Боордошторду ойлосок…

Анжияндагы кыргыз-өзбек делегациясынын жолугуусу. 1-октябрь, 2016-жыл

Өзбекстан Ош шаарындагы бир мектептин курулушун каржылайт деген кабарга кубангандар менен катар күн мурунтан шектене, жактырбай мамиле кылгандар да болду. Кыргызстандагы өзбек тилдүү мектептерди жаап, баарын кыргыз тилине өткөрүү керек деп күпүлдөгөндөр да чыкты. Мурун учунан алысты көрө албаган, курулай сокур сезимге негизделген улутчулдук биздин элге, мамлекетке канчалык зыяндуу экендигин карапайым адамдар эмес, «элита» деле түшүнбөй келет.

Абыке-Көбөш «акылы»

Дегеле өзүн улутчул деп санагандардын көпчүлүгү улут (жалпы эл, бүткүл өлкө, мамлекет) деңгээлинде акыл калчаганга даремети жетпейт. Мамлекеттин кызыкчылыгын ойлосо, булар кыргызды башка улут өкүлдөрү менен кайраштырган, демек, элибиздин досторун азайтып, душмандарын көбөйтүүгө далбаса кылган чагымчылдыкка алдырбашы керек эле.

Ырас, социалдык желелерди негизинен кыларга иши, саларга кушу жок бекерчилер эрмектеп, оюна келгенди жазып, оозуна келгенди акыл элегинен өткөрбөй эле бүркүп отурушат. Эмоциянын эпкининде калып, акараттан өйдө боло албаган жаштарга, сабатсыз кишилерге көңүл бурбай деле койсо болор, балким, бирок аларды кой дегендин ордуна ошондой пастыкка өздөрү барып жаткан билимдүү эле замандаштарды көргөндө айлаң куруйт.

Мындан 15 жылдай илгери биздин Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында Кыргыз-Өзбек университетинин ошол кездеги ректору Мухамаджан Мамасаидов: «Кыргызстандын өзбек тилдүү мектептеринде Өзбекстандын окуу китептери колдонулуп жатат, ал китептерде президентибиз Каримов, борбор шаарыбыз Ташкент деп жазылган. Биз буга кайдыгер карабай, өзбек мектептерин өзүбүздүн окуу китептер менен камсыздашыбыз керек», - деп кыргызча таптаза сүйлөдү эле. Ошондо мен абдан сыйлаган бир окумуштуу агай эмнеге мындайга жол берип жатасыңар деп Мамасаидовду омуроологон. Маселени биздин өкмөт, министрлик чечиши керек, баарыбыз кол кабыш кылалы, окуу китептерди өзбекчеге котортуп чыгаралы дегендин ордуна чыныгы жагдайды айткан кишини жаман көргөн эле ал…

Былтыр бир жазуучубуз теледен кыргыздарды арстанга, башка улут өкүлдөрүн чөөгө салыштырганда, аны уяткарган интеллигенттер өтө аз болду, тескерисинче, жек көрүмчүлдүктү жактап, ого бетер ырбатууга ыктагандар арбын чыкты. Кыргыздын намысын коргойм деп кыйкыргандардан калыс кебин айткандар өтө аз эле.

Өзбекстандагы кыргыздар тууралуу эмне билебиз?

Ырас, 1990-жылдагы кан төгүү 2010-жылы кайталангандан кийин кыргыздар менен өзбектердин ортосундагы мамиле кыйла начарлап кетти. Бирок кектешип жектеше бергенден эмне чыгат?

Фейсбуктагы талкууда Кыргызстандагы өзбек мектептерди жабуу керек дегендерге: «Өзбекстандагы кыргыз мектептер жабылышын каалайсыңарбы?» - деп сурасам, «Эмне, аларда кыргыз мектептер барбы? Жок!» - деп талашат. Биздеги башка улут өкүлдөрүн акаарат кылган, алардын тилин, маданиятын сактоо укугуна шек келтирген «баатырлардын» кимиси четтеги кыргыздарды ойлоп жатат?

Андан көрө кошуна республикадагы жагдайга көз чаптырбайлыбы?

Өзбекстанда 422 миңдей кыргыз жашайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин маалыматына таянып Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдиргендей, кошуна республикада окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 57 мектеп бар. (Өзбекстандын биздеги элчилиги тараткан соңку маалымат боюнча – 56). Булардан негизги бөлүгү (40 мектеп) Анжиян облусунда жайгашкан. (Анжиян мамлекеттик университетинде «Эне тил жана адабият: кыргыз тили жана адабияты» адистиги боюнча бакалаврлар даярдалат, 2015-2016-окуу жылы мында 75 студент окуган. – Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги жарыялаган маалыматтан).

Ырас, соңку беш жыл аралыгында 30 мектеп кыскарган – мурда 87 болгон. Мунун себеби, жогорку окуу жайларга өтүү үчүн тест өзбек жана орус тилдеринде гана өткөрүлүп жаткандыгында. Ата-энелер балдарыбыз тест тапшыра албай калбасын деп өзбек тилдүү мектептерге бере баштаган.

Кыргыз тилинде окуу жана көркөм адабияттар жетишпейт. «Өзбекстан» басмасынын кыргыз редакциясы бар, анын жамааты кыргыз мектептер үчүн окуу китептерди өзбекчеден кыргызчага которуп чыгарып турат. Кыргыз тили боюнча китептерди кыргызстандык авторлор менен кызматташып жазышат.

Жергиликтүү кыргыздардын тилин, маданиятын, каада-салтын сактоодо жалпыга маалымдоо каражаттарынын мааниси зор. Өзбекстандын Мамлекеттик телерадиокомпаниясынын «Дустлик» теле жана радио каналы бар. Телекөрсөтүүнүн «Айчүрөк» жана «Ягона оила» («Бирдиктүү үй-бүлө») программаларында кыргыз тилиндеги берүүлөргө убакыт бөлүнгөн.

Өзбек радиосунун «Дустлик» каналындагы «Эламан» маалымат-талдоо программасында кыргыз элинин рухий дөөлөттөрү жөнүндө берүүлөр чыгарылып турат. Анжиян, Наманган, Фергана, Жизак, Сыр-Дарыя жана Ташкент облустарында да кыргыз улуттук-маданий борборлору бар, буларды кыргыздардын Ташкенттеги 1995-жылдан бери иштеп келаткан этникалык маданий борбору бириктирип турат.

Биздеги жагдай кандай?

Википедиянын маалыматы боюнча Кыргызстанда 878 миңден ашуун өзбек бар. Биздеги өзбек мектептери да үч жылдан бери тестти эне тилинде тапшыруу мүмкүнчүлүгүнөн кол жууп калгандыгын белгилей кетели. Дагы жакшы, артыкчылыктуу аттестат үчүн тестти азырынча кыргыз, орус тилдери менен катар өзбек тилинде да тапшырууга мүмкүнчүлүк бар. (Биздеги өзбек жана тажик диаспораларынын маданий-тилдик жагдайы тууралуу кийинки макалада кененирээк сөз кылмакчыбыз).

Сыйлашкандын жолу кең

Ырас, кошуна республикадагы этникалык кыргыздардын жагдайы мындан алда канча жайлуу болсо, мисалы, кыргыз мектептердин саны кыскарбаса, жакшы эле болмок. Буга оң таасир этүүнүн эң алгылыктуу жолу – экономика, билим берүү, маданият жааттарында кызматташууну бекемдөө. Мугалимдердин тажрыйба алмашуусуна, методикалык мыкты табылгаларды жайылтууга, эки тилдеги көркөм чыгармаларды которууга кам көрүү абзел. ЖОЖдордун гуманитардык факультеттеринин программаларына кошуна республикалардын тили, адабияты, тарыхы, салт-санаасы боюнча жалпылыктарды тааныштыруу курстарын киргизүү зарыл.

Кошуна республикадагы кыргыз мектептерине жакшы мамиле жасалышын кааласак, биздеги өзбек мектептерине дал ошондой карашыбыз керек.

Жолдош Турдубаев, публицист

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.