Медиа: “Сентябрь” ишин коомдук тармактарда улантат

Көз карандысыз “Сентябрь” телеканалынын жамааты башка аталыш менен интернеттеги коомдук тармактарда ишин уланта берерин айтууда. Коомчулук бул каналга каршы аракеттер үчүн Кыргызстандын аткаруу бийлигин айыптоодо.

“Сентябрь” телеканалы сот чечимине карабай күндөгүдөй эле иш алып барууда. Бирок сот чечим дароо күчүнө кирерин айтып, телеканалдын ишин токтотууну УКМК менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетин милдеттендирген. Аталган мекемелер сот чечими качан ишке ашары тууралуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

“Сентябрдын” өкүлү Кайыргүл Урумканова канал мындан ары башка ат менен интернеттеги социалдык тармактарда ишин уланта берерин айтууда.

- Биздин каналдын кызматкерлери бүгүн кадимкидей эле ишке чыкты. Бардык программалар мурдагыдай эле жасалып эфирге чыгат. Эфирден кийин интернет аркылуу таратабыз. Сот эфирге тыюу салса биз социалдык тармактар аркылуу чыгабыз. “Сентябрь” болбосок “Жалбырак” деп чыгабыз. Ага да тыюу салса “Октябрь” деп атап коюп социалдык тармактар аркылуу элге маалымат бере беребиз. Биздин оозубузду эч ким жаба албайт.

Роза Отунбаева Өмүрбек Текебаевдин сотунда, 15-август, 2017-жыл

Ал арада бир катар саясатчылар, коомдук ишмерлер жана медиа өкүлдөр сот чечимин айыптаган билдирүүлөрдү таратууда. Алардын бири, экс-президент Роза Отунбаева “Сентябрды” жабуу президент Алмазбек Атамбаевдин жеке тапшырмасы болгон деп эсептейт.

- Бул президенттин өзүнөн эле чыккан чечим деп ойлойм. Муну прокуратура, башкалардын баары кантип аткарабыз деп ойлонбой деле калышты. Алар ошол замат буйрукту аткарып жатышат. Буга таң калбай деле калдым. Болбосо Сооронбай Жээнбеков буга барбайт эле. Ал момун киши. Сот ТВдан ошол кишини сындаган үчүн ушундай чечим чыгарды деп айтып жатышпайбы.

Буга улай парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери, президенттикке талапкер Бакыт Төрөбаев бийлик шайлоо алдында оппозициялык маалымат каражаттарынын оозун жабууну көздөп жатат деп билдирүү таратты. Анткен менен Башкы прокуратура сот фактыларга таянып, негиздүү чечим чыгарганын айтууда.

“Медиа полиси” институтунун юристи Алтынай Исаева экстремисттик маанайда болгон күндө да бир эле билдирүү менен телеканалды жабуу мыйзамсыз деп эсептейт.

- Мыйзамдар боюнча телеканалды жөн эле жаап коюуга болбойт. Мыйзамдарда медиа каражатты жабуунун жол-жобосу так жазылган. Биринчи тиешелүү органдар же Башкы прокуратура каналга эскертүү бериш керек болчу. Алар кайсы берүүлөр мыйзамга каршы келери тууралуу эскертиши керек эле. “Сентябрь” каналы андай эскертүү болгон эмес деп жатат.

Анткен менен "Сентябрь" телеканалы ушуну көрмөк дегендер да жок эмес. Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев тиешелүү органдар телеканалга мыйзам чегинде чара көрдү деп эсептейт:

- "Сентябрь" акыркы убактарда бийликти бир тараптуу жамандоо менен алек болуп калган. Жалаң негативди берип туруп алышты. Журналисттер жакшы жагын да бериш керек да калыстык кылып. Менимче, тиешелүү органдар "Сентябрдын" мыйзам бузганын аныктап, керектүү чараны көрдү. Журналисттер эки тарапты бирдей чагылдырып, калыс болушу керек.

“Сентябрь” телеканалы оппозициялык саясатчы, орус ишкерлеринен пара алды деп 8 жылга эркинен ажыратылган “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таандык экени айтылып келет.

Көзөмөл органынын даттануу арызында 2016-жылдын 29-сентябрында телеканалдын түз эфиринде сүйлөгөн Абдылда Капаровдун сөзү экстремисттик маанайда экени жүйө келтирилген. Анда ал Аравандагы мектептин ачылышында Өзбекстандын гимнинин ойнотулушун айыптап, улут аралык кастыкты козутканы айтылат. Башкы прокуратура Капаровдун айткандары боюнча тиешелүү экспертизалар жүрүп, экстремисттик экени аныкталды деп билдирди.

Ош облустук милициясынын мурдагы башчысы, полковник Абдылда Капаров учурда Нарындагы жатак абагында жазасын өтөөдө. Мындан тышкары Капаров аталган маегинде Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдорду "2010-жылдын июнь калабасына бөлүнгөн акчаны жеп алган" деп айыптаган. Аны Ош облустук соту 2017-жылдын июнь айында бир тууган Жээнбековдордун беделине шек келтирген, улут аралык кастыкты козуткан деген айыптоолор боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылга эркинен ажыраткан. Капаров тагылган айыптарды четке кагып, кылмыш ишин бир тууган Жээнбековдордун куугунтугу катары баалап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.