Бөргер: Театрда байыш үчүн иштебейт

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-британ актерлору Бишкекте биргелешип Уильям Шекспирдин "Макбет" пьесасын сахнага даярдап жатат. Сахнада башкы ролдорду англиялык жана кыргызстандык актерлор өнөктөшүп ойнойт. Спектаклди Британиядагы "Уильям Шекспир" театрынын режиссеру жана актрисасы Сара Жейн Бөргер сахналаштырып жатат. Сара Бөргер кыргыз-британ актерлорунун айырмачылыгы, Британиядагы театр түйшүгү жана алдыда Кыргызстанда жасай турган иштери тууралуу "Азаттык" радиосуна репетиция учурунда маек курду.