Бишкек-Ташкент: жаңы саясаттын үзүрү

Кыргыз-өзбек чек арасы

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы тактала элек 58 участоктун кырк тогузу боюнча өкмөттөр аралык жумушчу топтун деңгээлинде макулдашуу болду.

Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтына билдирүү чыкты. Кыргыз өкмөтү расмий сайтында чек араны тактоо боюнча жумушчу топтордун жолугушуусунда бир катар участоктордун тизмеси макулдашылганын ырастап, бирок алардын так санын көрсөткөн эмес.

“Муз” ордунан козголдубу?

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара тилкеси 1378 чакырымды түзөт. Анын ичинен 324 чакырымдагы 58 участокту тактоо макулдашыла элек болчу.

Быйыл Ошто жана Баткенде 22-октябрдан 31-октябрга чейин эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн чек араларды тактоо боюнча жумушчу топторунун жолугушуусу болуп өттү. Анда тараптар биргеликте чек ара тилкелерин кыдырып чыгып, 49 участок боюнча позицияларын макулдашкан. Буга чейин жумушчу топтордун жолугушуулары үзгүлтүккө учурап келген. Чек араларды тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын иши 2010-жылдан бери токтоп турган.

Чечилбес чек ара...

Чечилбес чек ара...

Кыргызстан менен Өзбекстан 1378 чакырым аралыкта чектешет. 320 чакырым чек ара тилкеси ушул кезге чейин такталбай келет.

Кыргызстандын өкмөт башчысынын кеңешчиси Токон Мамытов чек ара тактоодогу жылышты расмий Ташкенттин былтыртан берки жаңы ийкемдүү саясатынын үзүрү катары баалады:

- Чынын айтканда, 2015-жылдын аягында, Өзбекстандын мурдагы президенти тирүү кезде эле 2016-жылдан тарта коңшу мамлекеттер менен мамилени жакшыртуу, карым-катнаштын багытын өзгөртүү чечими кабыл алынган. Дипломатиялык, экономикалык жана гуманитардык багыттарда жаңы көз караш менен иш баштайбыз деген ой ошондо эле болгону бизге маалым. Анын алкагында чек ара, суу, соода жана транспорт маселелерин батыраак чечүүгө аракеттенүү багытын кармануу боюнча маселе көтөрүлгөн. Азыр мына ошону иш жүзүнө ашыруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Макулдашылган участоктордун тизмеси жашыруун

Кыргыз өкмөтүнүн расмий сайтында мамлекеттик чек араларды тактоодо бир катар участоктор боюнча позициялар макулдашылганы жарыяланды. Андагы макулдашылган участоктордун санын ырастоо максатында өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаров менен байланышуу аракетибизден майнап чыкпады. Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү дагы сайтка жарыяланган билдирүүнү таратуу менен гана чектелди. Мындан улам Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөр аралык жумушчу топторунун ортосундагы макулдашылган 49 участок негизинен кайсы чек ара тилкелеринде жайгашканы азырынча белгисиз.

Такталган жерлер боюнча дагы алар кетенчиктеп жаткан кайсы участоктор экени бизге белгилүү. Бирок алардын кайсылары ошол 49 участоктун тизмесине киргенин жумушчу топ ачык жарыялай элек.
Абдрахман Маматалиев

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев аталган участоктордун тизмеси жашыруун болуп жатканына токтолду:

- Азыр эми менде мына ошол макулдашылган участоктордун соңку тизмеси жок. Булар азыр анын бардыгы кайсыл участоктор экенин ачыкка чыгарбай жатышпайбы. Бирок мен такталган участоктордо да, тактала электеринде да кандай маселелер бар экенин билем. Такталган жерлер боюнча дагы алар кетенчиктеп жаткан кайсы участоктор экени бизге белгилүү. Бирок алардын кайсылары ошол 49 участоктун тизмесине киргенин жумушчу топ ачык жарыялай элек.

Буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы тактала элек тилке боюнча чек ара маселеси курчуган учурлар катталган.

Өзбекстан 2013-жылы жана 2016-жылы Аксынын Үңкүр-Тоосун өзүнүн ээлиги деп таап, куралдуу күчтөрүн киргизген. 2015-жылы Кыргызстандын өкмөтү Өзбекстан пайдаланып келген объектилерди кайтарып алуу боюнча токтом чыгарган. Мына ушундай маселелер эки ортодогу мамилени курчутуп, чек арадагы кырдаалга таасир этип келгени ырас.

​Кыргызстан-Өзбекстан: алынбай жаткан аласа

​Кыргызстан-Өзбекстан: алынбай жаткан аласа

Быйыл февраль айынан баштап Өзбекстандын пайдалануусунда болуп келген жыйырмага чукул объектини Кыргызстандын мамлекеттик менчигине өткөрүп алуу боюнча өкмөттүн токтому чыккан болчу.

Өкмөт башчысынын кеңешчиси Токон Мамытов макулдашылган чек ара тилкелери тууралуу маалыматтын ачыкка чыкпаганы боюнча мындай деди:

- Өкмөттүк жумушчу топтун мына ошону ачык жарыялабай турганы бир чети туура. Анткени азыр анын бардыгы толук макулдашуудан өтүп, кол койгонго жөнөтүлө элек. Толук чечим кабыл алынып, өкмөттөр аралык келишимге кол коюлгандан кийин гана мына ошолор тууралуу коомчулукка ачык айтса болот. Анан эми буга чейин тактала элек 62 участок аныкталган. Кийин ал 59 болгон. Азыркы учурда тактала элек 58 участоктун ичинен кырк тогузу макулдашылганы жана ага кайсылар киргени өкмөттөр бир чечимге келгенден кийин гана жарыяланат.

Талылуу маселелердин тагдыры эмне болору белгисиз

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев Өзбекстан менен чектеш чек ара сызыгынын 1095 чакырымы мурда эле макулдашылып, бирок эки тараптуу өкмөттүк комиссиянын деңгээлинде кол коюлбай келгенин белгиледи.

Абдрахман Маматалиев өзбек тарап мына ошол долбоорду кабыл алуудан баш тартып келгенин айтты:

- Жумушчу топтордун деңгээлинен өтүп, эки тараптуу комиссияда каралган мына ошол 1095 чакырым чек ара тилкеси боюнча долбоорду даярдап, аны кол коюуга берели деп, биз өзбек тарапка сунуш киргизгенбиз. Тилекке каршы, өзбек тарап 701 чакырым тилке боюнча гана даярдайлы деген сунуш менен чыкты. Биз “анда жанагы 394 чакырымды эмне кылабыз?” десек, так жооп болбоду. Ошондон кийин биз андан баш тартканбыз. Анан эми мына ошол такталган тилкелерде жана тактала элек жерлерде деле бир топ көйгөйлүү маселелер бар. Мисалы үчүн соңку жылдары курч коюлуп келе жаткан Аксыдагы Үңкүр-Тоо жана Ала-Букадагы Орто-Токой суу сактагычтары боюнча бир топ пикир келишпестиктер бар эле. Анан азыр кудай буюрса, мамиле жылый баштады. Мына ошол маселелердин бардыгын тез арада чечүү зарыл.

Ошентип жумушчу топтун деңгээлинде макулдашылган 49 участоктун тизмеси азыр сыр катары жашыруун кармалууда. Чек араларды тактоо боюнча эки тараптуу жумушчу топтордун иши быйыл августтан баштап кайра жанданган. Тараптар жыл аягына чейин дагы үч ирет жолугуша турганы билдирүүдө көрсөтүлгөн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.