Музейде жашаган сүрөтчү
Пирамидалардын бири. Айнектен жасалган бул мейкиндикте үстүдө илинип турган хрусталдардын жардамы менен киши күндөн энергия алып, өзү менен өзү болуп, ойго чөмүлөт.
Музей Бишкектин четинде Орто-Сай айылында жайгашкан.
Музейдин ээси, сүрөтчү Алексей Скреплев.
Алгач бул жер сүрөтчүнүн дачасы болсо анан музейге айланып кеткен. Азыр бул жай сүрөтчүнүн үйү, устатканасы жана музей.
Музей "Улуу боштуктун музейи" ("Музей Великой пустоты") деп аталат.
Сүрөтчү чыгармачылыгы аркылуу адам баласы материализмдин "малайы" болбосун деген ойду түшүндүрүп келет.
Скреплевдун пикиринде, бүгүн Жердеги кишилердин көбү өзүнүн жашоосуна өзү кожоюн эмес.
Адамзат даярды эле ичип-жебей, өзүнө керектүү нерселерди жаратышы керек.
Сүрөтчү "Эгер баарыбыз эле ичип-жеп, даярды колдонуп жүрсөк, биз кантип өнүгөбүз?" - деген философиялык суроо узатат.
"Эгер адам баласы көбүрөөк өзү изденип, бир нерселерди ойлоп таап, чыгармачыл болсо, ошондо эркин болот".
Алексей Скреплев бул үй-музейде өзү жалгыз жашайт. Жубайы анын жашоо образына макул болбой кетип калган.
Сүрөтчү аялы, баласы менен үзбөй байланышып турат.
Бул музейге коноктор ар жекшемби сайын келет. Кирүү акысы - кызгылт сары же өзүнө жаккан өңдөгү бир чакмак сыр.
Коноктор төгөрөктүн төрт бурчунан келип турат.
Алексей Скреплев өз философиясын интернеттеги сайты аркылуу жайылтып, мүнөзү төп келишкен инсандар менен байланышып турат.
Жекшембиден башка күндөрү сүрөтчү чыгармачылыкка берилип, атайын пирамидаларды курат.
Сүрөтчү сүрөттөрдү заказга тартып, даярларын сатып пайда табат.
Сүрөтчүнүн пикиринде, адам баласы бара-бара жаратылыштан алыстап баратат.
Сүрөтчү бул кенемтени толтурууга күндөн кубат ала турган эки пирамида куруптур. Азыр болсо дагы бир чоң бөлмө даярдап жатыптыр.
Бул - экинчи пирамида. Ал эки бөлүктөн турат. Астына суу толтурулуп, ал аркылуу жаман ой, чарчоодон арылса болот. Үстү медитация үчүн жай.
Алексей Скреплевдун үй-музейине кызыккандар үчүн эшик дайыма ачык.