"Кол тийбестиктин" коомго зыяны

Иллюстрациялык сүрөт.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийгистигин (адегенде “экс-“ макамын) алып салуу керек деп демилге көтөргөндөр чыгууда. Деги кол тийгистик эмне үчүн зарыл? Ал кимдерди, эмнеден калкалашы керек?

Адамдын өмүрү, абийири…

Мына, кечээ эле милициянын «коргоосуна» ишенген Бурулай аттуу чырактай кыздын өмүрү кыйылды…

Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов өлтүрүлгөнгө чейин, тээ совет доорунда эле чыгаан жетекчи, айкөл инсан Султан Ибраимов жалданма желдеттин огунан ажал тапкан экен…

Бурулай

Көрсө, Конституцияга адамдын өмүрү, абийири жана менчик мүлкү кол тийгис деп жазып койсок эле баары ойдогудай боло койбойт тура. Ырас, белдүү туугандары, акчасы, байлыгы көп, бийлиги зор адам менен айлык иштеп тапканын кийинки айга эптеп жеткирген карапайым кишинин кол тийгистигин салыштыруу такыр мүмкүн эмес. Бирок коомдо карөзгөйлүк үстөмдүк кылган чакта бир дагы жарандын өмүрүнүн коопсуздугу толугу менен камсыздалбайт. Моралдык-укуктук климатты тазартпасак, капилет өлүмдөн депутаттын кол тийгистик статусу да, байдын жалдаган жан сакчылары да сактап кала албайт экен.

Бийиктеги «кийиктер»

Кол тийгистик (расмий түрдө жарыяланганы да, расмий эмес түрдөгүсү да) турмуштук зарылдыктан келип чыгат. Адам бийлик тепкичине жогору көтөрүлгөн сайын анын керт башынын коопсуздугун улам көбүрөөк камсыздоо керек. Себеби ал коомдук-саясий системанын түркүн кызыкчылыктар кесилишкен, кээде чукул кагылышкан тоомдоруна улам жакындай берет. Анын өмүрү, ден соолугу үчүн коркунуч да ошончолук күчөйт, көбөйөт.

Байлардын абалы да ушундай. Алар байыган сайын каржылык, коммерциялык татаал, опурталдуу мамилелерге тартылып барат.

Ошентип, бийлик түзүмүндөгүлөр өз коопсуздугун негизинен саясий жолдор менен, ишкер адамдар сакчыларды, адвокаттарды жалдоо менен камсыздоого умтулат. Бирок булардын колдонгон каражаттары алмашылып, айкалышып кеткенде, коррупциянын тамыр жайышына абдан ыңгайлуу шарт түзүлөт.

Биз ушул чаташууларды жоюу, чиеленишүүлөргө мындан ары жол койбоо үчүн расмий жана расмий эмес түрдөгү кол тийбестик түшүнүгүн юридикалык жактан так айырмалап, өлкөбүздөгү укуктук мамилелердин бирдиктүү бүтүн системасын өркүндөтүп алышыбыз зарыл. Буга эркиндик менен жоопкерчиликтин, укук менен милдеттин тең салмактуулугун бийликтин ар бир деңгээлинде – пайдубалынан чокусуна чейин – бирдей сактоо аркылуу гана жетише алабыз. Дал ушул теңдештик таразанын жебесиндей дайыма көңүл борборунда болууга тийиш.

Деп айтканга демдүү укук

Мейли жетекчилик таланты, уюштуруучулук жөндөмү күчтүү инсан бийликтин улам жогорку тепкичтерине көтөрүлсүн, мейли адал эмгек, иш билгилик менен табылган менчиктин мыйзамдуу ээси байый берсин, мейли кара кылды как жарган калыстыгы менен таанылган судья башкалардан бир нече эсе көп айлык алсын. Бирок ошого жараша алардын жоопкерчилиги менен милдеттери да чоңураак болсун. Мисалы, депутат аралашкан сот процесси катардагы жарандарга гана тиешелүү процесстен бир кыйла талаптуулугу, катуулугу менен айырмалансын да, эл өкүлү өзүнүн күнөөсүз экенин укуктук ченемдердин алкагында далилдөөгө мүмкүнчүлүк алсын.

Ушул жерде депутаттын кол тийгистик укугуна өзүнчө токтоло кетпесек болбойт. Анткени Жогорку Кеңешке билими күчтүү, тажрыйбалуу юристтер, саясат таануучулар, экономисттер эмес, капчыгы калың ишкерлер көп келип калгандыгы дал ушул көпчүлүккө анча түшүнүксүз ста­туска байланышкан. Бул укукту бизде такыр туура эмес түшүнүп алышкан эле: парламенттин макулдугу жок депутатты сот жообуна тартууга болбойт дешчү. Салык төлөбөгөнү, кирешесин жашырганы, ар кандай мыйзамсыз иштерди жасаганы үчүн өздөрү жооп бербесе, мыйзамды сыйлагыла деп башкалардан кантип талап кылышат?

Ырас, азыр эл өкүлдөрүнүн соот-чопкуту чечип салынды, бирок расмий эмес калкандар дагы эле калың, айрыкча бийлик пирамидасынан эч качан кетпечүдөй болуп тамырлашып алгандардыкы.

Мыйзам бузуучуларды калкалаш керекпи?

Он жылдай мурун террорчуларды каржылоочу банк эсептерин камакка алуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш өткөрбөй койгондо ызы-чуу болгону эсибизде.

Катары менен үч депутаттын ж.б аты­лышы мыйзам чыгаруу бийлигинин жоопкерсиздигинен жаралган бумеранг экенин Жогорку Кеңештегилер түшүнөбү? Анткени азыркы парламенттин деңгээли деле ашып кеткен жок.

Мен кол тийгистик укугун такыр алып салуу керек дегендерди да жактабайм. Бирок бул артыкчылыктуу абалдын чегин мыйзам нугунда так аныктап коюу зарыл. Парламенттин милдети мыйзам долбоорлорун талкуулап кабыл алуу менен бирге коомдогу, мамлекеттеги адеп-ахлакка, укуктук климатка зор таасир эте турган саясий окуяларга баа берүү болгондуктан, бул бийликтин өкүлдөрү эч кимдин бийлигинен, байлыгынан коркпой өз оюн ачык айтуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек.

Жаңылыш айтылган пикири үчүн депутатты соттоого болбойт. Коомчулуктан түрдүү жолдор менен жаап-жашырылган маалыматтарды иликтегенде тобокелге бел байлаган журналисттин да ушундай калкан-сооту болушу зарыл.

Атайылап жалаа жапкан болсо, алар моралдык гана жазага кабылышы шарт: жалпыга маалымдоо каражаттарында чыныгы фактылар жарыяланганда, калпычынын бети ачылат. Бул – демократиялык мамлекеттин жашоо принциби. Башка бардык учурларда мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү карапайым жарандар менен бирдей жооп бериши, биле туруп кылмыш жасагандыгы үчүн атүгүл катуураак жазага тартылышы зарыл.

Ушундай эле талапты сот жана аткаруу бийлигиндегилерге коюу керек. Алар аралашкан иштерди териштирүүдө ачык-айкындык кеңири камсыздалсын. Зарыл бол­со, эл аралык укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү да катышсын. Ошентип, бир жагынан, айыпталуучу чиновник ар кандай жалаадан сактана алсын, экинчи жагынан, мамлекет, эл кызмат адамынын кыянатынан коргонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсун!

Укуктун кеңейишине жараша жоопкерчилик күчөтүлө бериши зарыл. Мыйзам бузуудан сактоочу эмес, мыйзам бузганы үчүн жоопкерчиликтен калкалай турган «кол тийбестик» коомго орду толгус моралдык зыян алып келип жатканын, бул акыры барып мамлекетти кыйратарын эстен чыгарбайлы. Конституция­да жар салынган (декларацияланган) укук менен реалдуу укуктук абалдын ортосундагы ажырымды кыскартууга, азайтууга аракеттенүү – баарыбыздын милдетибиз.

«Экс-тер» эсине келсин десек

Эми Алмазбек Атамбаевдин кол тийгистигине да кайрыла кетели. Президенттер кызматынан кеткенден кийин саясий гана куугунтуктан корголушу керек, жазык кылмыштарын жасагандыгы анык болсо, толугу менен жооп берип, жазасын алууга тийиш.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооронбай Жээнбеков.

Албетте, укуктук маданияттын бул деңгээлине жетиш үчүн сот бийлигинин толук көз карандысыздыгын жана мыйзам алдындагы жоопкерчилигин ар тараптан бекемдеш зарыл.

Эгер ушул кадам чечкиндүү жасалса, Кыргызстан тез эле мамлекет катары туруктуу өнүгүү жолуна түшөт. Болбосо, келечек бүдөмүк. Жаман айтпай жакшы жок – кокус эгемендиктен кол жууп калсак, эл азат, тозот…

Миллиарддап уурдагандар менен аларды жууп-чайып актагандар, жактагандар да аман калбайт – арам байлык тез эле сырткы талоонго кабылып, ага азгырылган ач көздөр бир ооз жылуу кепке, бир тиштем нанга зар болот, укум-тукуму кордуктан башы арылбайт.

Ушундай болбошу үчүн ар бирибиз сергек ойлонолу. Эгемендикти көздүн карегиндей сактайлы!

P/S: Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.