«Энелер — тынчтык элчиси» деген аталыш менен эки өлкөнүн биргелешкен иш-чарасы 29-апрелде башталган. Форум Анжиян менен Жалал-Абад облустарынын ишкерлеринин ортосунда тажрыйба алмашуу жана өз ара кызматташуу максатын көздөйт.
Жалал-Абад шаарындагы Барпы театрынын алдындагы аянт бул күнү кыргыз-өзбек ишкер аялдары даярдап чыгарган өндүрүмгө толду.
Шахлохан Салиева - Анжиян облустук кол өнөрчүлүк бирикмесинин башчысы. Ал жетектеген жамаат 14 түрдүү кол өнөрчүлүк буюмдарын алып келген. Маектешибиз форумдун алкагында жыгач устачылык боюнча кыргыз ишкерлери менен кызматташтык багытында келишим түзүлгөнүн айтты.
«Жалал-Абад чөлкөмүнө биз жыгач усталар жасаган үй эмеректерин, домбраларды, сувенирлерди, колго тигилген куурчактарды, топуларды алып келдик. Кыргыз коомчулугу биздин чеберлердин буюмдарына кызыгып жатат. Биз Анжиян менен Жалал-Абаддын кол өнөрчүлөрүнүн ортосунда байланыш түзүп, соода жүгүртүү максатында чогуу иштешсек дейбиз. Анткени кыргыз-өзбек кол өнөрчүлөрү жасаган буюмдар дээрлик окшош. Эртең менен келгенден тартып өзүбүздүн акча менен эсептегенде 8 млн. сомдук соода кылдык».
Маалыматтарга ылайык, 2017-жылы өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин кол өнөрчүлүктү кеңири жайылтуу жана ар тараптан колдоо багытындагы буйругуна ылайык бул тармакта иштеген усталар, чеберлер жана зергерлер 14 түрдүү кол өнөрчүлүк буюмдарын сатууда киреше салыгынан бошотулган. Шахлохан Салиева бул жеңилдик Өзбекстанда кол өнөрчүлүктүн кеңири жайылышына шарт түзгөнүн белгилейт.
«Биз бул жерде өзүбүздүн улуттук кол өнөрчүлүгүбүздү тартуулоо менен бирге колдо жасалган буюмдарыбызды алып келдик, - деп сөзүн улантты ал. - Мисалы, Анжиян облусунда президенттин буйругуна чейин 900гө жакын кол өнөрчү болсо, учурда алардын саны 3,5 миңге чукулдады. Демек бул тармак өнүгүп баратат десек болот. Форумда жыгач усталар кыргыз ишкерлери менен бирге бир топ келишимдерге келишти. Буюрса, аласа-бересе кылганга жакшы шарт түзүлүп жатат десек болот».
Анжияндын Боз районунда быйыл жаңыдан ачылган тигүү цехи да форумдун катышуучусу болду. Ишкананын жетекчиси Ранохан Ахмедова жалалабаддык тургундарга байпактар менен мээлейлерди сунуш кылды. Тажикстанга өз өндүрүмүн экспорттоп жаткан мекеме Кыргызстанда да ишкерлигин жайылтуу планы бар.
«Биз кыргызстандык ишкерлер менен соода жаатында кызматташкыбыз келет, - дейт мейман. - Жармаңкеге байпактарды жана курулушта иштетүүчү мээлейлерди ала келгенбиз. Таза кездемеден жасалган байпактар бизге салыштырмалуу силерде эки эсе кымбат экен. Ала келген товарлардын дээрлик баарын сатып бүтүп калдык. Кыргыз ишкерлери же соодагерлери менен келишим түзүп, иштешсек болот экен».
Ташкент шаарынан жана Анжиян облусунан чогулган 50дөн ашык ишкерден турган делегацияны Анжиян облусунун губернаторунун орун басары Манзура Юнусова жетектеп келген. 29-апрелде жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өзбек делегациясын «Маданият» чек ара өткөрмө бекетинен тосуп алышкан. Андан соң Жалал-Абад мамлекеттик университетинде эки тараптуу жолугушуулар уюштурулган. 30-апрелде болсо орто жана жеңил өнөр жай өндүрүмүнүн жармаңкеси, эки элдин улуттук кийимдеринин жарашык көргөзмөсү жана маданият кызматкерлеринин концерти өттү.
Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мамасалы Акматов буларга токтолду:
«2017-жылы Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан атайын делегация болуп Анжиян облусуна барып келгенбиз. Жакында эле Ала-Бука районунан да ишкерлер Касан-Сай районунда өткөн достук форумуна катышып кайтышты. Буюрса, эки элдин ортосундагы мамиле оңолуп барат десек болот. Жалал-Абадга негизинен Ташкент менен Анжиянда аялдар иштеткен ишканалардын өндүрүмү алынып келген. «Энелер - тынчтык элчиси» аттуу форум да аялдар аркылуу ишкерликти жана биримдикти чыңдасак деген максатты көздөйт».
Расмий маалыматтарга караганда, былтыр коңшу өлкө Кыргызстанга 348 млн. долларлык товар жиберсе, Кыргызстан Өзбекстанга 125 млн. долларлык өндүрүм экспорттогон. Адатта кыргыз ишкерлери суу май, тамак-аш, азыктардан сырткары Өзбекстанга цемент, таш, гипс өңдүү материалдарды, металл, пластмасса, резина, жыгач, тери жана текстил өнүмдөрүн да сатышат.
Чаткал районунда бир топ жылдардан бери «Бийсинай» кооперативин түзүп, жетектеп келаткан ишкер Баискан Көчөрбаева форум кызматташтыкты бекемдей турганына ишенерин айтты:
«Мен буга чейин өз буюмдарым менен Өзбекстанга үч жолу көргөзмөгө катышып келдим. Биздин колдо тигилген улуттук кийим-кечек, буюмдарыбызга аларда болгон талап да жакшы. Акыркы жылдары мен келишим менен өзбектерден жибек материалын сатып алып жатам. Аларда жибек куртун өстүрүү жакшы жолго коюлгандыктан негизги чийкизатты ошол жактан алып келебиз. Кооперативде тигилген улуттук чапандарды, баш кийимдерди өзбек туугандар кызыгуу менен алышат. Азыр да жармаңкеде өздөрү соода кылып, кайра менден келип кемселдерди, чапандарды сатып алып жатышат. Мен да башка өзбек кол өнөрчүлөрү менен сүйлөшөйүн деп жатам».
Эки күндүк форумду Сузак районундагы "Пари" коомдук фонду өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен чогуу уюштурган. Фонддун жетекчиси Фарида Умурзакова иш-чара ташкенттик ишкер аялдардын өтүнүчү менен уюштурулганын айтты:
«Үч ай мурда Ташкент шаарындагы Президенттик академияда өзбек ишкер аялдары менен бирге окууда болдук. Ошол кезде Ташкент шаарындагы Ишкер аялдар биримдиги ушул иш-чараны бул жакта өткөрүүнү өтүнүшкөн болчу. Менин бул демилгемди Жалал-Абаддын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү колдоп, биргелешип өткөрүп алдык. Натыйжада ондон ашык ишкер келишимдерге кол коюшту. Биздин фонд 2001-жылдан бери жаштар менен аялдарды кыска мөөнөттүү окуу курстарына окутуп, жумуш менен камсыздоо максатында иштейт. Биз форумда Ташкент шаарындагы белгилүү "Машхура" окуу борбору менен кызматташуу тууралуу макулдаштык. Быйыл 28-июлда алар биздин ишкерлерди Анжиянга форумга чакырып жатат».
Ошону менен катар коңшу өлкөнүн жарандары көпчүлүк учурда тууган-тааныштарына каттап, той-аштарга келип-кетип жатканы, өзбекстандык соодагерлер базарларда, дыйкандар айыл чарба тармагында, усталар эмерек жасаган ишканаларда, курулуш бизнесинде кызуу иштеп жатканы маалым.
Дагы караңыз Кыргызстандын экспорту кедерине кеттиСузактагы «Тилек» дыйкан чарбасынын жетекчиси Бекболот Ибрагимов быйыл Анжиян жана Фергана облустарына 30 млн. долларлык органикалык жер семирткич экспорттоого келишим түзгөнүн билдирет.
«Кыргызстанда органикалык жер семирткичтерге жакшы маани берилбей жатат. Жакында Өзбекстанга барып, ишкерлер менен жолугушуп келдик. Анда биз быйыл Анжиян жана Фергана облустарына 100 миң тонна органикалык жер семирткич жеткирүүгө келишим түздүк. Алардан биздин чарба 25 млн. долларлык 45 түрдүү жашылча-жемиш жана кургатылган мөмөлөрдү импортко алат. Көк-Жаңгак шаарындагы көмүр шахтасынан калган тегин кол менен элеп, каптарга салып органикалык жер семирткич катары пайдаланып жатабыз. Азыр бул тармак Өзбекстанда кеңири жайылып, жогорку технология менен жер семирткичтерди даярдап жатат. Мен бул багытта бийликке жардам сурап бир топ жолу кайрылганым менен көңүл бурбай коюшту. Жеңилдетилген насыя да ала албай койдум».
Расмий маалыматтарга караганда, 2018-жылы Кыргызстандын чек арасы аркылуу Өзбекстандан 2,6 миллиондон ашык адам кирген. Ал эми Өзбекстанга 1 миллиондон ашык кыргызстандык кирип чыккан.
Жалалабаддык ишкерлер жакынкы күндөрү Анжиян облусуна да жергиликтүү бийлик менен бирге форумга барары пландалып жатат.