Маңкурт ар бир доордо бар

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз улуттук академиялык драма театр быйылкы сезонун Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытаар бир күн” спектакли менен жапты. Бул спектаклди театр таануучулар, көрүүчүлөр мактап, кыргыз театрынын акыркы жылдардагы эң чоң ийгилиги катары баалап жатышат. Спектакль быйыл Даркүл Күйүкованын 100 жылдыгына арналган республикалык театр фестивалында башкы байгени жеңип алды.