Уланбек улуттун абийирине айланды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаевге "Улут абийири" наамы ыйгарылды. Салижан Жигитов атындагы бул наамын ыйгаруу жана сыйлыгын тапшыруу аземине маркумдун жакындары, коомдук-саясий ишмерлер, маркумдун кесиптештери катышты. Интеллигенция өкүлдөрү бул сыйлык рухий жакырчылыкка батып турган кыргыз коомун адилеттикке чакырган татыктуу уулга берилгенин белгилешти.