Мансур: Өзбекстанда радикал агымдар азайды

Абдулазиз Мансур

Өзбекстан 1990-жылдан 2005-жылга чейин татаал диний абалды башынан өткөргөн. Акыркы мезгилде диний жаатта кырдаал бул өлкөдө бир калыпка түшкөндөй сезилет. Бирок чыны менен эле ушундайбы?

Бишкекте өткөн Борбор Азия аалымдарынын форумуна келген Өзбекстан мусулмандары диний башкармалыгынын муфтийинин орун басары Абдулазиз Мансур ушул жана башка суроолор боюнча “Азаттыкка” маек курду.

Белгилүү аалым учурунда Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун диний маселелер боюнча кеңешчиси болуп да иштеген.

Абдулазиз Мансур: Өзбекстан мусулмандар диний башкармалыгына 10 орто исламий билим берүүчү окуу жай жана Ташкент ислам институту карайт. Бул мекемелерде имам хатиптер, дин кызматкерлери даярдалат. Мындан сырткары Ташкент ислам университети ачылган, бирок ал Диний башкармалыкка эмес, өкмөткө, министрлер кабинетине караштуу.

Диний башкармалык 2000ден ашуун мечиттин ишин көзөмөлдөйт. Бул мечиттердеги имам хатиптер аркылуу исламдын буйруктары элге жеткирилип турат. Биз имамдарыбызга мечиттерде жума намаздарында окулуучу хутбаларды жана баяндарды даярдап берип турабыз. Ошондой эле исламга арналган “Ислам нуру” гезитин жана “Хидаят” деп аталган журналды чыгарып келүүдөбүз.

Диний башкармалыкта онго жакын бөлүм иш алып барат. Мындан сырткары Самаркандда “Имам Бухари” деп аталган борбордо имамдардын билим деңгээлин жогорулатуучу эки айлык курс бар.

“Азаттык”: Дин кызматкерлеринин, мечиттеги имам хатиптердин айлыктарын ким берет? Мисалы, Кыргызстанда имамдарга мамлекет айлык төлөш керек деген маселе талкууланып келатат.

Ташкенттеги мечит

Абдулазиз Мансур: Буга ар бир мечиттин өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү бар. Имам хатиптердин айлыгын жана мечиттин башка кызматкерлеринин чыгымдарын, мечитти оңдоп-түзөөнү мечиттин жамааты өздөрү көтөрөт. Керек болсо кээде Диний башкармалыкка да акча бөлгөн учурлары болот. Мечиттерибиздеги абал аябай жакшы. Диний башкармалыкта мечиттерди текшерип, көзөмөлдөөчү комиссия бар.

“Азаттык”: Сиздерде, мисалы Аалымдар кеңешинин аткарган вазийпасы кандай?

Абдулазиз Мансур: Имамдардын колдоосун тапкан, курамы 40 кишиден турган Аалымдар кеңеши бар. Кеңештин мүчөлөрү өмүр бою шайланат жана улгайгандардын, көз жумгандардын жана ден соолугуна байланыштуу кеңеште иштөө мүмкүнчүлүгү болбой калгандардын ордуна жаңы мүчөлөрдү Аалымдар кеңеши добуш берүү аркылуу шайлайт. Кеңеш ар айда жыйналып, маанилүү маселелерди карайт, фатваларды чыгарат. Ал фатвалар мечиттерде элге таркатылат.

“Азаттык”: Ал эми Өзбекстан мусулмандар диний башкармалыгынын жетекчисин, башкача айтканда муфтийди ким, кандай жол менен, канча убакытка шайлайт? Кыргызстанда муфтийди, мисалы курултай шайлап келатат?

Абдулазиз Мансур: Диний башкармалыктын жетекчисин Аалымдар кеңеши 5 жылга шайлайт. Жаңы жетекчини шайлоодо талапкерлерге добуш берилет. Мурда курултай шайлачу. Бирок курултайга келген адамдардын деңгээли төмөн болуп, кимди шайлаарын жакшы билчү эмес. Муфтийликке талапкер болгондорду да таанычу эмес. Аалымдар кеңеши талапкерлерди жакшы билгендиктен жана тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгондуктан бизде азыр муфтийди Аалымдар кеңеши шайлайт.

Азыркы азирети муфтийибиз Усманхан Алимов эки жолу, 2006 жана 2011-жылы шайланды. Диний башкармалыкта жетекчи болуп иштегенине 9 жыл болот жакында. Ал илимдүү, билимдүү киши. Бизде муфтий шайланаарда талапкерлер ар тараптан текшерилет. Өзбекстанда 12 облус болсо ошол аймактардын аалымдары өздөрүнөн муфтийликке талапкер болгон кишилерди жакшы билишет.

“Азаттык”: Азыркы учурда Өзбекстан муфтияты кайсы жамаат жана агымдарды Өзбекстандын коопсуздугу үчүн коркунучтуу деп эсептейт?

Тыюу салынган "Хизб ут-тахрир" диний уюмунун митинги. Крым

Абдулазиз Мансур: Коркунучтуу, радикал жамааттар мурда болгон. 1989-жылдан баштап Өзбекстанда вахабилик агымы күч алган эле. Алар Сауд Арабиядан мечит салабыз, медреселерге жардам беребиз, бекер китеп таратабыз деп келишкен. Ошентип, мечиттерге килем салышып, китептерди белеке беришкен. Алгач биз аларды билген эмеспиз. Бирок кийин мечиттерди куруп анан элди ар кандай нерселерге чакыра баштаганда ханбалий мазхабы менен биздин эл тутунган ханафий мазхабынын ортосунда, эл арасында карама-каршылык пайда болду. Андан кийин Диний башкармалык, өкмөт алардын бекер жардамынан, Ибн Таймиянын, Абдул Ваххабдын китептеринен баш тартты. Өзбекстанда иш алып барып жаткан андай агымдар, анын ичинде өз убагында таасирдүү болуп кеткен “Акроми”, “Хизб ут-Тахрир” сыяктуу агымдар азыр жок.

“Азаттык”: Жакында Сирияда, Иракта “Ислам мамлекети” делген уюм пайда болбодубу. Ал уюмдун иш-аракетине карата Өзбекстан муфтиятынын көз карашы кандай болуп жатат?

Абдулазиз Мансур: Ал исламга каршы уюм экенин өзү далилдеди. Адамдарды кырганы, аялдарды зордуктаганы алардын ким экенин көрсөтүүдө. Кылган иштери менен исламга карата жийиркенүүнү пайда кылууда. Дүйнө жүзүндөгү 120дан ашуун ислам аалымы буларды сындап, билдирүү таркатты. Бизде да аларга каршы китептер жазылып, журналдар чыгарылууда.

“Азаттык”: Бирок Өзбекстандан “Ислам мамлекети” радикал уюмуна кошулабыз деп кеткендер да жок эмес экени белгилүү ?

"Ислам мамлекети" уюмунун согушкерлери

Абдулазиз Мансур: Ооба, бар. Бирок алар Өзбекстандан кетишкен жок. Орусияга жумуш издеп барып, ал жакта иштеп жүрүп, анан Сирияга кеткендер. Андайлардын саны азыркы учурда 200дүн айланасында деп айтылууда. Ал эми барып келген эки-үчөө бар экен, алар да кармалышты. Бирок азыркы учурда жаштарды интернет аркылуу азгыруу күч алууда.

“Азаттык”: Өзбекстан менен Кыргызстандын муфтиятынын мамилеси кандай? Диний радикализм, коопсуздук маселеси курч болуп турганда кызматташтык канчалык зарыл?

Абдулазиз Мансур: Кошуна беш мамлекеттин барынын тең диний башкармалыктары, муфтияттары, казыяттары бар. Биз бул башкармалыктар арасында тыгыз кызматташуунун болуусун каалайт элек. Мисалы, Совет доорунда баарыбыз бир диний башкармалыка ээ болуп, чогуу иштегенбиз. Бирок азыркы учурда диний маселелерде, аалымдардын өз ара мамилесинде, фатва чыгарууда кызматташуубуз абзел. Бизди бул жака жиберип жатышканда эки тараптын мамилесин бекемдөө боюнча тапшырмаларды беришкен.