«Капас» - кыргыз коомунун азыркы жүзү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында «Капас» спектаклинин бет ачары өттү. Спектаклди Николас Баэрдин «Метродогу окуя» пьесасынын негизинде режиссёр, эмгек сиңирген артист Эген Чалабаев сахналаштырган. Оюн эмгек сиңирген артист, маркум Марат Козукеевдин жаркын элесине арналган. Окуяда Балыкчы-Бишкек каттамындагы поезддин түнкү жүргүнчүлөрү өтө аянычтуу окуяга кабылышат. Урунарга тоо таппай, урушарга жооп таппай, көөп турган Макс менен Бек түнкү каттамдагы поездге түшүп алып, Бишкекке жеткиче жүргүнчүлөрдү мазактап келет.