Ишеним жана «кыйгыл-даамдуу» таалим
90-жылдардан бери Кыргызстанда ачылган «Себат» лицейлерин башында Түркиянын расмий бийлиги жактырып, "каржылык жактан көмөктөшкүлө" деп ишкерлерин да үндөп келген. "Башка мусулман калктуу өлкөлөргө салыштырмалуу диний саясаты фанатизмден эркин, жалпы маданияты да европалык деңгээлге жакын" деп түрктөргө кыргыз өкмөтү да ишеним көргөзгөн. Ата-энелер ар кандай оош-кыйыштарга (көбүнчө жасалма түрдө козутулган ызы-чууларга) карабай, бул лицейлерде окуган балдардын үмүтү акталды деп эсептешет. Акчасын батыра албаган байлар же мансаптан көзүн май баскан «чоңдор» эле эмес, орто оокаттуу, бар мүлкүн карандай эмгек, ишкердик менен тапкандар да балдарын түрк лицейлерине ишенип бергенин коё элек.
Бул лицейлерге "балдарды казармадагыдай катуу кармайт, намазга жыгат, окутуу акысы кымбат, окуучулары орус тилин жакшы билбейт" деген ж.б.у.с. дооматтар көп айтылган. Бир жолу катары менен бир нече гезит сындаганда, ошол редакциялардын өкүлдөрү менен кошо мен да «Себаттын» Бишкектеги Айнек заводуна жакын Широкая көчөсүндө жайгашкан мектебине, анан «Айчүрөк» кыздар мектебине барып, окуучулары, мугалимдери менен сүйлөшкөнбүз, жатакана, ашкана, окуу класстары ж.б. жайларын көргөнбүз. Башка мектептердегиге караганда тартиптин катуулугун түрк мугалимдер танышкан жок. «Биздин тарбиялык тутумду кыйгыл-даамдуу (вкусно-кислая) педагогика десе болот» деген эле бир деректирдин орун басары. "Намазга да окуучуларды кыстабайбыз, бирок каалоочулар сабактан бош убактысында окуй берсе болот" дешкен (кийин бул темада дооматтар анча айтылбай калды).
Атайылап уюштурулгандай каралоо акциялары маал-маалы менен кайталанып турса да, түрк лицейлеринин кадыр-баркына дээрлик эч кандай таасир тийгизе алган жок. Анткени булардын окуучулары жыл сайын республикалык эле эмес, эл аралык да олимпиадаларда жеңип, Кыргызстандын желегин желбиретип турушту.
Мекенчилдик таалими
Кайсы бир жылы окуучулардын республикалык олимпиадасынын жабылыш аземи дал ушул Широкая көчөсүндөгү лицейде өткөрүлгөндө катышып калдым эле. Кыргызстандын гимни жаңырганда, башка мектептерден келген балдардын дээрлик баары Жогорку Кеңештин кап курсак депутаттарын туурагандай мелтейип, бир гана түрк лицейлеринин окуучулары коштоп ырдап турушту!
Түркиянын азыркы бийлиги мурдагыдай «Себатты» колдомок түгүл "Гүленге таандык" деп жаптырганга аракеттенип жүрөт. Айрыкча соңку жылдарда "жапкыла эле жапкыла" деп талап кыла бергенден кийин, былтыр аталышын «Сапат» деп өзгөртүп, тескөө, окутуу мазмунун көзөмөлдөө иш-милдетин толугу менен кыргыз тарап өзүнө алды. (Негизи, Кыргызстанда иш жүргүзгөн бир да билим берүүчү, диний ж.б. мекеме мамлекеттик жана коомдук көзөмөлдөн тышкары калбашы керек!).
Мына жакында Түркиянын өкмөтү биздеги элчиси аркылуу баягы талапты кайталап, эми «Сапаттын» ордуна арзаныраак окута турган башка лицейлерди ачып берүүгө убада бериптир. Эмнеге жаңысын ачыш үчүн мурдагысын жабыш керек? Түркиянын бюджетинен бир тыйын албай, каржылык да, уюштуруучулук да жактан өзүн-өзү актап келаткан, мезгил сыноосунан жакшы өткөн «Сапатты» жаптырбай эле, ага атаандаш, эгер мүмкүнчүлүгү болсо, андан да мыкты билим бергидей лицей тутумун сунуш кылсын, түрк тарап. Болбосо, биздин мамлекеттин ички ишине кийлигишкенди койсун!
Айтмакчы, «Сапатка» альтернатива катары сунушталып жаткан «Маариф» фондунун мектептеринде диний билимге көбүрөөк басым жасалат экен деген маалымат бар. Эгер бул чын болсо, кыргыз тарап өтө кыраакы мамиле кылышы керек: башка өлкө каржылаган же тескеген жаңы лицейлерди бизде ачууга уруксат берилсе, билим мазмуну, айрыкча диний, идеологиялык мүдөөсү катуу көзөмөлгө алынышы зарыл – тийиштүү келишимдерде баары кылдат, так белгилениши кажет.
Гүленчи-эрдоганчы болуп бөлүнүшүбүз керекпи?
Тилекке каршы, кийинки жылдары утурумдук саясаттын, анын ичинен геосаясаттын чаң-тозоңу адамдардын аң-сезимин ууктуруп бараткансыйт. Кыргызды теңирчил-исламчыл, батышчыл-чыгышчыл, америкачыл-орусчул ж.б. кылып жиктегенге урунган күчтөр чыкты. Ал түгүл Сириядагы канды булоонго салганга далбаса кылгандар бар. Сирия демекчи, ал жакка учкан Орусиянын аскердик учагын Түркиянын зенитчилери атып түшүргөндө орустардан озунуп кыйкырып чыга калып, биздин экс-ажо Эрдоган менен Путин кайра тил табышып кеткенден кийин уятка калды эле го?
Биз бардык мамлекеттер менен дипломатиялык сый мамилени сакташыбыз зарыл. Ырас, жакыныраактары менен көбүрөөк алака кылабыз, алысыраактагыларга аз каттайбыз. Бирок башкалардын өз ара жана ич ара чырдашуу-элдешүүсүнө өтө эле аралаша берген жарабайт (90-жылдардагы Тажикстандай болуп "жарандык араздашуубузду токтотконго жардам бергиле" деп данакерликке чакырса, мунун жөнү такыр башка).
Жакында бир депутат "Орусияга каршы киргизилген санкцияларга жооп кылып биз да Американын товарларынан баш тартышыбыз керек" дегендей «демилге» көтөрүптүр. Эмне, ушинткиле деп Владимир Путин суранып жатабы? Керек болсо Орусиянын өзү санкцияга жооп ишаарат иретинде Европадан ташылган жашылчаны эмоциянын эпкини менен төктүрүп жок кылса да, немистер чыгарган машинелерден, америкалыктар түзгөн маалымат технологияларынан, компьютердик программалардан, Интернеттен баш тарткан жок! Менимче, ири державалардын тирешүүсүнө биздей чакан өлкөлөр кийлигишпей, колунан келишинче калыс эле позицияда болгону жакшы.
Ооба, азыр Режеп Тайып Эрдоган ооматы келип, саясий атаандаштарын талкалап, тамагын жасай жөтөлүшү да арстандын күркүрөшүндөй угулуп, исламдын башкы коргоочусунун соотун жамынган кези. "Мусулмандарды кыспагыла" деп бирде Кытайга, бирде Европанын өлкөлөрүнө айбат көрсөтүп турган чагы. Балким, анын дымагын азыркы Түркиянын экономикалык, аскердик күч-кубаты, геосаясий оюндардагы утурумдук таасирдүү орду көтөрүп жаткандыр. Бирок эртең жагдай кандай өзгөрүп кетерин эч ким билбейт. Бул кишинин бийлиги узак жылдар бою темирдей бекем сакталышы ыктымал; тескерисинче, жакынкы беш-он жылда түрк эли ашынган динчилдикке басым жасаган авторитардык бийлигинен тажап, эрдемсиген Эрдоганды оодарып салышы да мүмкүн. Эмнеси болсо да, бул түрк туугандардын ички иши, буга биз эч аралашпашыбыз керек. Андан көрө өзүбүздөгү маселелерди ар тараптуу, сергек карап чечишти ойлойлу.
P.S: Автордун ою "Азаттыктын" көз карашын билдирбейт.
Түркиянын Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын кыргыз-түрк алакасы, анын ичинде "Сапат" мектептери тууралуу "Азаттык" үналгысына берген маеги. 11-июль, 2018-жыл
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.