оңолот
Тажик бийлиги тойлорду көзөмөлгө алган мыйзам ишке кирген он жылдан бери өлкө тургундары 18 млрд сомони үнөмдөшкөнүн айтып чыкты
Токтошевдин айтымында, Тажикстанда, Өзбекстанда, Түркмөнстанда той-аштарды чектөө боюнча атайын мыйзамдар бар. Мисалы, Тажикстанда үйлөнүү тоюнда 150дөн ашык адам чакырууга, никеге катталууга үчтөн ашык машине менен чыгууга тыюу салынган. Серепчилер алар ушундай тартип менен жакырчылыкты 50-60 пайызга азайтууга жетишкенин айтып жатышат.
Деген менен таанымал тамада Бакай Шүкүровдун айтымында, тойлорду күч менен чектөө мүмкүн эмес. Ал элдин каалоосу менен өзүнөн өзү бир калыпка түшүүгө тийиш:
- Тойду кимдир бирөөлөрдүн жазып берген программасы менен өткөрүү ишке ашпайт экен. Буга чейин тойлорду жөнгө салуу боюнча маданият министрлери Ибрагим Жунусов да, Султан Раев да сөз козгогон. Азыр Султан Жумагулов да бул тема боюнча демилге көтөрүп жатат. Тойго аралашып жүргөн киши катары айтсам, акыркы беш жыл ичинде эле той өткөрүүдө кээ бир өзгөрүүлөр боло баштады. Мисалы, тойдун убактысы кыскарды. Мурда алты сааттан сегиз саатка чейин созулса, азыр ашып кетсе беш саат болот. Төрт жарым, беш саат. Бул көнүп калган салт болуп баратат.
Бирок адистердин пикиринде маселе жеке эле коноктордун убактысын үнөмдөөдө эмес. Той чыгымдарын азайтуу, ашыкча ысырапкорчулуктан арылуу да учурдун талабы. Экономисттердин эсебинде, кыргызстандыктар жылына аш-тойго 2 миллиард доллардан ашык акча чачат. Өз алдынча иликтөөлөрдө Кыргызстанда бир жыл ичинде жарым миллиондон ашык үй-бүлө ар кандай той-топур өткөрөөрү белгиленип жүрөт.
Арай көз чарай, 18-март, 2018-жыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Маданият министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова жарыяланган сынактын максаты - коомчулукка той өткөрүүнүн жаңы эрежесин таңуулоо эмес, сунуш кылуу экенин белгиледи:
- Тойдун жаңы үлгүсүн эл өзү берсе, биз күздө ошол үлгү менен тойлорду өткөрөбүз. Аны массалык маалымат каражаттары аркылуу элге жайылтабыз. Жарандар биз сунуш кылган үлгү тойду жашоосуна колдонобу же мурдагыдай эле сегиз сааттык тойлорду өткөрө береби - аны өзү билет. Тойлорго тыюу салуу министрликтин планында жок. Болгону биз "ушундай тойлорду да өткөрсө болот" деп эле мисал кылып көрсөтөбүз.
Зоотбекова сынакта биринчи орунга 100 миң, экинчи орунга 50 миң, үчүнчү орунга 30 миң сом коюлганын айтып, үлгү той да Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин эсебенин каржыланарын кошумчалады.
Сценарийлерде негизинен үйлөнүү үлпөтүнүн, мааракелердин, тушоо кесүү, сүннөт тойлорун өткөрүүнүн жаңы жол-жоболору камтылышы зарыл. Сынак 15-сентябрга чейин созулат.
"Азаттыктын": архиви: 18-ноябрь, 2017-жыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.