Туздуу көлдөн даба издегендер көп

Ысык-Көлдүн түштүгүндө жайгашкан туздуу көлгө шыпаа табуу үчүн да, эс алуу үчүн да келгендердин саны жылдан жылга арбып атыптыр.

Быйыл туздуу көлгө Орусия, Казакстандан келгендер көп болуптур

Туздуу көлдүн суусу тери, ылайы муун ооруларына жакшы экен. Бул жерде эки түрдүү: кара жана боз ылай бар.

Туздуу көлгө жакын жерге минтип кыдырата 50 жакты боз үй тигилген. Эс алуучулар биринде жашап, биринде тамактанышат.

Кадимки Ысык-Көл туздуу көлдөн көп алыс эмес, ортосу 500 метрдей бар. Жөө барса болот.

Көлдүн жылдан жылга соолуп, азайып баратканын жыл сайын келгендер белгилешти.

Балык кармоо убагы