Март ыңкылабынын тарыхый сабагы

24-март, 2005-жыл.

Кыргызстандагы жеке басар бийликке каршы чыккан март ыңкылабына быйыл он жыл болду. Арадан ушунча убакыт өткөнү менен “жоогазын ыңкылабына” негиздүү баалар берилип, сабактары толук чечмеленип бүтө элек.

Калыс эмес шайлоо жараяндарынан, үй-бүлөлүк башкаруудан, бийликтин обочолонгон саясатынан жадаган эл 2005-жылдын жазында жер-жерлерде түп көтөрүлүп, 24-мартта борбордук бийликти кулаткан.

Акаевдин бийлигине каршы күрөшкө чыккандар март ыңкылабы бийликти кулаткан менен системаны өзгөртө албай калганын Бакиевдин бийлиги орногондон кийин түшүнүп, кайрадан жаңы күрөшкө аттанганы белгилүү. Ошентсе да коомчулукта март ыңкылабы элдин калыстыктан тайган бийликке каршы туруу, көзөмөлдөө кудуретин далилдеп, өлкөнүн демократиялык нукта өнүгүүсүнө жол чаап берди деген пикирлер арбын. Ал эми ыңкылаптардын башында турган Азимбек Бекназаров өңдүү саясатчылар эки ыңкылап тең элдин үмүтү менен ишенимин актоого кудуретсиз болду деген көз карашта калууда.

24-март, 2005-жыл.

Авторитардык бийликке каршы күрөш башталган 2000-жылдардан бери ат үстүндө келе жаткандардын дээрлик көпчүлүгү март ыңкылабын элдин акыйкат бийлик орнотуу максаттарын ишке ашыруунун бир баскычы деген көз карашка улам көбүрөөк ыктоодо. Муну он жылдыкка карата президент Алмазбек Атамбаев баштаган бийлик башчыларынын кайрылууларынан, билдирүүлөрүнөн таасын көрүүгө болот.

Акаевдин бийлик системасына каршы элдешкис күрөш жүргүзгөн, 24-март күнү кыска убакыт Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруучу жыйынынын төрагасы болуп, президенттин убактылуу милдетин аткарган Ишенбай Кадырбеков он жыл мурда Кыргызстанда төңкөрүш болгон деген тыянакка келди:

- Падышаны кетиргенден кийин төңкөрүш болуп калды. Себеби, Конституция өз ордунда калып, анын негизинде бийликти басып алуу болду. 7-апрелде ушул сабактарды эске алып, эл бийликти өзүнө алды дагы, референдум өткөрүп, Конституцияны да өзгөрттү. Бирок 24-март болбосо 7-апрель болмок эмес.

Ошентип, Ишенбай Кадырбеков коррупциялашкан авторитардык бийликке каршы күрөш эки баскычтан турду жана ал өз натыйжасын берди деп эсептейт. Саясатчынын ишениминде, эки баскычтан турган кыргыз ыңкылабынын сабактары кийинки бийлик башчыларын мурдагылардын бийликти бир колго топтоо, коррупция, кылмыштуу топтор менен камыр-жумур жашоо өңдүү катачылыктарын кайталоого жол бербейт.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Кубатбек Байболов эгемен Кыргызстандагы ыңкылаптарга улуттук аң-сезимдин өнүгүп жетиле электигинин көрсөткүчү катары карайт. Он жылдан кийин март ыңкылабын саясатчы минтип баалады:

- Экономикалык көрсөткүчпү, саясий, социалдык, адеп-ахлак көрсөткүчтөрүбү - динамика тескери болуп атпайбы. Күч менен бийлик алмаштыруу аркылуу эч кандай жыйынтыкка жете албайбыз деген бир гана сабакты берди.

Болот Жанузаков

Болот Жанузаков - Аскар Акаевдин ишенимдүү адамдарынын бири. Ал март ыңкылабын Кыргызстандагы бийликке чаңкаган ошол кездеги саясатчылардын абийиринде кала турган эң кайгылуу окуя дейт:

- Конституцияда бийликти кантип алса болот - ачык жазылып турат. Мыйзам бузулган жерде демократия жөнүндө сөз болушу мүмкүн эмес.

Анткен менен март ыңкылабына Конституция баштаган мыйзамдарды улам өз бийлигин бекемдөөгө ылайыктап, түзөтүп жүрүп отурган Аскар Акаевдин саясатына элдин чыдамсыз мамилеси алып келгендигин Аксы окуясынан тарта жер-жерлерде тынымсыз уланган “Акаев кетсин!” деген ураандын алдындагы нааразылык акциялары тастыктап турат.

Курманбек Бакиевдин жетегиндеги Кыргызстан элдик кыймылын коштогон эл 24-мартта Бишкек шаарынын туш-тарабынан борбордук аянтка агылып кирип, түш оой Акаев бийлигин кулатып, Ак үйдү ээлеген. Кечинде “абийир туткуну” Феликс Кулов түрмөдөн бошотулуп, Аскар Акаев үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен. Анда алдыда беш жылдан кийинки кан төгүүлөр менен коштолгон апрель ыңкылабы күтүп турганын эл да, саясий элита да элес алган эмес.