Помидор талаасындагы кайнаган иш
Сыдыгалы Ибраимов 10 жылдан бери помидор өстүрүп келет.
Сыдыгалы күн сайын помидор салынган кутуларды Ош базарынан тандап алат.
Чет өлкөдөн банан салынып келген кутулардын баасы 20-50 сомдон. Дыйкан мындай кутудан 150дөн кем албайт.
Кутуга салынган помидорлор Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын базарларына жөнөтүлөт.
Бир килограмм помидордун талаадагы дүң баасы 5-9 сом болгону менен алып сатарлар ага канча сом кошору дыйканга белгисиз. Бирок ушу күндө Бишкектин базарларында помидор 25-45 сомго сатылып жатканын көрүүгө болот.
Үч гектар жердеги помидордон Сыдыгалы 4 тоннадан 100 тоннага чейин түшүм алам деген үмүттө. Ошондо 300 миң сомдон ашык жумшаган чыгымын актоого болот.
Үй-бүлөсү менен үч айдан бери талаада иштеп жаткан Айсулуу үч баласы менен мектепке бара турган кызынын кем-карчын толуктоо үчүн бери дегенде 40 миң сом топтойм деген ойдо.
Дыйкан помидор талаасында кеминде 10-15 адамды иштетип, убактылуу иш менен камсыз кылат.
Таңкы алтыдан кечки бешке чейин иштегендер күнүнө 500 сомдук эмгек акы алат.
Талаада иштегендердин эңсеп ичкен суусундугу муздатылган чай.