Дрос: Өзүм үчүн кооз Кыргызстанды ачтым

Ала-Көл, Кыргызстан

Голландиялык фотограф Алберт Дростун Кыргызстан тууралуу фотобаянын чет элдик бир катар маалымат каражаттары жарыялашты. Ала-Тоонун кооз жаратылышын, адамдардын жай турмушун чагылдырган сүрөттөрдү Алберт алгачкы сапарында эле тарткан.

Фотограф учурда социалдык тармактар аркылуу чет элдиктерге Кыргызстан жөнүндө айтып берип, “табиятына кол тие элек өлкөнү" көрүп кетүүгө чакырууда.

Алберт Дростун Кыргызстанга саякаты, таасирлери тууралуу маегин сунуштайбыз.

Азаттык”: Алберт мырза, бир ай мурда Кыргызстандан кайтып келип, өлкөбүздүн жаратылышын чагылдырган керемет сүрөттөрдү жарыяладыңыз. Кыргызстанга биринчи жолу бардыңызбы?

Алберт Дрос: Ооба, бул менин Кыргызстанга биринчи сапарым болду. Буга чейин мени кызыктырган өлкөлөрдүн тизмесин түзүп, аларга саякаттагым келип жүрчү. Арасында Кыргызстан да бар эле. Ошондуктан бул өлкө тууралуу Интернеттеги маалыматтарды окуп, сүрөттөрүн көргөм. Сүйлөшкөн кызым да кыргыз.

Азаттык”: Демек, Кыргызстан тууралуу сизге терең маалымат берген адам бар турбайбы. Ала-Тоого саякатыңыз кандай өттү, кайсы аймактарга бардыңыз?

Алберт Дрос: Алгач баш калаа Бишкекке учуп бардым. Бир нече күн ушул шаарда болдум. Ала-Арчаны көрдүм. Андан кийин өлкөнүн түндүк аймагын кыдырдык. Чаек айылына конуп, ал жактан Соң-Көлгө сапар тарттык. Ысык-Көлгө, Караколго бардык. Көлдүн тескей тарабын тарттым.

Азаттык”: “Фейсбукка” жазганыңызга жана тарткан сүрөттөрүңүзгө караганда Кыргызстандын табияты, айрыкча тоолору сизге абдан катуу жагып калган окшойт. Өлкөнүн жөнөкөй тургундары, алардын жашоосу сизге кандай таасир калтырды?

Алберт Дрос: Чынында мен сүйлөшкөн кызымдан башка кыргыздар менен таанышып, баарлашып көргөн эмесмин. Ал да көп жылдан бери Нидерландда жашап, европалашып калган десем болот.

Кыргызстандын эли абдан ачык экенин байкадым, сүйлөшүп да жаттык. Англис тилин жакшы билбесе да, мени кепке тартып, мамиле түзгөнгө аракет кылышты. Мен да кыргызча билген сөздөрүмдү колдонгонго аракет кылдым.

Мага өзгөчө жайлоодогу чабандар жакты. Алар ушундай керемет табияттын курчоосунда жашайт экен. Мага абдан жакшы мамиле кылышты. Ошондуктан мен өзүмдү ыңгайсыз сездим, кыжаалат болдум же корктум деп айта албайм. Кыргыздар абдан жакшы эл экен.​

"Тозоктогу бүркүт". Фотограф Алберт Дростун эмгеги. Кыргызстан.

Азаттык”: Сиз Кыргызстандын табиятын "адам буту баспаган, кол тийгис" деп сүрөттөгөн экенсиз. Мындан башка дагы эмнелер таң калтырды?

Алберт Дрос: Мен тоолор ушунчалык кооз болорун элестеткен эмесмин. Кай жакка барбайын, бардык жерден көздүн жоосун алган табиятка суктанып бүтө алган жокмун. Абдан таң калтырганы, бир өлкөнүн ичинен ушунча көп түрдүү пейзажды кездештире алдым. Бир нече саат жол жүрсөң эле ак кар баскан, бийик аскаларга жетип калат экенсиң. Башка жагына барсаң АКШнын Юта штатындагы каньондордун эгизин көрүүгө болот.

Азаттык”: Дал ушундай саякатыңыздын жүрүшүндө кызыктуу окуялар көп эле болсо керек?

Алберт Дрос: Ооба, көп эле болду. Мен тоолорго тынбай чыгып жаттым. Башында бир аз кыйналдым. Анткени менин мекеним деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан.

Кыргызстанга келгенде жергиликтүү адамдарды ээрчип, тоого чыкмай болдум. Беш саат жолго кетти. Бир убакта асманды кара булут каптап, жамгыр төкчүдөй болуп калды. Жарым саатта жерге түшүүгө мүмкүн эмес эле, жаанга калдык.

Ылдыйга жеткенде бизди ошол жерге жакын жашагандар үйүнө киргизип, алгач арак беришти. Абдан күчтүү экен. Андан кийин тамак ичип, жаан басылгыча күтүп отурдук.

Өлкөнүн жолдору мени бир аз убара кылды. Google картада жол көрсөтүлүп турганы менен көп учурда андай эмес болуп чыкты. Советтер Союзунан калган эски машинеге да түшкөнгө туура келди. Аны менен беш-алты саат жол жүргөндө чайпалып, ичиң ооруп кетет экен. Мунун баары мен үчүн өтө кызыктуу окуя болду. Бир чети андан ыракат да алдым.

Азаттык”: Сиз социалдык тармак аркылуу "Кыргызстанга келгиле" деп чакырык таштабадыңызбы. Эми эмгектериңизди көргөндөр кызыгып, кантип баруу керектигин сурап жатышабы?

Алберт Дрос: Ооба, досторумдун, социалдык тармактардагы тааныштарымдын арасында Кыргызстанга баргысы келип, табиятын көрүүнү каалагандардын саны өстү.

Көп өлкөлөргө барганда кооз сүрөттөрдү тартыш үчүн жер кезип, бир топ азап чегесиң. Кыргызстанда жолдун боюнан токтой калып эле кооз сүрөттөрдү тартсаң болот экен. Абдан кызык. Албетте, айрым шарттар жетишпейт. Ошол себептен мен өлкө табиятын "адамдын буту басып, колу тийбеген" деп сүрөттөдүм.

Кыргызстандан көп деле турист көрө алган жокмун. Көбүнчө ал жакка тоого чыкканды жакшы көргөндөр, альпинисттер барат экен. Кышында лыжа жана сноуборд сүйүүчүлөрдүн арасында популярдуу экенин байкадым. Саякаттоо бир аз оор, бирок абдан кооз өлкө деп айтаар элем.

"Кыялдар өрөөнү". Фотограф Алберт Дростун эмгеги. Кыргызстан.

Азаттык”: Сиз өлкөнүн аталышындагы “стан” деген мүчөгө карабай Кыргызстанда коопсуздук жаатында маселе жаралбаганын айттыңыз. Чынында эле өлкөнүн аталышынан улам ушундай чочулоо бар беле? Эмнеден улам мындай стереотиптер пайда болуп жатат деген ойдосуз?

Алберт Дрос: Ооба, муну мен жазган посттун алдына жазылган пикирлерден улам байкоого болот. Өзгөчө америкалыктарда ушундай кооптонуу күч. Маселен, Пакистан сыяктуу өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан абдан эле коопсуз өлкө.

Пакистандын айрым аймактары абдан коркунучтуу эмеспи. Анткен менен "стан" деген мүчөсү бар өлкөлөрдү укканда Батышта кооптонгондор арбын. Албетте, бул туура эмес калыптанып калган стереотип. Көбү Кыргызстанга виза ачтырбай эле келсе болорун билбейт. Мен тааныштарыма, мага кайрылгандарга бул өлкөгө баруу көп деле түйшүк жаратпасын айтып жатам.

Азаттык”: Ошентсе да көңүлүзгө анчейин жакпай калган же өөн учураган көрүнүштөр болдубу?

Алберт Дрос: Кыргызстанда тамакты абдан даамдуу жасашат экен. Бирок аларга көнүү үчүн убакыт керек. Этти эртең менен, түштө, кечинде деле жей беришет. Мен деле этти жакшы көрөм, бирок мынчалык көп жеп көргөн эмесмин. Бир жумадан кийин ашказаным ооруй баштады. Бирок ал деле көпкө созулган жок. Негизи жакпай калган, көңүл ооруткан окуялар деле болгон жок.​

Фоторгаф Алберт Дрос сүйлөшкөн кызы менен.

Азаттык”: Сиз Кыргызстандан тарткан сүрөттөр социалдык тармактардагы кыргызстандыктар арасында абдан популярдуу болуп, колдонуучулар көп бөлүшүп жатышат. Ал эми башка тилдеги аудитория кандай кабыл алды?

Алберт Дрос: Мен көп эле мамлекеттерди кыдырып, сүрөттөрүн жана барган өлкөлөрүм тууралуу макалаларды жазып келгем. Бирок бул жолу Кыргызстан тууралуу жазган макаламды, сүрөттөрүмдү жакшы кабыл алышты. Социалдык тармактарда аны бөлүшкөндөр көп болду. Балким, элдин баары билген жерлерди улам көрө берип чарчашкандыр. Кыргызстан ушунчалык кооз экенин көпчүлүк биле бербейт да.

Азаттык”: Сүрөтчү болуп эмгектенгениңизге канча жыл болду?

Алберт Дрос: Алты жылдай болуп калды жалаң фотосүрөт менен алектенип келем. Буга чейин графикалык дизайн, анимация жаатында телевидениеде иштечүмүн. Медиа технологиясы багытында билим алгам.

Азаттык”: Байкашымча сиз эл аралык журналдар менен кызматташат окшойсуз. Алар сиздин сүрөттөрүңүздү сатып алышабы?

Алберт Дрос: Ооба, мен эл аралык жана Нидерландда чыккан бир катар журналдар менен иштешем. Ал жактарга сүрөттөрүм жарыяланат жана барган өлкөлөрүм тууралуу макала да жазып турам. Сүрөттөрүм National Geographic журналына көп жолу жарыяланган. Андан башка да саякат тууралуу басылмалар менен кызматташам. Эми Кыргызстанга жакын арада, балким кышында кайрадан барайын деп ойлонуп жатам. Өзүм үчүн кооз Кыргызстанды ачып алдым. Дагы көп кыдырып, өлкөнүн башка аймактарын да көрүп, иликтесем деген ниетим бар.

"Азаттык": Рахмат, Алберт мырза!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.