Темир жолго үмүт арткан ишкерлер

Кыргыз темир жолу.

Кыргызстандык ишкерлер өлкөнүн түштүгүнө темир жол аркылуу жүк ташыгысы келет. Алар Өзбекстан аркылуу өтүүчү жүккө транзиттик бааны арзандатып берүүсүн өкмөттөн суранышууда. Кыргыз темир жол башкармалыгы бул маселе боюнча өзбек өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады.

Бишкек-Ош жолундагы азап

Кыргызстандын түндүгүнөн түштүгүнө же түштүгүнөн түндүгүнө жүктү темир жол аркылуу ташууну жандантуу боюнча ишкерлер былтыр декабрда эле демилге көтөрүшкөн.

Бул маселе кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков Ташкентке расмий иш сапары менен барганда да кыргыз-өзбек ишкерлер форумунда козголгон.

Жалалабаддык жеке ишкер Бейшенбек Бегматовдун айтуусунда, маселе чечилсе ишкерлердин түйшүгү кыйла жеңилдемек:

Бишкек-Ош жолун жакшы билесиздер, тоолуу, аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша түрдүү чукул кырдаалдар көп болот. Ошондуктан бизге Өзбекстан да транзит баасын төмөндөтүп берсе жакшы болмок.

- Казакстан 1-декабрдан тартып өз аймагы аркылуу өтүүчү темир жол транзитине бирдиктүү баа коюп, жеңилдетип берген. Биз Өзбекстандын бийлигинен да ошону сурандык эле. Анткени учурда Орусия менен Казакстандан келген жүктүн баары Бишкекке же Кара-Балтага келип түшүп, андан ары автоунаа менен түштүк тарапка ташылып жатат. Жазында жашылча-жемиш бышкан кезден тартып биз да Орусия менен Казакстанга жүктү автоунаа менен ташууга аргасызбыз. Биздин Бишкек-Ош жолун жакшы билесиздер, тоолуу, аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша түрдүү чукул кырдаалдар көп болот. Ошондуктан бизге Өзбекстан да транзит баасын төмөндөтүп берсе жакшы болмок.

Жаңы жылдын алдында тоолуу аймактарга калың жааган кардан улам Бишкек-Ош жолунда унаа тыгыны пайда болгон. Тыгынды азайтуу жана жолдогу коопсуздукту сактоо максатында Транспорт жана жол министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө салган. Натыйжада ишкерлер жаңы жылдык майрамды утурлай сатыкка жиберилген жашылча-жемиш, мөмө-чөмөнү үшүк алганын айтышты.

Кыргызстандагы Жаш ишкерлер ассоциациясынын төрагасы Темирбек Ажыкулов кыргыз өкмөтү экспортту өнүктүрүүнү, ишкерлерге колдоо көрсөтүүнү көздөсө, бул маселени чечүүгө аракет кылышы керек деп эсептейт:

Темирбек Ажыкулов.

- Өзбекстан тарап темир жол аркылуу жүк ташууда транзит баасын кымбаттатып эле тим болбой, жүктөрдү өткөрбөй, чыгарбай кыйнаган учурлары болгон. Эми эки өлкөнүн өкмөттөрү бул маселе боюнча сүйлөшө турган болсо, ошондой бут тосуулар болбошуна да кепилдик сурашы керек. Эгер бул ишке ашып калса, тышкы дүйнөгө товар экспорттоо да жеңилдемек. 700-800 чакырым тоолуу жолду басып өтүп, андан кийин Казакстанга, Орусияга темир жол менен ташыбай, түз эле ошол жактарга ташууга мүмкүнчүлүк ачылмак. Мисалы, бизден сары таш менен мраморду Оштон автоунаа менен ташып келип, Казакстанга темир жол аркылуу алып кетип кыйналмай да жок болмок.

Жашылча-жемиш жана башка товардан тышкары, өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө күн сайын жүздөгөн тонна күйүүчү май ташылат. Кеминде 30-40 тонна күйүүчү май чиркеген автоунаалар Бишкектен Жалал-Абад, Ош, Баткенге чейинки аралыкты бир нече сааттан тартып, кээде бир нече күнгө чейинки убакта басып өтүшөт.

Түштүк облустарга күйүүчү май ташуу - оор түйшүк

"Кыргыз темир жолу" башкармалыгынын маалыматы боюнча, Орусиянын “Омск” темир жол бекетинен Кыргызстандын “Кара-Балта” темир жол бекетине чейин 1 тонна күйүүчү май ташып келүү 2436,5 сом, андан ары “Кара-Балта” темир жол бекетинен Ош шаарына чейин автоунаа менен ташуу 2860 сом турат. Бул маалыматты "Нефтетрейдерлер ассоциациясы" да ырастады. Алардын маалыматы боюнча ай сайын Орусиядан Кыргызстанга 80 миң тоннага жакын күйүүчү май ташылып келсе, анын 40% түштүк аймактарга кетет. Ассоциациянын аткаруучу директору Улан Куловдун "Азаттык" радиосуна билдиргени боюнча, Өзбекстан темир жол транзитин арзандатып берсе, күйүүчү майды ташуу жеңилдеп, баасы да арзаныраак болмок:

Улан Кулов.

- Эки мамлекеттин мамилеси оңоло баштагандан кийин бул маселени көтөрүп өкмөткө кайрылганбыз. Бир вагон же 60 тонна күйүүчү майдын азыркы транзит акысы 2 миң доллар. Биз ошону "20% эле түшүрүп берсин" деп суранып жатабыз. Өзбекстан тарап арзандатып берсе, темир жол менен ташуу үнөмдүү болмок. Күйүүчү май ташыган компанияларга кыйла жеңил болмок. Азыр автоунаа менен ташыган учурда өлкөнүн түндүгүнөн түштүгүнө ташуу күйүүчү майдын 1 литрине 2,5-3 сомго туруп жатат.

Ушул тапта айына 30 миң тоннанын айланасындагы күйүүчү май Бишкек-Ош жолу аркылуу түштүк облустарга ташылууда. Күйүүчү май ташыган автоунаалар кабылган кырсыктар далай кездешет.

Мисалы, 13-январь күнү башкы магистралдагы Чычкан капчыгайында күйүүчү май ташыган унаа менен жеңил автомашина кагышып, жеңил унаадагы төрт жүргүнчү ошол жерден мүрт кеткен. 16-январь күнү ушул эле жолдогу Кара-Көл шаарында "DAF" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Натыйжада цистернадагы 37 тонна солярканын эки тоннасы төгүлгөн. Былтыр октябрь айында “Вольво” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган автоунаа менен “Хонда-Фит” жеңил машинеси кагылышып, жеңил автоунаадагы беш киши өрттөнүп кеткен. Мындай кырсыктар ӨКМ менен ИИМде көп катталган. Күйүүчү май ташыган унаалар оодарылып, тонналаган мазут, бензин же солярка жол боюндагы дарыяларга төгүлгөн учурлар да арбын.

Бишкек-Ош жолундагы кырсыктардын бири.

Тажикстанга транзит акысы азайды, Кыргызстан жооп күтөт

Өзбекстан былтыр Тажикстандын жүктөрү үчүн транзит акысын азайткан. Өзбек өкмөтүнүн 10-августтагы чечими менен Өзбекстан темир жолу аркылуу өткөн тажик жүктөрүнө транзит акы 30% арзандаган.

Кыргызстандын темир жол башкармалыгы ишкерлердин жана мунайчылардын өтүнүчү Өзбекстандын тиешелүү тармагы менен талкууланганын билдирүүдө. Башкармалыктын басма сөз катчысы Эркин Каимовдун "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда, маселе Өзбекстан аркылуу өтүүчү жүктүн көлөмүнө байланыштуу.

- "Кыргыз темир жолу" жана "Өзбек темир жолу" ишканаларынын жетекчилеринин Ташкент шаарында болгон жолугушуусунда Кыргызстандын түштүгүнө Өзбекстан аркылуу транзит менен жүк ташып келүүдө жеңилдиктерди берүү маселеси талкууланган. Бул боюнча эгерде Кыргызстан тарап белгилүү көлөмдө мунай жүктөрүн камсыз кылууга кепилдик берсе, анда Өзбекстан тарап жеңилдик берүү маселесин карап чыгууга даяр экенин билдирген. Учурда өзбек тараптын жообун күтүп жатабыз.

Өзбекстандын темир жолу.

2017-жылдын 6-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган мамлекет аралык протоколго ылайык Өзбекстан менен Кыргызстан бири-бирине өз аймагы аркылуу автоунаалардын транзит тартибинде эркин жүрүшүнө кепилдик берери айтылган. Ошондой эле документ боюнча кыргыз тарап Ташкент–Анжиян–Ош–Эркечтам–Кашкар багытында унаалардын жүрүшүнө жагымдуу шарт түзүүгө тийиш. Айрым адистер кыргыз бийлигин "Өзбекстан үчүн Кытайга карай жол ачып жаткан учурда эле Өзбекстан аркылуу темир жолдун ачылышын талап кылууга тийиш болчу" деп сындап жүрүшөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.