Шеффер: Койдун башын тартканда коркуп кеткем

Дүйнө жүзү боюнча ыктыярчылардын саны барган сайын артууда.

1-июнда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Тынчтык Корпсунун 50 жылдык маарекеси белгиленип, анда жаңы келген 41 ыктыярчы ант берди.
Маалыматка ылайык, ыктыярчылардын теңинен көбү эки жыл бою Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарындагы мектептерде англис тилинен сабак беришет. Айрымдары медицина тармагын, бейөкмөт уюмдардын өнүктүрүү иштерине аралашат.

Ыктыярчылардын бири, АКШнын Калифорния штатынан келген Брендон Шеффер кыргыз тилин 9 аптанын ичинде өздөштүргөн. “Азаттыкка” курган маегинде Брендон мырза кыргыздын тамак-ашы, маданияты, каада-салты жана алдыдагы пландары тууралуу пикирлери менен бөлүштү.