Дилдора: балдарым үчүн жашагым келет

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мигрант күйөөсүндө ВИЧ инфекциясы бар экенин, өзүнө да жукканын Дилдора кош бойлуу болгондон кийин билген.
Күйөөсү менен экинчи баласы төрөлгөн кезде ажырашып, ошондон бери балдары менен чогуу ата-энесинин үйүндө жашайт. ВИЧ илдети балдарына жуккан эмес, бирок өзү алты жылдан бери дары-дармектин күчү менен жашап келатат. 30 жаштагы Дилдора (ысымы өзгөртүлдү - ред.) баянын башынан айтып берди. Өзүнүн каалоосу менен үнүн өзгөртүп беребиз.

Баян БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосунда "Айкын багыт" коомдук фондунун "Гендердик зомбулук маселелерин чагылдырууда инновациялык медиа форматтар" долбоору менен өнөктөштүктө даярдалды.