Кыргыз туусу Босфордо желбиреди

100гө жакын кыргызстандык тууну көтөрүп алып Стамбул шаарынын тарыхый аймактарын кыдырышты.

"Кыргызстан достук жана маданият" коомунун мүчөлөрү, Стамбул башкы консулдугунун кызматкерлери жана студенттер эки өлкөнүн тууларын көтөрүп алып 30 чакты автоунаа менен шаарды кыдырып чыгышты.

Уюштуруучулар Түркиядагы кыргыздар мындай флешмобду алгачкы жолу өткөрүп жатканын айтышты.

Флешмобдун кортежин Стамбулдун полиция кызматкерлери коштоп жүрдү.

Бир саатка созулган флешмобдо кыргызстандыктар Стамбул шаарынын Европа континентинен Азия континентине желектери менен өтүштү.

Кыргызстандыктар уюштурган иш-чара жергиликтүүлөрдүн да көңүлүн бурду.

Стамбул шаарында 15 миллиондон ашык адам жашайт.

Түркияда расмий эсеп боюнча, 25 миңден ашуун кыргызстандык жашайт. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия өңдүү ири шаарларда отурукташкан.

Кыргызстандын мамлекеттик туу күнүнө карата Түркиянын Стамбул шаарында жашаган кыргызстандыктар флешмоб уюштурушту.