Салянованын иши: сот өкүмдү өзгөрткөн жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сот Саляновага чыккан өкүмдү өзгөрткөн жок

Бишкек шаардык соту камактагы экс-башкы прокурор жана мурдагы депутат Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны 26-августка чейин абакта калтырды.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шек саналып жаткан Аида Салянованын бөгөт чарасы 5-июлда Бишкек шаардык сотунда жабык өттү.

Жараян бүткөнчө анын тарапкерлери, журналисттер сыртта турду. Сотко Салянованын өзүн да алып келишкен жок.

Отурум жарым саатка созулуп, судья Биринчи май райондук сотунун Салянованы 26-августка чейин камакка алуу чечимин күчүндө калтырганы маалым болду.

Адвокат Рабига Сыдыкова соттун чечимин мыйзамсыз деп атап, Салянованын ден соолугу начарлап, дем ала албай калып жатканын билдирди.

Рабига Сыдыкова.

“Соттордун чечимине таң калбай деле калдым. Мен күтпөгөн чечим чыгарына моралдык жактан даяр болчумун. Аида Салянова ден соолугуна байланыштуу сотко келген жок. Азыр жөтөлү аябай күчөдү. Жөтөл күчөгөн сайын жүрөгүнө да күч келип жатат. Жел кирбеген үп бөлмөдө кармалып тургандыктан дем ала албай калууда. Мен ага кечээ жолуктум. Соттун чечимине каршы бардык укуктук талаада күрөшөм”.

Адвокат буга чейин Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы шаардык сотко даттанган. Сот жараяны болуп жактан учурда мурдагы баш прокурордун элүүдөн ашык тарапташы “Салянова акталсын” деген баракчаларды көтөрүп турушту. Чечимди уккандан кийин нааразы болуп парламенттин алдына келишти.

Дагы караңыз Салянованы камоонун мыйзамдык өңүтү


“Бул деген саботаж кылган судьялардын иши. Булар мыйзамсыз иштерди улантып жатышат", - деди нааразы болгондордун бири Каныбек Мырзаканов.

"Эгерде мындай иштер улана берсе, Кыргызстанда чыңалуу күчөп, тополоңго жетет. Ансыз деле мурдагы президент Атамбаев элди ар кандай мыйзамсыз иштерге чакырып жатат. Урматтуу Сооронбай Шарипович, Атамбаев өзүнүн керт башын сактоо үчүн “мыйзамсыз иштер жөнүндө билген эмесмин, уккан жокмун” деп айтууда. Сиз да эртең “мен укпай, билбей калыпмын” дебеңиз. Биз сиздерге саясий куугунтук болуп жатканын айтып жатабыз”, - деди Каныбек Мырзаканов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Аида Салянова 15-июнда Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборуна жаткырылган.​ 29-июнда кечки саат тогуз чамасында аны кайрадан №1 тергөө абагына алып кетишкен.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү Эленора Сабатарова Салянованын ден соолугу боюнча буларды билдирди:

Элеонора Сабатарова.

“Салянова ден соолугу начарлап кеткени үчүн ооруканага жатып чыкканын билесиңер. Дарыгерлердин көрсөтмөсү менен кайра тергөө абагына жеткирилген. Өзүнүн жүрөгү ооруйт экен. Башка оорулары да бар экен. Азыр дарыгерлердин көзөмөлүндө”.

Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына байланыштуу мурдагы аткаминерлердин бир нечеси кармалган. Алардын ичинде мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов, үй камагына чыгарылган. Алар тергөө менен кызматташып жатканы айтылды.

Ал эми Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Зарылбек Рысалиев Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунда дарыланып жатат. Рысалиев сурак берип жатканда өзүн жаман сезип, ооруканага жеткирилген.

Мындан улам коомчулукта Салянова президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бербегени үчүн үй камагына чыгарылбай, ага басым болуп жатат деген пикирлер айтыла баштады. ​

“Аида Салянованын мүнөзүн билесиңер, жүрөгү башкача киши. "Каршы көрсөтмө бергенге кайсы бир жагдай болушу керек. Андай жок болсо, жөн эле каралай албайм. Укук коргоо органдары менен кызматташууга барбайм” деп так кесе айтып койду”, - деди парламенттин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу кылмыш иши 2019-жылдын башында жанданып, ондон ашык киши кармалган. Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү ИИМдин Тергөө кызматына тапшырылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.