Good bye, Прага!

Стамбул аба майданынын түнкү көрүнүшү

- Iyi günler! – Түркчө амандашканыман чачы самандай сары, бирoк бакырайган көздөрү капкара стюардесса мага гүлө бакты:

- Iyi günler!! Türkce konuşuyormusunuz?

- Evet, ben kyrgyzym, - бир чети сыймыктана, бир чети тууганымды көргөндөй мен да жылмайдым.

Учактын салонунда чыгыш музыкасы жаңырып, көз ачып жумганча башка планетега түшүп калгандай сезилди.

- Türk Hava Yollarıne hоşgeldiniz! - деди стюардесса.

Тез эле көз байланып, түн кирди. Учактын терезесинен сыртта жер менен асмандын айырмасы билинбей карарат.

Жарнама баракчасында "Булут үстүндөгү ашканада бышкан аш" деп макталган көфтеси, баба гонуш салаты, шоколад кекси Прагадагы «мен-мен» деген ресторандагыдан калышпагыдай эле чүйгүн экен. Бир гана кемтиги, билермандар ушул каттамда болот деп айткан "Якут" шарабы жок болуп чыкты. Болбосо, көңүл ток, кайгы жок, жашоо айрыкча куунак көрүнүп келаттык.

Алдыда, Стамбулдагы алгачкы күнү эле кандай сарсанаа сааттар күтүп жатканын ким ойлоптур?!