"Кытайга визасыз режим ачуу туура эмес"

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2018-2022-жылдарга карата туризмди өнүктүрүү программасы өкмөткө сунушталып жатат.

Программанын негизги милдети - Кыргызстанды чөлкөмдө туризм жаатында алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошуу жана туристтик агымды жыл сайын 10% көбөйтүү. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов туризмди өнүктүрүү программасы жөнүндө кеп салды.

«Азаттык»: - Программанын өзөгү жөнүндө кыскача айтып өтсөңүз...

Дагы караңыз Кытайлык туристтерди Кыргызстанга визасыз киргизүү жөнүндө сунуш айтылды

Жаманкулов: - Негизги орчундуу маселе катары "Кайсы орган туризм саясатын иштеп чыгат?" деген суроо турат. Ошол органды түзүү боюнча маселе программада камтылган. Ошондой эле туризм боюнча мыйзамдарды карап чыгып, толуктоо, өзгөртүү каралган. Андан тышкары чет өлкөлөргө Кыргызстанды таанытуу боюнча маркетинг компаниясы түзүлгөн. Анан негизги шаарлардагы багыт берүүчү көрсөткүчтөр, тарыхый объектилерди реконструкциялоо, жол боюндагы даараткана маселеси бар. Кыргызстандагы туристтик жайлардын башын бириктирип жетектеген орган жок. "Кыргыз туризм" деген мамлекеттик орган түзүп, Бурана, Сан-Таш, Таш-Рабат сыяктуу жерлердин башын бириктиргенди туура көрүп жатабыз. Анткени мындай нерсе туризм өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасында бар. Департамент деңгээлинде орган түзүлүп, туристтик жайлардын ишин көзөмөлдөп, саясатын иштеп чыгат.

«Азаттык»: - Кыргызстанда кайсы бир тармакты "өнүктүрөбүз" же "реформа кылабыз" дегенде эле анын түзүмүн же атын өзгөртүшөт. Аты өзгөрүп, заты ошол бойдон калбайбы? Акча маселеси каралып жатабы?

Азамат Жаманкулов.

Жаманкулов: - Мамлекеттик бюджеттен каралып жатат. Азыркы күндө туризмди каржылоого жылына 7,8 млн. сом бөлүнөт. Анын жарымы департаментти каржылоого, калганы туризмди өнүктүрүүгө кетет. Ал эми бул программанын алкагында 2019-жылдан баштап 57 млн. сомго чейин каралып, Финансы министрлиги менен макулдашып жатабыз.

«Азаттык»: - Ар кандай мамлекеттик кызматкерлер же депутаттар туризмди өнүктүрүү боюнча ар кандай сунуштарын айтып келатышат. Жеңил баңгизатты өндүрүү же Кытайдын жарандарына визаны алып салуу сыяктуу күлкүлүү же чуу жараткан сунуштарга департаменттин пикири кандай?

Жаманкулов: - Чындап келгенде дүйнө жүзү Кытайдын туристтерине карап турган кези. Анткени алар эң көп жана акчаны көп сарптаган турист болуп эсептелет. Бирок ошол эле мезгилде биз башка жагын да карашыбыз керек. Азыр Кытайга бир тараптуу визасыз режимди киргизип салуу абдан туура эмес. Бүгүнкү күндө электрондук виза кытайлардын келип кетишине бардык шартты түзүп атат. Ошондуктан визасыз режим киргизүүнүн зарылдыгы жок. Мындай режимди дүйнөдө бир да мамлекет киргизген эмес. Бирок, атайын программалар менен белгилүү бир туристтик компанияларга визасыз режимди киргизүү дүйнөлүк тажрыйбада бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.