Кыргызстандагы троллдор фабрикасы улам жаңы кожоюн үчүн иштөөдө: иликтөө

Интернеттеги тролл жөнүндө азил сүрөт.

Кыргызстандагы интернет аркылуу жалган маалымат таркаткан медиа ишканаларынын тымызын кызматкерлери - "троллдор" тууралуу Камила Эшалиеванын макаласынын өзөгү.

Кыргызстанда интернет-троллинг - саясаттын эң кубаттуу куралы болуп чектелбестен, айрымдар үчүн кирешелүү бизнеске да айланды. “Троллдор” фабрикасынын айрым кызматкерлери өздөрүнүн ким экенин жашырып, “Open Democracy” уюмуна интернеттеги тымызын үгүттөөчү ири куралдын ички сырларын айтып беришти. Алардын айткандарынын негизинде изилдөөчү Камила Ешалиева (Эшалиева) өз макаласын жарыялады.

Төмөндө анын макаласынын урунттуу жерлеринин котормосу сунушталат.

* * * * * * *

Троллдор "аргымактарын" оболу телчиктирип алуусу керек

“Open Democracy” уюмунун өкүлү "троллдордун" сегиз өкүлү менен кездешти, бирок алардын үчөө гана өз ысымдарын жашырып коюу шарты менен маек курууга макулдук беришти. Калгандары жумушунан ажырап калбаш үчүн жана жеке коопсуздугунан чочулап жатканын айтып, маек куруудан баш тартышты.

Алардын бири - Арсен (аты өзгөртүлүп берилди). Ал 2019-2020-жылдары Бишкектеги "тролл фабрикаларынын" биринде иштеген. Ал саясатты анчейин терең биле бербейт, башка троллдор деле ушундай. Бирок коомдук тармактардагы технологиялык ыкмаларды ырааттуу аткаруу аркылуу ал оңой-олтоң акча табуунун кыныгын алган.

Троллдукка макул болгон ар бир кызматкердин колуна бир тутам сим-карт, иштеген бир уюкфон берилип, социалдык медиага катталат. Арсендин айтымында, бир фейк баракчаны ачуу үчүн ал бир нече апта, кээде айларды сарптайт.

Интернеттеги социалдык түйүндөгү баракчасы чындыкка жакын болуш үчүн ал досторунун катарын акырындан калыңдатат, башкаларга окшобогон өзгөчө мазмундагы контентти жазат.

Жасалма аккаунттардын ичиндеги сүрөттөрдү ал Instagram, ВКонтакте, Одноклассники сыяктуу баракчаларда катталган чыныгы адамдардын сүрөттөрүнөн алат. Бирок, Арсендин "адабий ат" менен чыккан баракчасына айрымдар кайра-кайра арыздана бергендиктен, реалдуулугу жоголуп, баракчасы улам блоктолуп, кайра жаңы аккаунт ачууга аргасыз болуп келчү.

Дагы караңыз Активисттердин аккаунттарына чабуул башталды

Тыңчыныкындай тымызын кесип

Жумуш берүүчүлөр тууралуу маалымдаган интернет сайттарда бул иш тууралуу кулактандыруулар жок.

"Тексттерди ойлоп табууда биз өз фантазиябызды болушунча пайдаланчубуз. Маалыматты буйуртма берген адам кандай кааласа, ошондой бурмалайбыз. Кайсы бир посттун алдына узун, маанилүү комментарийлерди жазууга аракет кылабыз, себеби дал ушундай пикирлерди калайык көп окуп, аларга маани беришет. Башкысы - биз өзүбүз жазган текстибизге ишенбесек болду. Бирок, улам эле жаңы нерсени ойлоп табуу абдан оор экен. Андыктан, бир эле комментарийди бир нече аккаунттан кайра-кайра жазган учурларыбыз да бар.

Биз, ошондой эле, вирустуу видеолорду, мемелерди жаратып, социалдык медиадагы топторго таркатабыз. Күн соңунда “шефибизге” бир күндө кылган ишибиз тууралуу скрин сүрөттөр жана шилтемелерди баяндама кылып жиберебиз”, - дейт Арсен.

Расмий түрдө Арсен иштеген компания интернет сайттарды жасайт, ал эми троллинг алардын кошумча кирешеси болуп саналат. Бир кеңседе иштеген троллдор менен веб-сайттарды жасаган кызматкерлер бири-бирине маалымат бере алышат, бул тыйылган эмес. Бирок, троллдор менен эмгек келишими түзүлбөйт, иш акысы салыгы жок төлөнөт. Троллдорду башкарган компаниянын директору канча акча табарын Арсен эч билбейт.

"Бир долбоор үчүн мен айына 200 доллар алчумун (Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстандагы орточо маяна 18 миң сом же 214 АКШ доллары. Ошол эле маалда өлкөдөгү жумушсуздардын 47%ин 20 жаштан 30 жашка чейинки жаштар түзөт).

Кээде ишибиз ийгиликтүү болуп, бир эле учурда эки долбоорго отуруп калчубуз. Мисалы, буйуртма бергендердин бирөө саясатчы, экинчиси ишкер болушу мүмкүн. Бирок биздин кызматты саясатка байланышы барлар, айрыкча ызы-чуу менен элге таанылгандар көбүрөк жана узагырак колдонушат. Эң эле узак мөөнөттүк долбоор 9 айга созулду. Биз бир белгилүү, бирок бедели төмөн кишини коргогонбуз”, - дейт Арсен.

"Бул тармакты анда иштегендердин өздөрү жактырышпайт"

Арсен иштеген "Троллдор фабрикасы" бир эле буйуртма берген адамга байланган эмес. Кээде бир кардар келип, аны менен иштеп бүткөндөн кийин дароо эле кайра ошол кардарды жамандаган “кара пиар” кылып бергиле деп башкасы келет. Ошол эле маалда кийинки кардар анын атаандашы же каршылашы бир эле “фабриканын” кызматын пайдаланып жатканын билбейт.

"Кардарлар биз менен түз байланышпайт, баары “босс” аркылуу бүтөт. Биздин кызматыбыз тууралуу бири-биринен угуп эле келе беришет. Балким, саясатчылар бири-бирине бизди сунуштап турушат чыгаар. Мен өзүм ачыкка чыкпоого аракет кылчумун, ушундан улам жакындарым эле кайда иштеп жүргөнүмдү билишчү. Эч кандай жарнама жок. Өмүр баянымда бул иш менен алектенгеним жакшы кадыр-барк алып келбейт. Себеби, бул тармакта иштегендердин өздөрү аны жаман көрүшөт”, - деди Арсен.

Арсен өзү кызмат көрсөткөн айрым кардарлары бир эмес бир нече “троллдор фабрикасынын” кызматын пайдаланышканын эскерет. Мындай бүтүмдү ал ондогон фейк аккаунттар окшош маалыматты таратып жатканда байкап калган.

Дагы караңыз «Медиа Полиси Институту»: Саймаитинин өлүмү боюнча да «троллдор фабрикасы» иштеди

Троллдор жана парламенттик шайлоо

Адатта, троллдор ири саясий окуялардын алдында өтө жигердүү болуп чыга келишет. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун алдында да дал ушундай болду. “Троллдор фабрикасынын” эки кызматкери менен сүйлөшкөнүбүздө, саясий партиялар социалдык түйүндөрдө өздөрүнө керектүү маалыматты күн тартибине чыгарыш үчүн ири иш топторун түзгөнүн айтышты. Троллдорго талап кылынган бардык техника берилип, штабдарда кызмат орундары бөлүндү, айрымдары үгүт-насаат үчүн ижарага алынган кеңсе жана батирлерде отурушту.

"Тролл фабрикасынын" кызматкерлери. Сатиралык сүрөт.

Алинанын (аты өзгөртүлдү) өзүнө таандык тажрыйбалуу троллдордон турган “фабрикасы” бар, ал бир нече жылдан бери саясатчылардын буйуртмаларын аткарып келет. Расмий түрдө анын компаниясы СММ-маркетинг деп катталган. Алина өзүнүн туугандары, тааныштарынан турган 10 кишилик иш тобун чогулткан.

Болуп өткөн парламенттик шайлоодо ал бир ири саясий партиянын кызыкчылыгы үчүн иштеди. Социалдык тармактарда партиянын ишин жайылтып, талапкерлерди жарнамалап, саясатчылардын аты аталган жаңылык, постторду текшерип, атаандаштарды кара пиар менен жамандап турушту.

Алинанын командасы милдеттерди өз ара бөлүштүрүп алган. Алардын айрымдары социалдык медиада аккаунттарды түзсө, кээ бири виртуалдык контент менен иштешти. Башкы максаты – буйуртма берген партиянын ишин илгерилетип, элди "добушту ушул эле партияга бергиле" деп үгүттөө болду.

“Ар бирибиздин социалдык тармактарда 200дөй аккаунтубуз, кошумча 50 профилибиз бар. Алар үчүн уламыштарды ойлоп таап, өмүр баянын толтуруп, сүрөттөрдү чаптап, айрым сүрөттөрдү фотошоп менен жасап чыктык. Эркектер үчүн адатта машине же диний маанайдагы сүрөттөрдү койобуз. Кыздарга азия түспөлдөшкөн чет элдиктердин сүрөтүн издейбиз. Азыр профилди аты, жөнү, фамилиясы менен түзүш керек эмеспи, болбосо блоктоп салат да”, - деп Алина “Open Democracy” уюмунун өкүлүнө өз сыры менен бөлүшкөн.

Мисалга алсак, "Фейсбукта" Азис Азисов деген ысымдуу жалган аккаунттун артында ким тураары эч белгисиз. Анын өз алдынча жарыялары деле жокко эсе. Азис Азисов өз "бейнесин" ачыктап көрсөткөн сүрөт - иш жүзүндө британдык ырчы Сами Йусуфтун фото сүрөтү болуп чыкты. Сами Йусуф - түпкү теги ирандык азербайжан болгон ырчы, обончу, кайрымдуулук чараларынын уюштуруучусу (1980-жылы туулган). Анын бабалары большевиктик режимди кабыл албай, Бакудан Иранга журт которушкан. Сами 3 жашар кезинде ата-энеси Тегерандан Улуу Британияга көчүп келишкен.

Алинанын айтымында, адатта троллдор менен аларга окшогон башка троллдор уу-дуу талашып-тартыша беришет. Интернетти өз атынан издеген кардарлар алардын талашууларын этибарга деле алышпайт. Бирок карапайым колдонуучулардын көпчүлүгү троллдордун улам жаңы тузагына илинүүсүн улантып келет.

Троллдорго даяр текст да сунушталып турат

Дагы бир маектеш - Бермет (анын да чыныгы аты өзгөртүлдү). Анын айтымында, бул тармакка ал жаңы келген. Өзү айына $180 алган, бирок башкалар тажрыйбасына карата ар кыл маяналар алышчу.

"Биздин иш тобубузда 15 киши бар болчу. Бирок биз бүтүндөй аскерлердин чакан бөлүгү элек, анткени бизден башка да бир нече топ түзүлдү деген айың кеп жүрдү... Ишибиз таңкы саат 10до башталып, кечки саат 6-7лерде аяктачу. Бирок бул шайлоо өнөктүгүнүн башында гана болду Кийин, шайлоо аяктап калганда, иш абдан көп болду. Кээде, тапшырма берилсе, үйгө кайтып келип комментарий жазган учурлар деле болду".
Иш маселелери Telegram тармагындагы баарлашуу (чат) бөлүмү аркылуу талкууга алынчу. Берилген "бутаны" мактоо же каралоо үчүн ушул тармак аркылуу ой багыттары жиберилчү. Ал эми саясатты аңдай бербеген троллдор үчүн алдын ала даярдалган тексттер жөнөтүлүп турчу, дейт Бермет.

Маалыматтын жалган экендигин айкын билип туруп, ушундай маанидеги кабарды таркатуу өзү үчүн моралдык жактан оор болгондугун да Бермет эскере кетти.

Дагы караңыз «Open Democracy» Алканованын айыбын ачты

Троллдордун вирусунун илдетинен кантип айыгабыз?

Кыргызстанда интернеттеги жалган маалыматтарды жайылтууга жана "фейктерге" каршы күрөштү фактыга негизденип жүргүзүү далаалаттарын азырынча журналисттер менен коомдогу жигердүү жарандар гана жүзөгө ашырып келет.

Өлкөдөгү Kloop.kg интернет барагынын редактору Айдай Иргебаеванын оюнча, бул сайтта жалган аккаунттар тууралуу өзүнчө бир маалымат кампасы түзүлүп калды. Бул кампадагы маалыматтарды иликтөө аркылуу ар кыл троллдордун ич ара карым-катнашын тастыктап, алардын чыныгы жүзүн ашкерелөөгө болот.

"Эми, окурмандар айырмалап билүүсү үчүн, мен андайлардын жарыялаган комментарийлердин астына алардын фейк экендигин жаза баштадым", - дейт Иргебаева айым.

Кыргызстанда айкындуулукту ураан чакырган интернет барактардын бири - Factcheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировдун айтымында, калайык өзү ар кыл булактардагы маалыматтарды өз алдынча таразалоого үйрөнгөнгө чейин мындай "тролл фабрикаларынын" күнү тууй бериши ажеп эмес.

Factcheck.kg барагынан. 2019.

Азырынча "тролл фабрикалары" Кыргызстандагы калайыктын өз алдынча ой жүгүртүү жаатындагы табитин бузуп, алардын маанайын жалган маалымат аркылуу терс нукка буруп келет, дейт ал.

"Душманыңызга олуттуу зыянды кантип келтире аласыз? Ал тууралуу жалган маалымат жайылтып, аны башка кишилердин көзүнө мокочо көрсөтүү аркылуу", - дейт Темиров.

Кыргызстандагы троллдор ушул ыкмаларды башка өлкөлөрдөгү троллдордун тажрыйбасынан көчүрүп келүүдө. Жалган жерден коомчулуктун пикирин жаратымыш этип, троллдор "бул киши - ак, бул киши - кара, бул - дос, бул - кас-душман" деген өздөрүнүн бир беткей жарлыктарын калайыкка тынымсыз таңуулашат.

Камила Ешалиева (кыргызча Эшалиева). 03.6.2019.

"Буга каршы вакцина керек. Биздин коомубуз бул кризисти жеңип чыгышы керек, жалган маалымат менен калайыктын пикирин бурмалап башкаруу далаалаттарына каршы өз иммунитетин иштеп чыгышы зарыл", - дейт Болот Темиров мырза.

Камила Эшалиева,

жаш изилдөөчү.

Бишкек шаары.