Түркия мыкты окугандарга шарт түзөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Учурда Түркиянын жогорку окуу жайларында эки миңден ашуун кыргызстандык студент билим алат.

Айрымдары атайын мамлекеттик стипендиялар менен окушса, башкалары окуу акысын өз чөнтөгүнөн төлөшөт. Жаңы окуу жылына карата Түркиядагы ар бир университет чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу шарттарын жарыялай баштады. Ал эми "Түркия стипендиялары" мамлекеттик тандоо экзаменинин биринчи туру бүтүп, экинчи турга өткөндөрдүн аты-жөнү жарыяланды.

18 жаштагы Кыяз Акмолдоев бул жылы Түркиянын университеттеринин бирине инженерия факультетине өтүүнү максат кылып турат. Ал "Түркия стипендиялары" (Türkiye Bursları) мамлекеттик стипендия программасына документтерин тапшырып биринчи турдан өткөн.

- Мен Интернеттен эле "Түркия стипендиялары" деген программага документ тапшыргам. Аны Интернеттен эле толтуруп койсо болот. Абдан ыңгайлуу. Онлайн системадан ар бир талапкер өзү тууралуу маалыматтарды жазат. Белгилүү бир мөөнөттөн кийин биринчи турдун жыйынтыгын айтышты. Эми экинчи турда комиссия менен бетме-бет сүйлөшөм. Өтүп кетем деген үмүтүм бар.

Кыяз документ тапшырган "Түркия стипендиялары" программасында жогорку окуу жайында билим алуу толугу менен түрк өкмөтү тарабынан каржыланат. Бул программа менен келип билим алып жаткан жүздөгөн кыргызстандык жаштар бар. Алардын бири - "Dokuz Eylül" университетинин докторанты Дастан Разак уулу. Эки жыл мурда сынактан өтүп Түркияга келген Дастан буларга токтолду.

- "Түркия бурслары" билим берүү программасы дүйнөдө бир канча атактуу программалардын арасына кирди десем жаңылышпайм. Анткени 180 өлкөдөн келген жаштар Түркияда бул программа менен эң мыкты университеттерде билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Акчалай стипендия менен катар жатаканабыз, тамагыбыз бекер. Чет өлкөлүк студенттер үчүн башка өлкөдө ыңгайлуу жерде жашап билим алышы өтө маанилүү деп ойлойм. Ал эми университеттерде орчундуу көйгөйлөр деле жок. Анткени түрк студенттер кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болсо, биз да ошондой укуктарга ээбиз. Эч кандай артыкчылыгыбыз, өзгөчөлүгүбүз же кемчилигибиз жок.

Дастан Разак уулу

Мурда кыргызстандык абитуриенттер чет өлкөлүк студенттер үчүн уюштурулган жалпы сынакка кирсе, кийин ал жоюлуп, "Түркия стипендиясы" (Turkiye burslari) деген программа аркылуу кабыл алынып калган. Бул программа боюнча өткөндөр ай сайын стипендия алып, жатакана жана окуу китептери менен камсыз болот. Кыргыз докторант Дастан Разак уулу быйыл боло турган кээ бир жаңылыктардан кабар салды.

- Быйыл мен келген программа боюнча жаңы иш-чаралар болорун угуп жатабыз. Азырынча ишке кире элек экен. Бирок магистратура менен докторантурада окуп жаткан студенттердин үй-бүлөсү болсо анда программа ал жаш үй-бүлөнүн ижарасын да төлөп берүүгө макул экен. Анткени докторантурада окуган студенттердин үй-бүлө курууга жашы жетип калгандары бар. Кээ бирлеринин үй-бүлөлөрү да бар. Аларга бул мүмкүнчүлүк көп жеңилдик берет деп ойлойм.

Түркиядагы "Чет жакадагы түрктөр жана тектеш коомчулуктар" (www.ytb.gov.tr) башкармалыгынын чет өлкөлүк студенттер боюнча координатору Сервет Туран "Азаттыкка" кыргызстандык абитуриенттерге коюлган талаптарды айтып берди:

- Жыл өткөн сайын Түркиянын жогорку окуу жайларына тапшыргандар көбөйүп жатат. Бирок аны менен катар бюджеттик орундар да азайып жатат. Биз мамлекеттик ресурстардан каржылангандыктан өлкөнүн экономикалык абалы оңолгон сайын стипендиялар да көбөйөт. Абитуриенттердин санына жараша сапаты да көтөрүлүп жатат. Мисалы, 10 жыл мурда 3.5 балл менен университетке өткөн абитуриент быйыл 3.8 балл менен өтпөй калды.

Жаңылбүбү Маматова, Стамбул университетинин докторанты.

Түркиянын жогорку окуу жайларында стипендия алып окуган кыргызстандыктар менен катар өз чөнтөгүнөн төлөп окугандар да бар.

Жаңылбүбү Маматова Стамбул университетинин "Тамак-аш гигиенасы жана технологиясы" бөлүмүндө докторантурада окуйт.

Учурда Жаңылбүбү окуусуна өзү каражат таап, билим алып жатат. Кыргызстандык докторанттын айтымында, эл аралык стипендияларга гана басым жасабастан, чет өлкөдөгү ар бир университет менен жекече байланышып өтсө да болот.

- Келечекте магистратурага, докторантурага тапшырам деген студенттер атайын стипендия программаларын карап отура бербестен, өздөрү аракет кылып онлайн тапшырса деле болот. Эң маанилүүсү - жаңылып калам, өтпөй калам деп коркпош керек. Азыр алыста туруп деле окуу жайларына өтсө болот эмеспи. Өзгөчө так илимдер боюнча кыргызстандыктарга каралган стипендиялар өтө аз. Көбүнчө гуманитардык, социалдык программалар көп. Андыктан мен өзүм эле Стамбул университетинин сайтына кирип документтеримди толуктадым, кийин маектешүүгө чакырышты. Ошентип докторантурага кабыл алындым. Азыр экзамендеримди тапшырып бүттүм. Бааларым жакшы.

Түркияга жыл сайын Дастан, Жаңылбүбү сыяктуу миңдеген кыргыз студенттери документ тапшырып, билимин өркүндөтүп жатышса, жергиликтүү түрк абитуриенттери Америка, Англия, Канада сыяктуу өлкөлөргө агылып кетип жатышат. "Эл аралык билим берүү көргөзмөлөрүнүн" координатору Лүтфийе Алчын түрк абитуриенттеринин жаңы багыттарына токтолду.

- Чет өлкөдө окугусу келген түрк студенттеринин тандоосу материалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша болот. Жыл сайын Америка, Англия, Канада сыяктуу өлкөлөргө кеткендер көбөйүүдө. Бирок акыркы жылдары доллардын кымбатташы бул динамиканы солгундатты деп ойлойм. Европага кеткендер да бар. Ал эми мурдагы Советтер Союзундагы өлкөлөрдө билим алгысы келген түрк абитуриенттери чанда кездешет.

Түркиянын "Жогорку билим берүү мекемесинин" (www.yok.gov.tr) маалыматына караганда бул өлкөдө 183 университет бар. Алардын 118и мамлекеттик, ал эми 65и жеке менчик жогорку окуу жайлары. Бул университеттерде 160 өлкөдөн 150 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын ичинде кыргызстандык 2 миңдей студент бар.

Бул студенттердин 1200гө жакыны "Стамбул", "Кастамону", "Анадолу", "Анкара" сыяктуу мамлекеттик университеттерде, калгандары менчик окуу жайларында билим алышат. Жалпысынан кыргызстандык студенттерди Түркиянын 115 жогорку окуу жайынан жолуктурса болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.