Өзбекстандын лидери Кыргызстанда

"Манас" аба майданынан Улуттук гвардиянын ардак кароолунун коштоосунда өзбек президенти жана анын жубайы Зироатхан Мирзиёеваны кыргыз лидери жубайы Раиса Атамбаева менен бирге тосуп алышты.

"Манас" аба майданынан Улуттук гвардиянын ардак кароолунун коштоосунда өзбек президенти жана анын жубайы Зироатхан Мирзиёеваны кыргыз лидери жубайы Раиса Атамбаева менен бирге тосуп алышты.

Мирзиёевдин сапары учурунда ортодогу мамлекеттик чек ара боюнча өткөөл келишим түзүлөөрү алдын ала расмий кабарланган.

Эки тараптуу кызматташуу, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу ж.б. боюнча бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Бишкек менен Ташкенттин ортосундагы бир канча жылдай сууп турган мамиле Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин, 2016-жылдын соңунан тарта жакшы нукка түшө баштаган.

Коңшу республиканын башчысы акыркы жолу Кыргызстанга 17 жыл мурда келген: мурдагы президент, маркум Ислам Каримов расмий сапар менен Бишкекте 2000-жылы болгон.

Эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1993-жылдын 16-февралында башталган. Андан бери эки тараптуу 130га жакын келишим, макулдашууга кол коюлду.

Эки мамлекет ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. Анын 320 чакырымы тактала элек, башкача айтканда, талаштуу 58 аймак бар.

Бүгүн Бишкекке мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев келди.