Бишкек Лондонду Максим Бакиев боюнча айыптады

"Мекен шейиттери" коомдук уюмунун Бишкектеги АКШ элчилигинин аолдында өткөргөн акциясы. 16-май, 2013-жыл.

Кыргыз өкмөтү Максим Бакиевге байланыштуу Британияны айыптап, нота жөнөттү.
Тышкы иштер министрлиги 30-апрелде тараткан билдирүүдө “британ бийлиги Украинанын мурдагы бийлик башчылары чыгарып кеткен акчаларды кайтарууга ыкчам көмөктөшүп, ал эми Кыргызстандын ушундай эле өтүнүчтөрүн көңүл сыртында калтырып, кош стандарт саясатын жүргүзүүдө” деп айтылган.

Апрель ыңкылабынан кийин расмий Бишкек экс-президент Курманбек Бакиев, анын уулу Максим Бакиевди жана алардын активдерин кайтара албай келет.

Кыргызстан Британияны мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын активдерин камакка алуу, кайтарып берүүгө, аларга башпаанек берүүдөн баш тартууга, ошондой эле сот жообуна тартууга көмөктөшпөй жатат деп айыптады. Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Бишкек Лондонго бир канча жолу өтүнүч кат жолдогон, бирок тийиштүү деңгээлде көңүл бурулган эмес.

Мурунку тышкы иштер министри, “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов Лондон кош стандарт саясат жүргүзүп жатат деген дооматты негиздүү деп эсептейт. Аны менен катар Бишкек Максим Бакиевди кайтаруу боюнча дипломатиялык жол-жоболорду колдонууда чабал болуп жатканын айтууда:

Аликбек Жекшенкулов.

- Британия, АКШ баш болгон Батыш мамлекеттеринин саясаты ошондой. Адам укугун коргойбуз дегени менен экинчи жактан ошол адам укугу деген түшүнүктү өз пайдасына карап чечмелейт. Максим Бакиев боюнча Кыргызстандын ноталарына жооп бербегенине, чара көрбөгөнүнө таң калбоо керек. Негизинен кыргыз тарапта деле маселе бар. Анткени бул эки өлкөнүн ортосунда бири-бирине юридикалык жардам берүү боюнча келишим жок. Биринчиден, муну чечкенге аракет кылыш керек. Экинчиден, эл аралык уюмдарда, ошол эле БУУ, ЕККУда бул маселени катуу көтөрү керек.

Саясат таануучу Эмил Жураевдин баамында, Кыргызстан Британияга нота жолдоп, түзүлгөн мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга аракет жасап жатат. Ошондой эле мындай аракеттин артында тышкы, ички саясатка байланыштуу кошумча максат да турат:

- Кыргыз тарап Украинанын жаңы бийликтерине кандай жардам берсеңер, бизге да ошондой жардам берип, Курманбек Бакиевдин баласын алып келгенге ошондой мамиле кылсаңар деп мурдарак деле айткан эле. Максим Бакиевдин өзүн же акчаларын кайрып алуу аракеттери үчүн азыр ыңгайлуу шарт болуп турат. Ошону пайдаланып жатат десек болот. Бул жерде экинчиден, эл аралык мамилелерге да байланыштуу максат жатат. Мисалы, Кыргызстан Орусия менен жакын өнөктөш болуп турган чакта Батыштын кош стандарт саясатын белгилеп кетүүгө да мүмкүнчүлүк болду. Үчүнчүдөн, ички саясат үчүн да упай топтоо болду. Анткени азыр Бакиевдерди эмнеге алып келбейсиңер, эмне чыгарып жибердиңер эле, акыйкаттык орной элек деген сөздөр бар эмеспи.


Максим Бакиев.

Акыркы маалымат боюнча экс-президенттин уулу Максим Бакиев Британияда жүргөн. АКШ 2012-жылы баалуу кагаздар боюнча Максим Бакиевге кылмыш ишин ачкан. Вашингтондун өтүнүчү менен ал Лондондо камакка алынган, бирок көп өтпөй эле күрөөгө бошоп кеткен. Былтыр жайында Лондон соту Бакиевдин ишин караар алдында АКШ далилдер жетишсиз деген негизде кылмыш ишин жапкан.

Былтыр кыргыз өкмөтү АКШда Максим Бакиевдин 74 миллиондон ашык долларлык эсеби жабылганын кабарлаган. Аны Кыргызстанга кайтаруу үчүн АКШдагы Akin Gump юридикалык компаниясы макулдашкан. Келишимге ылайык, аталган компания мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге АКШда козголгон кылмышты кайрадан жандантууга жана анын ал жакта камакка алынган акчасын Кыргызстанга алып келүүгө көмөктөшмөк. Башкы прокурордун биринчи орун басары Темирбек Бекмамат уулунун “Азаттыкка” билдиришинче, Лондон азырынча бул жаатта жакшы кызматташпай жатат:

- Ал компания менен келишим түзгөнбүз, тапшырмаларды да жөнөткөнбүз. Азырынча жооп келе элек. Жыйынтык жок. Максим Бакиевден тышкары биз Кумтөр боюнча да иштеп жатабыз. Канадага, АКШга өтүнүчтөрүбүздү жөнөтүп жатабыз. Бул иштер эми көп убакытты талап кылгандыктан жооп келе элек.

Апрель ыңкылабынан кийин Максим Бакиевге коррупциялык иштерге аралашкан, өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иштеген деген өңдүү айыптардын негизинде кылмыш иш козголгон, эл аралык издөө жарыяланган. Былтыр март айында сот болуп ал сыртынан 25 жылга кесилген болчу.