Олжобай Шакир: Уланбек улуттун абийири болчу

Олжобай Шакир.

"Азаттыктын" журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев "Улут абийири" наамына ылайык деп табылды.

Бул сыйлыкты Интеллектуалдар альянсы негиздеген "Чеч-Дөбө" кеңеши ыйгарат. Сыйлыктын толук аталышы - Салижан Жигитов атындагы "Улут абийири" наамы. Сыйлыкты уюштургандардын бири журналист Олжобай Шакир Уланбекке ыйгарылып жаткан сыйлыктын мааниси жөнүндө "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Кесиптешибиз, маркум Уланбек Эгизбаевге Салижан Жигитов атындагы "Улут абийири" деген наам ыйгарылды. Бул сыйлык Уланбекке кандай негиздер менен берилди?

Олжобай Шакир: Сыйлыкты ыйгарыш үчүн кеңештин мүчөлөрү чогулуп сүйлөштүк. Учурда Уландай эч ким жарк этип көрүнгөн жок. Бир-эки талапкер эле болду. Бирок, алар Уландай адилеттүүлүк үчүн чыркырап, бир нерсенин артынан түшкөндөр эмес эле. Негизи сыйлык Уландай адамдарга тапшырылат. Былтыр Атамбаевдин басымына кабылып, доого жыгылган Нарын Айыпка берилген. Наам 2017-жылы алгачкы жолу тапшырылган болчу.

"Азаттык": “Чеч-Дөбө кеңешинин” мүчөлөрү Уланбектин кандай сапаттарын белгилешти? Ал журналистикадан тышкары мекенчил болгонун билебиз.

Олжобай Шакир: Ооба, Уландын журналистикалык иликтөөсү элдин жүрөгүнө терең жеткен экен. Маселен, былтыр добуш берүү менен тандалса, быйыл ачык эле талкууланды. Уландын аты аталганда эле башка талапкерлер атаандаш боло алган жок. Улан журналистикада кылычтын мизиндей курч, таамай фактылар менен иликтөө жасады. Килейген мамлекеттик машинага 28 жаштагы жигит каршылык көрсөтүп турду. Бул сыйлык Уланга керек эмес, коомчулуктун, башка журналисттердин жоопкерчилигин арттыруу үчүн маанилүү десек болот. Ошол негизде карадык.

"Азаттык": Эми сыйлыкты тапшыруу иш-чарасы кандай өтөт?

Олжобай Шакир: Тапшыруу аземи 18-октябрда Бишкекте Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө тапшырылат. Ага ата-энеси, жубайы чакырылат. Анда “Чеч-Дөбө” кеңешинин мүчөлөрү чогулуп Уландын ишмердүүлүгү жөнүндө кеп кылабыз.

"Азаттык": Сыйлык жылына кандай негизде, кимдерге берилет?

Олжобай Шакир: Сыйлык жалаң эле журналисттерге берилбейт. “Улут абийири” деп аталып жатат. Кыргыз коомунун соңку тарыхында Салижан Жигитовдой чындыктын тили менен сүйлөгөн, коомду тарбиялоого аракет кылган интеллигенция өкүлү болгон жок. Биз жасалма интеллигенцияга каршы, улут абийириндей озуйпаны аткара турган коомдук катмарды түптөйлү деген максатта сыйлык уюштурдук. Прогрессивдүү топ болушу керек деген идея менен альянс түзүлгөн.

PS: Бул сыйлык 2017-жылы негизделип, алгач ирет журналист Нарын Айыпка берилген. Интеллектуалдар альянсынын "Чеч-Дөбө" кеңешинин 19 мүчөсү бар. Арасына коомдук ишмерлер, саясат таануучулар, публицисттер жана башка тармактын өкүлдөрү кирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.