Ош-Анжиян аркылуу Кытайга жүк ташуу сунушталды

Иллюстрация

Өзбекстан Кыргызстанга Анжиян-Ош-Эркечтам-Кашкар жолун курууну сунуштап жатат.

Расмий Ташкент мындан беш жыл мурун эле долбоор даярдаганы жана жол курууга кеминде 40 миллион доллардай каражат керек деп эсептеп чыкканы маалым болду. Адистер унаа жол эки өлкөгө тең пайдалуу болоорун, бирок каржылоого байланыштуу маселелер чыгышы мүмкүндүгүн айтышат.

Анжиян-Ош-Эркечтам-Кашкар жолун куруу боюнча кыргыз-өзбек президенттери тиешелүү органдарга тапшырма берди. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 4-5-сентябрда Кыргызстанда мамлекеттик сапар менен болгондо билдирди:

- Биз Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу боюнча сүйлөштүк. Алмазбек Шаршенович экөөбүз бул темир жол курулганга чейин Анжиян-Ош-Эркечтам-Кашкар жолун куруу боюнча макулдаштык. Бул бизден Кытайга чейинки өтө кыска жол. Биз азыр Кытайга өзүбүздүн продукциябызды жеткирүү үчүн башка узун жолду колдонуп жатабыз. Саясий эрк бар. Алмазбек Шаршенович да, мен да тапшырма бердик.

Алмазбек Атамбаев жана Шавкат Мирзиёев, 5-сентябрь, 2017-жыл

"Азаттыктын" өзбек кызматы бул долбоорду иштеп чыгууга катышкан Ташкенттеги аткаминерлердин бири менен байланышты. Ал атын атабоону өтүнүп, айрым маалыматтарды берди. Маселен долбоорго кеминде 40 миллион доллар керек деп эсептелген жана ал каражатты Азия өнүктүрүү банкынан жеңилдетилген насыя катары алуу каралган. Анын ырасташынча, эгер долбоор ишке аша турган болсо Өзбекстандан Кытайга жүк жеткирүү кыйла арзандамакчы:

- Өзбекстан Кытайга жылына сегиз миллион тонна товар жөнөтөт. Бир тонна жүктүн чыгымы 65 доллар болот жана анын 50 доллары эле "Казак темир жолуна" төлөнөт. Эгер Анжияндан Ош аркылуу Кашкарга жүк ташуу башталса, анда жүк ташуунун баасы эле арзандабастан, өндүрүш жанданат, кошумча жумушчу орундар түзүлөт жана жүк ташуучу унаа жасап чыгаруунун көлөмү да көбөйөт.

Анжиян облустук акимчилик жол боюнча долбоорду мындан беш жыл мурун даярдаган, бирок өкмөткө былтыр жөнөткөн.

Кыргыз-кытай чек арасында Эркечтам өткөрмө бекети Оштон 240, ал эми Анжияндан 285 чакырым алыс. Эркечтам менен Кашкардын ортосундагы аралык болсо 250 чакырымды түзөт.

Кыргызстандык талдоочу Жумакадыр Акенеевдин пикиринде, жаңы жол курулбайт, азыркы жол, анын инфраструктурасы оңдолот. Акенеев бул унаа жол Кыргызстанга да кыйла пайдалуу болот деп эсептейт:

- Азыркы жолду оңдоп, анын төрт тилкелүү кылып кеңейтүү, 30 тоннага чейинки жүк ташыган унааларга ылайыкташтыруу тууралуу сөз болуп жатат. Мындай жол Кыргызстанга да абдан керек. Анткени Кыргызстандын тоолуу аймактарында кирген-чыккан жүктүн 95 пайызы унаа менен ташылат.

Темир жол курулушунун тагдыры арсар

Темир жол курулушунун тагдыры арсар

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды.

Айрым эксперттер бул жол эки өлкөнүн соода-алака катышын жакшыртууга да шарт түзөт дешет. Соңку жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 200 миллион доллардан ашкан эмес. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин билдиришинче, быйыл жыл башынан бери 60 пайызга көбөйдү жана жакынкы жылдары жарым миллиард долларга жеткирүү каралып жатат.

Кыргыз-өзбек президенттери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курулат деп ишендирип жатат. Бул долбоор соңку 20 жылдан бери эле талкууланып келет.

2002-жылы Кытай жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген жана анда 95 көпүрө, жалпы узундугу 50дөй чакырымга чамалаган 48 туннель салынышы керек болчу.

2012-жылы Кыргызстан темир жол боюнча өзүнүн долбоорун даярдаган. Ага ылайык, жол Торугарттан Ат-Башыга түшүп, андан Ак-Талааны аралап өтүп, Тогуз-Тородон Сузакка жетип, анан гана Өзбекстанга өтмөк. Кыргыз тараптын варианты боюнча жол узарып, 380 чакырым болмок. Бирок бийликтегилер тоолорду тешүү, көпүрө куруу кыйла азайгандыктан курулуш баасы арзан болот деп ишендиришкен эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.