Түркиядагы тирештин Кыргызстанга таасири

Кыргызстандагы "Себат" билим берүү мекемесине таандык лицейлердин бири.

Түркияда оппозициячыл диний ишмер Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар деп шектелген журналисттердин камалышы, кеңселеринин тинтүүгө алынышы кыргыз коомчулугунда да талкуу жаратты.

Себеби, Кыргызстанда да Гүлен негиздеген деген гезиттин бөлүмү, ондон ашык лицей жана жогорку окуу жайдан турган “Себат” билим берүү мекемеси иштейт.

Стамбулдагы экономика жана билим берүү маселелери боюнча эксперт Билил Челик оппозициялык маанайдагы журналисттерди кармап-камоо дагы уланышы мүмкүн деп божомолдойт:

- Камалган үч-төрт журналисттин аты аталып жатат. Алардан башка 15-20 чакты кино жана театр режиссерлорунун, беш-алты полиция кызматкерлеринин ысымы аталууда. Журналисттердин саны 20дан да ашык болушу мүмкүн деген сөздөр чыгып жатат. Аларга коюлган күнөөлөр абдан чоң. Түркияда 400дөн ашык журналист бийликтин кысымы менен ишинен айдалды. Жалаң эле Гүлендин жамаатынан эмес, ким оппозиция болсо ошонун баары кысымга алынууда.

Билил Челик мындай кырдаалды алдыдагы шайлоо жана бийликтеги коррупция маселелери менен түшүндүрүүдө:

Журналисттердин камакка алынуусуна нааразы болгондордун акциясы. Стамбул. 15-декабрь.

- Келерки жылы июнь айында Түркияда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоого карата бийлик өз жолун чаап жатат деген бир пикир бар. Экинчиси, бир жыл мурун өкмөттөгү айрым министрлерге коррупция боюнча айып тагылган. Аларды камаган милициялар, тергеген прокурорлордун баары жумушунан айдалды. Кээ бирлери камалып, соттошуп жатат.

Бул окуялар кыргыз коомчулугунда да сөз болууда. Кыргызстанда диний ишмер Фетхуллах Гүлен түзгөн “Хизмет” кыймылына таандык “Себат” билим берүү мекемеси бар. Анын алдында ондон ашык лицей жана жогорку окуу жайы иш алып барат. "Себаттын" вице-президенти Райна Асакеева бул окуу жайлардын пайдасына токтолду:

- Биз бул жакта чейрек кылымга жакын иштеп калдык. Биздин лицейлерди 10 миңден ашык окуучу бүтүрдү. Иштеп жатышат. Алар Кыргызстанга же Түркияга жамандык кылышкан жок. Экинчиден, бул система кандайдыр бир дүйнөлүк, глобалдык билим берүү мейкиндигине Кыргызстандын билим берүү системасын жакындатууга чоң мүмкүнчүлүк түздү. Глобалдык билим берүү мейкиндигине кирдик.

Фетхуллах Гүлен түзгөн “Хизмет” кыймылы менен Түркиядагы эң көп нускалуу “Заман” гезитин байланыштырып келишет. Аталган гезит Кыргызстанда да чыгат. Гезиттин баш редакторунун орун басары Абдыкерим Муратов буларды айтты:

- “Заман” гезити Кыргызстандын Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. Бул жакта саясий кырдаалга анын таасири жок. Түркиянын “Заман” гезити, “Саманйолу” телеканалы да чындыкты айткан үчүн жабырланып жатат. Түркиянын тарыхында бир убакта жалаң аскерлер бийлеп калган, чоң-чоң мамлекеттик кызматкерлерди дарга аскан, камоого чейин барган окуялар болгон. Бул саясат бара-бара демократиялык жолго түшүп, дүйнөдө Түркиянын зоболосу көтөрүлүп жатты эле. Тилекке каршы, кийинки мезгилдерде демократиялык багыттагы Түркия авторитардык жолго түшүп жатканын көрсөтүүдө. Коррупциянын рейтинги боюнча биздин Кыргызстандан да артка түшүп калды.

Тарыхчы жана журналист Кыяс Молдокасымов Кыргызстанда “Себат” билим берүү мекемеси жана "Заман" гезитин жабуу демилгеси маал-маал менен көтөрүлүп келгенин, бирок коомчулукта колдоо таппаганына токтолду:

Режеп Тайип Эрдоган бийликке келгени Түркия авторитардык жолго түшүүдө.

- “Заман” гезитин, “Себат” эл аралык билим берүү мекемелеринин карамагындагы лицейлерди жабуу керек, ооздуктоо керек деген маселелер Акаевдин да, Бакиевдин мезгилинде да көтөрүлгөндүгү, андан кийинки бийликтин тушунда да талкууга алынып жүргөнү жашыруун эмес. Бирок чынын айтуу керек, "Себаттын" кыргызга пайдасы эле болбосо, зыяны тийген жок. Канчалаган илимдүү-билимдүү кыз-жигиттерибиз убагында ошол лицейлерден билим алган. Кыргызстандагы "Заман" гезити болсо эл аралык маалымат менен кошо кыргыз тарыхы, маданияты тууралуу макалаларды байма-бай жазып, агартуучулук милдетти аткарып келет. Мындай салымды баалабай койгонго болбойт.

Кыргызстан менен Түркиянын расмий бийликтеринин алака-катышы жакшы деп эсептелет. Саясат талдоочу Уран Ботобековдун баамында, Анкарадагы тирешүүнүн кесепети Бишкекке тийбейт:

- Түркиядагы эркин басма сөздү муунтуу аракети дүйнөлүк коомчулукта терс пикир жаратты. Автократтык башкарууга ык алган бийлик ушундай жолду тандап алды. Кандай гана болбосун эркин журналистика, эркин басма сөздү ооздуктоо аракети түрк бийликтерине аброй алып келбейт. Ооба, Түркия менен Кыргызстандын расмий бийликтеринин ортосунда жакшы алака-катыш бар. Экономикалык, саясий, маданий байланыштарыбыз жакшы. Бирок менин баамымда соңку окуялардын таасири бизге тийбейт.

Түркияда камакка алынган журналисттер арасында “Саманйолу” телеканалынын башчысы Хидайет Каража жана “Zaman” гезитинин редактору Экрем Думанлы да бар. Аларга "мыйзамсыз уюм түзүүгө жана өлкөдөгү бийликти кулатууга аракет кылган",- деген айып тагылууда.