Бул жолугушууда Шавкат Мирзиёев Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолу боюнча жумушчу топ иштей баштарын, анын биринчи жолугушуусу 25-декабрда Ташкентте өтө турганын айтты.
- 25-декабрда эксперттер жолугат. Сооронбай Жээнбеков менен бул маселени тездетүү боюнча сүйлөштүк. Траспорттук-логистикалык маселе боюнча автобустук каттамды ачууну, Ташкент-Бишкек эле эмес, Ташкент-Ош каттамын ачууну сүйлөштүк. Суроо-талап абдан жогору.
Бул маалыматты Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да ырастады.
Өзбек президенти Жээнбековду президент болуп шайланышы менен куттуктап, ийгилик каалады. Ошондой эле ал Кыргызстандын жетекчилери менен бир жылда жогорку деңгээлдеги үч жолу жолугушуу болгонун, бул элдин колдоосуна татыган тарыхый учур болуп жатканын кошумчалады.
Жолугушууда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси Өзбекстанда белгиленери белгилүү болду.
“Айтматов дүйнөнүн жараны, Кыргызстандын сыймыгы, биз аны менен сыймыктанабыз” деген Мирзиёев, Өзбекстанда жазуучунун китебин окубаган үй жок экенин айтты.
Расмий сапар учурунда чек ара маселеси боюнча сүйлөшүү болору, бирок бул багытта документтерге кол коюлбасы маалымдалган эле.
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев бул маселеге токтолуп, “Чек арадагы талаштуу маселелер боюнча биз алдыга жылдык деп ойлойм”, - деп билдирди:
- Албетте президенттин эрки керек болгон маселелер бар. Менимче, ал бизде бар. Биз бир жылда чек аранын 85 пайызын аныктап койдук. Бул башталышы гана. Акырындык менен чечебиз. Биз эл эмнени кааласа, ошону кылып жатабыз. Алар бардык жакшы нерсени эртең эмес бүгүн көргүсү келип жатат”, - деди Мирзиеёв.
Өз кезегинде кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Өзбекстанга чакырып, жылуу кабыл алганы үчүн Мирзиёевге ыраазычылык билдирип, экс-президент Алмазбек Атамбаев ыйгарган “Данакер” орденин тапшырды.
Сооронбай Жээнбеков 2017-жыл кыргыз-өзбек алакасы үчүн тарыхый жыл болду деп белгиледи:
- Биздин өлкөлөр ортосунда чек ара боюнча келишимге кол коюлду. Бул чоң жетишкендик. Айрым чек ара пункттардагы чектөөлөрдү алып салуу биздин элдер үчүн чоң кубаныч болду. Өзгөчө чек арада жашагандар муну көзүнө жаш алып кабыл алышты. Аларда башка чек аралар да ачылат деген үмүт чоң. Бүгүн да бул маселелер боюнча көп талкуулар болду. Сиз белгилегендей, биздин чек аралар мурдагыдай эмес, достуктун жана жакшы коңшулуктун чек арасы болуп калды.
Президент буга улай кыргыз эли менен менен өзбек элинин келечеги бир экенине токтолду.
- Биздин бир тууган элде келишпөөчүлүк болбошу керек. Биз бүткүл дүйнөгө миң жылдап кошуна жашап келген кыргыз менен өзбектин даңктуу жалпы тарыхы болгонун жана жаркын келечеги да бир экенин далилдедик.
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасынын 85 пайызы такталган. Калган 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган.
Кайсы документтерге кол коюлду?
Президенттердин жолугушуусунун соңунда бир катар документтерге кол коюлду. Алар:
- Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн 2018-2021-жылдары экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыгы боюнча программа;
- Эки өлкөнүн Улуттук илимдер академияларынын илим-техникалык кызматташтыгы;
- Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги менен Өзбекстан жаштар бирлигинин төрагасынын өз ара түшүнүшүү боюнча меморандуму;
- Кыргызстан менен Өзбекстандын профсоюздар федерациясынын президенттеринин кызматташуу боюнча макулдашуусу;
- Кыргызстан менен Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлеринин 2018-жылы кызматташуусу боюнча келишим;
- Мамлекеттик бажы кызматы менен Өзбекстандын бажы комитетинин жеңилдетилген бажы коридорун түзүү боюнча макулдашуу.
Жээнбеков расмий иш-сапарынын алкагында эртең, 14-декабрда премьер-министр Абдулла Арипов, парламент спикери менен жолугат.
Бүгүн түштөн кийин Ташкентке барган Жээнбековду аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов салтанаттуу тосуп алган.
Президент Ташкентте Мустакиллик аянтында Гуманизм жана көз карандысыздык монументине, мурдагы өзбек лидери, маркум Ислам Каримовдун эстелигине гүл койду.
Бул Сооронбай Жээнбековдун президент катары чет өлкөгө жасаган биринчи расмий сапары. Ал буга чейин жумушчу сапар менен Орусияда жана Беларуста болгон.
Советтер союзунун курамына кирген Кыргызстан менен Өзбекстандын эгемен мамлекеттер катары дипломатиялык алакасы 1993-жылдын 16-февралында түзүлгөн. Ошондон бери эки мамлекеттин ортосунда кызматташтыктын бардык багыттарын камтыган 170тен ашык келишимге жана макулдашууларга кол коюлган экен. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстан БУУ, КМШ, ШКУ, ИКУ сыяктуу эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында да кызматташып келе жатат.
Кыргыз бийликтеринин айтымында, 2017-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 231,1 млн доллар болгон. Бул былтыркы жылдын ушул маалына караганда 1,6 пайызга көп. Бирок Ташкенттеги жолугушууда тараптар мүмкүнчүлүктөр толук пайдаланылбай жатканын белгилешти.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.