Далай кыргызды фашисттик туткундан чыгарган Кожоке ата

94 жаштагы Кожоке Мамбеталиев байбичеси жана небереси менен.

Улуу Ата Мекендик согушта туткунга түшүп калган таластык Кожоке Мамбеталиев ошол кездеги азаптуу күндөрдү эскерди.
Азыр 94 жаштагы Кожоке Мамбеталиев Таластын Арал айылында жашайт. Ал туткунга түшүп калган учурда белгилүү казак саясий ишмери Мустафа Чокай жана кийин “Азаттыкты” түптөгөн Азамат Алтай менен да кездешкен экен.

Туткундагы күндөр

Кожоке Мамбеталиев 1939-жылы СССР менен Финляндия согушуп турган чакта аскерге чакырылып, бирок согуш аяктап калат. Анан 2 жыл аскердик окуу жайда окуп, офицер болот. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согуш башталганда бат эле душмандын колуна түшүп калат. Туткунда 6 ай мал багып, окоп казып жүрөт.

Ошентип жөнөкөй туткун болуп жүргөн жеринен Түркстандын биринчи президенти делген Мустафа Чокайдын алдына бир түрк жигити аркылуу барып, офицердик даражага жеткен:

- Ошентип баягы жигит Мустафага алып барды. Ошо кезде 70тен ашып калган киши экен, “отур кыргыз,адам болосуңбу?” - деп сурады. Дароо болом дедим. Анан бирөөнү чакырып тигилерге кош деди. Барсам алты-жети жигит бар экен, арасында кыргыздар, өзбектер да бар. Азамат Алтай дагы бар экен. Бизди анан 3-4 ай немистин офицер курсуна окутту. Анан лейтенант деген наам берип туруп, кызыл короздой кылып кийинтип, бөлүштүргөндө үнүм бийик жигит элем, мени ошондо экспедитор кылып койду. Ошондо ага лейтенант деген наамга жеттим.Анан 1944-жылы немистер качкандан кийин, Чыгыш Германиядан, азыркы Калинин областы аркылуу бул тарапка өтүп келдик.





Туткун кыргыздарга кол сунуу

Кожоке Мамбеталиев немис армиясында кызмат өтөп жүрүп, далай кыргыз туткундарын куткарганын да эскере кетти:

- Мен ошол туткунда жургөндө офицер наамына жеттим да. Алдыма машине беришти, туткундарды чогултчумун да. Ошондо көп туткундарды чыгардым. Бир күнү атчан эки немис офицер менен кетип баратсам бирөө “Кожоке” дейт. Жаагың сын деп карасам айылдашым Төлөн экен. Анан немистер кеткенден кийин колбаса алып барып, Төлөн, мени бул жерден Кожоке дебе, ушул жерде жан сактап тур, 15-20 күндөн кийин чыгарам дедим. Анан Бекиш, Жумалы,Курманбек, Ашым деген айылдаштарымды, Көлдүн, Жалал-Абаттын балдарын туткундан качырдым. Алардын көзү өтүп кетти, мен кудайга шүгүр, азыр да жүрөм... Казак, өзбек жигиттерин да туткундан чыгарган учурлар да болду.





Кожоке карыя батышта жүргөн кезинде айтылуу Азамат Алтай менен да бирге жүргөнүн эскерип өттү:

- Азамат Алтай жеткен билимдүү жигит болчу. Кыргыздын жери, эли деп жүрүп өттү кайран жигит.Өзүнүн аты Кожомберди эле, ошентип аны менен да бир аз иштешип калгам.

Кожоке карыянын өмүрүндөгү кыйын учурлар согуштун аякташы менен эле бүтүп калбаптыр. Согуш бүткөн соң туткунда немистерге кызмат кылганы билинип, 25 жылга сүргүнгө айдалган. Сибирде карагай жыгып 5 жыл жүргөн. Кийин Сталин өлгөндөн кийин Советтер Союзундагы көпчүлүк туткундар сыяктуу акталган.