Ноокен районунда жайгашкан бул кыштактын жашоочулары короосунда эки чарчы метр жерди терең казып, цемент менен бүтөп, суу сактагыч жасап алышкан. 500 сомго беш-алты тонна суу сатып алып, аны үч айга чейин пайдаланышат экен.
Ал эми айылдагы "Таза суу" программасынын алкагында орнотулган суу түтүктөрү иштебей турат.
Айылдын жашоочусу Алмазбек Акашбек уулун короосундагы беш тонналык кудукка суу камдап жатканда кепке тарттык. Ал бир жолу толтуруп алган сууну беш-алты адамдан турган үй-бүлө үч айга чейин колдоноорун айтып берди:
- Бала кезде сууну коңшу айылдардан же алыстагы булактардан ташыйт элек. Үч-төрт чакырым алыс жерге фляга салынган арабаны сүйрөп, төрт мезгил бою суу ташып ичкенбиз. Башка айла жок эле. Совет доорунда кыштагыбызга орнотулган суу түтүктөрү бузулуп калган. Айрыкча кышында аябай кыйналчубуз. Суу ташуу үйдөгү балдардын милдети болчу. Азыр ар бир үйдүн короосунда ушундай кудук казылган. Тамак-ашка, мал-жандыкка жана кир-кок жууганга керектейбиз. Челекке жипти байлап, сууну тартып алабыз. Насос орнотуп койсок, кадимки суу түтүгүнөн чыккандай шаркырап агат. Ушул жакшы экен.
Сары-Сыя айылына 2000-жылдарын башында "Таза суу" программасынын алкагында түтүк орнотулуп, суу чыгарылган. Бирок элдин кубанычы көпкө созулган эмес. Жарым жылга жетпей бузулган түтүктөр дагы эле иштебей турат.
Кыштакта алгачкы кудукту Алмазбектин атасы казган. Бул ыкма бүт айылдаштарга тарап, азыр беш жүздөй түтүндүн баарында кудук бар. Жаңы үй сала тургандар да алгач кудукту бүтүрүп, анан иш баштайт экен. Усталарга, курулушка да суу керек эмеспи.
- Маселени чечүүгө адамдар өзү да аракет кылышы керек. Азыр бизде эч ким "өкмөт суу чыгарып берет" деп ойлонбойт, - деди Алмазбек.
Айылдын тургуну Адина Алимбекова мурдагы учур менен азыркы кезди салыштырып берди:
- Колубузга челекти алып, 40 литрлик фляганы арабага салып сүйрөгөн бойдон, суу издеп кетээр элек. Суу азабын айрыкча кыз-келиндер тартчу. Ошол кезде адамдар минтип кудук казып алганды деле билбептир. Эми жыргап эле калдык. Мурдагыдай чоң идиштерге суу толтурбайбыз. Түйшүгүбүз азайып, өзүбүз жалкоо боло баштадык. Азыр сууну да ошол кудуктун башында туруп чөмүчкө алып ичебиз. Кышында да, жайында да суу муздап турат. Аязда тоңбойт.
Кудук менен кошо айыл тургундарына суу ташыган айдоочулар да пайда болгон. Цистерна орнотулган жүк машинелер азыр скважиналардан суу алып келип сатышат.
Жашы 75тен ашкан Чыныкан эне суу азабын тарткан башка мекендештерине да ушул ыкманы сунуш кылат:
- Азыр Баткендин айрым кыштактарында суу маселеси бар экен. Телевизордон көрдүм. Бир канча чакырым басып келип, кир сууну ташып, тундуруп ичишет экен. Бир аз чыгынып, кудук казып алышса кыйналбай калышмак. Өкмөт деле карап турбай жардам берүүгө тийиш. Башкалар кылып бериши керек деп отура берген заман эмес азыр.
Чыгым демекчи, беш-алты тонналык бир кудукту казууга уста акысы, курулуш материалдарын кошкондо 15-20 миң сомдой акча керек. Сары-Сыя айылында бул иштин көзүн билип, кудук салган усталар да бар. Жергиликтүү эл аларды кудукчулар деп аташат.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.