АКШда акысыз билим алуунун жолу көп

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

14-октябрда АКШ элчилигинин демилгеси менен Борбор Азияда "АКШнын билим жармаңкеси" башталат. Анда Кошмо Штаттарынын коллеж, университеттерин өкүлдөрү келип, аймактагы жаштарга Америкада окуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берет. Кыргызстандагы АКШ элчилигинин билим берүү боюнча кеңешчиси Оливия Фей Стивенс "Азаттык" радиосунун угармандарына бул жармаңкенин максаты, ошондой эле АКШда окууга өтүш үчүн кандай даярдыктар керек экени тууралуу айтып берди.