АКШнын Силикон өрөөнүндө эмгектенген Абдылдаев

АКШда үч жылдан бери айтылуу Силикон өрөөнүндө иштеп жаткан медицина илимдеринин доктору Рысбек Абдылдаев “Азаттыкка” маек курду.
АКШда ушул тапта Кыргызстандын миңдеген жарандары жашайт. Арасында убактылуу билим алып, окуп жүргөндөрү бар, кайсы бир тармакта өз ордун таап иштеп, орун-очок алып жашап калгандары да бар. Океандын ары жагында мекендештерибиздин турмуш-тиричилиги, эмне менен алек болуп, кантип күн өткөрүп жатканы замандаштарга ар дайым кызык.

- АКШга кантип барып, ал жакта кантип иштеп калдыңыз?

- Мен онкология боюнча адисмин. Акыркы үч жылдан бери Калифорнияда Силикон өрөөнүндө биотехнологияда клиникалык изилдөөлөр боюнча программада жетекчи болуп иштеп жатам. Азыр дүйнөдө эмне жаңыдан ойлоп табылып жатса, рак оорусу гана эмес, башка катуу оорулар, жүрөк оорулары жана башкалар боюнча эмне табылып, жасалып, ойлор пайда болсо, ошонун баары Силикон өрөөнүндө ишке ашырылат.

Ошол өрөөндө эң чоң биотехнологиялык компаниялар бар. Жалпысынан алганда ал жерде бир триллион доллардан ашык байлыгы бар биотехнологиялык компаниялар эмгектенишет.

Экинчиси, анын жанындагы эле шаарда белгилүү интернет технология, Хайтек технологияларынын ээси, ошол эле Google, Yahoo дегендей бардыгы бар. Элестетип көрсөңүз, дүйнөдө ушунчалык өнүккөн, инновация жагынан алдыга кеткен башка штатты, башка жерди табыш кыйын. Ошол жерде жасалып жаткан иштер, азыркы инновациялык технологиялар Европага 15-20 жылда келиши мүмкүн. Жапониялыктар да келип, жаңылыктардын бардыгы ушул Американын Силикон өрөөнүндө жасаларын айтышат. Ал жерде 200гө чукул кыргыз жашайт.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



- Сиз совет мезгилинде, советтик духта тарбияланган муундун өкүлүсүз. Калыптанып калган киши башка системага туш болгондо өзгөрүүнү дароо сезсе керек. Ага көнүү да оңой болбосо керек. АКШ сиздин дүйнө таанымыңызды өзгөрттүбү? Кандай таасир этти?

- Биздин муун тарыхта абдан чоң сыноого кабылган муун экен. Биз бардык системаны көрдүк. Азыркы АКШдагы системаны бир сөз менен айта турган болсок, ал бүгүнкү күндө адамды бардык жагынан жакшылап коргой турган система. Ал жерде мыйзам иштейт. Мыйзам сизди коргойт жана мыйзам сиз үчүн бүт мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. Эгерде сиз мыйзам чегинде аракет кылсаңыз сөзсүз ийгиликке жетесиз.

Бул жерде ар кайсы улуттун өкүлдөрү бар. Америка - мигранттардын өлкөсү. Биз жашаган жерде 55-60 пайыз Азия улутундагылар жашайт. Азия улутундагылардын имиджи кыргыздарга да жакшы тийип, эмгекчил-ынтымактуу деген жакшы пикирди пайда кылат. Ал жерде университеттер абдан өнүккөн. Стенфорд, Беркли жана башка университеттер дүйнөдө биринчи орундарда турат.

- Келечекте Кыргызстанга кайтуу оюңуз барбы же АКШда эле калайын деп жатасызбы?

- Азырынча бизге жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп бергенден кийин иштеп жаткан ишибиз бизге жакшы болуп, өзүбүз ошого ыраазы болгондон кийин азыр кайтабыз деген ой жок. Мен башканы айткым келет. Мени жаштардын “келбейм” дегени, ошол жактагы кыргыз жаштарынын Кыргызстанга кайта турган көңүлүнүн жоктугу өкүндүрөт. Себеби алардын акылы, интеллектуалдык инвестициясы Кыргызстанга абдан керек эле. Бирок бул жакта аларды эч ким күтүп жаткан жок. Экономика, коом, элибиз даяр эмес.

Ошол эле учурда кыргыздын ошол жакта жүрүп, америкалык кыргыздардын көбөйгөнү Кыргызстандын аброю үчүн, эл аралык маанидеги бедели үчүн абдан керек. Бул абдан жакшы нерсе. Отуз жаштын тегерегиндеги көп профессор кыздарыбыз-балдарыбыз бар. Инвестициялык фонддо, технологияда, спортто, балетте, музыкада өзүн тапкан жаштар көп. Кыргызстандын маңызы, намыстана турган жаштары чет элде жүрүшөт.

- Рахмат.