Парламент уран казууну тыйган токтом чыгарды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жогорку Кеңеш 2-майдагы жыйынында Кыргызстандын аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алды. Буга адамдардын Ысык-Көлдөгү Кызыл-Омпол уран кенинин иштетилишине каршы тынымсыз митингдерди өткөрүп, уран казууга тыюу салуу боюнча койгон катуу талаптары себеп болду. Парламенттин жыйынында Кыргызстанда уран кенин чалгындоого баш-аягы 18 лицензия берилгени айтылды.