Терек-Сай: тергөөдөн кийин камакка

Чаткал районундагы Терек-Сай айылынын он беш жашоочусунун бөгөт чарасы аныкталды. Алардын алтоо эки айга, тогузу бир айга камакка алынды.

Милиция аймакта коомдук саясий абал тынч дегени менен активисттер менен айрым саясатчылар бийликти элге карата күч колдонбоого чакырууда.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, Терек-Сай айылынын он беш тургунун бир жана эки айга чейин камоо чечимин шаардык сот 4-декабрда чыгарды. Башкармалыктын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдукулов буларга токтолду:

- Терек-Сай айылынын 15 тургуну 2-декабрда облустук ички иштер башкармалыгына тергөөгө чакырылып, ошол эле күнү он төртү камакка алынган. 3-декабрда мурда кармалган адамдардын көрмөтмөсүнө ылайык Терек-Сай айылынын дагы эки тургуну тергөөгө чакырылган. 4-декабрда Жалал-Абад шаардык соту алардын башка коргоо чарасын карап, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 94-беренесине ылайык алтоону эки айга, тогузун бир айга камакта калтыруу чечимин чыгарды. Азыр алар Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалууда. Дагы бир жарандын үстүнөн тергөө иштери уланып жатат. Чаткалдын Терек-Сай айылында кырдаал туруктуу жана милициянын көзөмөлүндө турат.

Дагы караңыз Терек-Сайдагы тергөө чырды күчөттү

Терек-Сай айылынын 15 тургуну 2-декабрда облустук ички иштер башкармалыгына тергөөгө чакырылып, ошол эле күнү камакка алынган. 3-декабрда болсо дагы эки тургунду милиция кармап кеткенин жергиликтүү тургундар билдиришкен. Алардын бири - Терек-Сай айылында нааразылык акциясына чыккан жергиликтүү активист Юлдаш Даминов. Бул тууралуу анын жубайы Чынар Чоткараева мындай дейт:

- Жолдошумду 3-декабрь күнү кечинде кармап, облустук милиция башкармалыгына алып кетишиптир. Ал элдин талабын бийликке жеткирип, Бишкекке чейин барып алтын кенине байланыштуу маселелерди көтөрүп келген. Азыр аны облустук ички иштер башкармалыгына алып кетишкенин айтып жатышат. Эмне себептен кармалганы бизге белгисиз.

4-декабрда да Терек-Сай айылынын 200дөй тургуну айылдын борборуна чогулуп, кармалгандарды бошотууну талап кылышты. Митинг учурунда атын-жөнүн айткысы келбеген тургун президентке чейин кайрылды:

- Окуядан кийин жергиликтүү бийлик жана милиция башчылары келип элге убада берген. Жогорудагы окуя тынчтык жолу менен чечилет дешкен. Алар сөзүнө турбай, балдарыбызды чекеден кармап жатат. 15 тургунду камаганы аз келгенсип, эми митингге чыккан жергиликтүү активисттерди да камап жатасыңар. Элдин тынч митинг уюштурууга да укугу жокпу? Урматтуу Сооронбай Жээнбеков, элди неге мынча кыйнайсыз? Атамбаевдин көчүн улантам деп, чынында экс-президенттин көчүн улантып жаткан окшойсуз. Эл тажап бүттү баарына, кыйнаганды токтоткула. Спецназды айылга толтуруп, элге каршы койбогула.

Дагы караңыз Кен үчүн курчуган Чаткалдагы чатак

Чогулгандар менен Чаткал районунун акими жана өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары гана эки күндөн бери жолугушууда. Жергиликтүү бийлик ушу тапта Терек-Сайда абал туруктуу экенин, эл арасында түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Терек-Сайдагы учурдагы кырдаалга байланыштуу саясатчылар жана Жогорку Кеңештин депутаттары да билдирүүлөр менен чыга баштады. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын лидери жана Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев “мамлекеттик кызматтар тургундарга мамилесин өзгөртүш керек, мындай өзүм билемдик жакшылыкка алып барбайт” дейт.

Ал эми “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу бийликке кайрылып, элге күч колдонууну токтотууга чакырды.

Адахан Мадумаров.

- Терек-Сайдагы окуя бүгүнкү кыргыз бийлигинин нукура жүзүн көрсөтүп койду. Бул элдик бийликпи же баягы келген бийликтин уландысыбы. Бийлик мурункудан таптакыр сабак албай койду. Күч органдарын элге каршы коюп жатат. Күч менен элди көндүрүүгө аракет кылып жатканы жапайычылык. Мен расмий түрдө президентке, Жогорку Кеңешке жана өкмөткө "мындай башаламандыкты, өз элине кол салууну токтоткула" деп кайрылам. Эгерде өзгөрүү болбосо “Мен макул эмесмин” деген элдик кыймыл өзүнүн чечкиндүү чакырыгын жасоого мажбур болот. Эгерде бийлик бизди укпаса, алар кандай аракеттерди көрсө, ага каршы көрүүгө даярбыз.

6-декабрда да Терек-Сай айылынын тургундары айыл борборуна чогулуп, нааразычылык акциясын улантышары айтылууда.

Буга чейин “Эти Бакыр Терексай” ишканасынын аймагында жергиликтүү тургундар менен чыр чыккан. Ишкананы кайтарып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салганы кабарланган. Буга нааразы болгон жаштар чогулуп барганда качып баратып эки милиция кызматкери жабыркаган. Бул окуя боюнча 6-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык”, “Кызмат адамына кол көтөрүү” беренелери менен иш козголгон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.