Кыргызстандагы жарандык коомдун ондон ашуун өкүлү Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына тынч пикетке чыгышты. Алар уюмдун баш катчысы Антониу Гутерреш менен жолугушат делген бейөкмөт уюмдун өкүлдөрүнүн тизмесинде болбой калганына нааразылыгын билдирип жатышат.
"Кылым шамы" укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова баш катчы менен жолугушчу адамдар да айтылбай жатканын белгиледи. Укук коргоочунун айтымында, баш катчы менен жолугушууда өлкөдөгү сот адилеттиги, сөз эркиндиги, бейөкмөт уюмдар, кыйноо маселелерин талкуулоону көздөп жатышкан.
- Сөзсүз эле баш катчы менен мен жолугушайын деп бул жерде турган жокмун. Кыргызстандагы укук бузуулар, массалык камоолор, саясий куугунтуктар, сөз эркиндигинин бузулушу, журналисттерге болгон куугунтуктар, кыйноолор, жабык соттор, анын артында журналисттерди катыштырбастан узак мөөнөткө, 28-30 жылга чейин камап жатышат. Ушулардын бардыгын жеткире ала тургандай кылып, бара турган адамдарга документтерди берип, "биз барбасак силер айткыла, көтөргүлө ушул маселелерди" деп айтмакпыз. Бизге ошонун баарын жаап коюп жатышат. Эң түшүнүксүз жери - БУУнун Кыргызстандагы өкүлү Тышкы иштер министрлигинин бир бөлүгүнө айлангандай пикир калтырып жатат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш Борбор Азияга сапарынын алкагында Бишкекке 11-июнда келет. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан соң Ош шаарына барып, июнь окуясынын жети жылдыгына арналган иш-чараларга катышат.
Алдын ала маалыматтарга караганда, баш катчынын бейөкмөт уюмдардын өкулдөрү менен жолугушуусу Ошто белгиленген. Бирок жарандык активист Рита Карасартова белгилүү укук коргоочуларды тизмеден чыгарып салууга кайдыгер карап жатат деп БУУнун Бишкектеги кеңсесине жана анын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесовго ишенбөөчүлүк билдирип жатышканын айтты.
- Биз БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө ишенбөөчүлүк көрсөтүп чыктык. Бүгүнкү күндө адам укуктары боюнча көп нормалар бузулуп жатат. Сотторго болгон укуктар чектелип, көп жагдайларда артка кетип жатабыз. Катуу, курч сүйлөгөн укук коргоочулардын баарын тизмеден чийип, "мына биздин жарандык коом" деп өздөрүнө керектүү кишилер менен жолуктуруп, көз боёмочулук кылганы жатышат. Буга жергиликтүү кеңсе бийликти катуу сындап жүргөн ушундай кишилер бар деп айтыш ыкерек болчу.
"Саясат издебегиле"
БУУнун Адам укуктары боюнча комиссариатынын Борбор Азия боюнча өкүлү Ришард Коменда баш катчы Антониу Гутерреш Кыргызстанга кыска убакытка келип жатканын, жолугушуулар көп экенин белгиледи. Ал жарандык коом өкүлдөрүнүн адам укуктары маселесин көтөрбөй калды деген сындарына макул болгон жок.
- Баш катчы Бишкекте болгону төрт эле саат болот. Ушунча убакыт Ошто болот. Ал эми жолугушуулары көп, программада абдан көп иш-чаралар каралган. Анын стили башка, башка түрдө жолугушууларды өткөрөт. Кыска убакытта көп нерсеге жетишкенге аракет кылып жатат. Мында эч кандай саясат жок. Президент менен жолугушат, Ошто программалар бар.
Адам укуктары боюнча айтылгандарды өкмөт угабы?
Адам укуктары боюнча айтылгандарды өкмөт угабы?
Адам укуктары боюнча кеңеш бийлик органдарына элүүгө чукул сунуш жөнөткөн. Кеңеш терроризмге каршы күрөшүү жаатында өкмөткө жети сунуш Берген.
Мындан соң пикетке чыккан укук коргоочуларды БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов кабыл алып, тизмени Кыргызстан бийлигине беришкенин айтты. Ал эми жарандык активисттер шек санап жаткан Тышкы иштер министрлиги тизме түзүүгө кийлигишпегенин айтууда.
Анткен менен Кыргызстанда адам укуктарынын корголушу кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу жакшы экенин билдиргендер жок эмес. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Айнуру Алтыбаева жарандык коом бардык маселелерди талкуулоого катышып жатканын билдирди.
- Башка мамлекеттерге караганда сөз эркиндиги, адам укуктары Кыргызстанда жакшы. Демократиянын өнүккөнү, Борбор Азияда мындай мамлекет жок. Каалаганын сүйлөп, каалаган бейөкмөт уюм БУУга, ЕККУга кайрыла алат. Алардын дагы мүмкүнчүлүгү бар. Кайсы мыйзам келбесин укуктук экспертиза өткөрөбүз, алардын укуктары да каралат. Бирок мамлекет, биз биринчи орунда өлкөнүн кызыкчылыгын коюшубуз керек.
Барандуу эл аралык уюмдун башчылары менен жарандык коомдун өкулдөрүнүн жолугушуусу үзгүлтүккө учураган бул биринчи көрүнүш эмес. 2010-жылы апрелдин башында БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мундун Кыргызстандагы сапарын уюштурган Тышкы иштер министрлиги баш катчы менен жергиликтүү укук коргоочулардын жолугушуусун караштырган эмес. Бул Пан Ги Мундун күн тартиби өтө тар болгону менен байланыштырылган. Анда да укук коргоочулар бийликке нааразылыгын билдирип, баш катчыга кайрылуу жолдошкон.