Эл өкүлүнүн жүйөсүндө той-топурдагы өнөр адамдарынын акысы өтө кымбат жана кирешесинен казынага салык төгүшпөйт. Мындай демилге тойлордо нан таап жегендердин катуу сынына кабылды.
10 жылдан ашуун тамадалык өнөрү менен жан багып келген Алтын Камчиев патент алып иштейт. Патенттин баасы айына 2500-3000 сом. Той-мааракелер сезондук иш экенин айткан Камчиев "тамада-ырчылар акчага маарып жатат" дегенге кошулбайт.
- Биздики сезондук жумуш. Кээде таптакыр эле отуруп калабыз, кээде жакшы дегендей. Жумуш жок болсо патент алып эмне кылабыз? Ал эми патент алган күндө деле эч ким сенин патентиңди сурабайт. Кээде эле салыкчылар башы ооруганда патентиң барбы деп текшерип калышат экен. Мен он жылдан бери патент менен иштеп келатам. Эми депутаттардын сунушун “өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” деп айтар элем.
Белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев депутаттын бул сунушун популисттик демилге катары баалады:
- Илгери бир чалга "согушка барасың" деген буйрук келген экен. Айылдагылар "эми сен карыганда эмнени кыйратасың, барбай эле кой" дешет. Анда тиги чал "согушка мендейлер зарыл болуп калса, анда Сталиндин иши чатак окшойт” деген тура. Анын сыңары биздин каражатка чейин кийлигише баштаса, казынада иш чатак. Биздин акча менен эле мамлекет бутунан туруп кетсе, биз бергенге даярбыз. Берип эле жүрөбүз, алар кылбаган иштерди кылып атабыз. Бул демилгени популисттик сунуш деп айтам.
Буга чейин Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясынан депутат Курмантай Абдиев тойлордо айрым ырчы, тамадалар олчойгон акы алып жатканына нааразы болуп, бирдиктүү тариф киргизүү керек экенин айтып чыкканы бар.
Эми тамада, ырчылардан салык жыйноону депутат Нарынбек Молдобаев өкмөткө да сунуштоодо. Молдобаев казынага салык төкпөгөндөр көп экенин, алардын башында тамада, ырчылар турарын айтууда.
- Өкмөт акча жок деп эле алакан жаят. Акча табуу кыйын эмес, өздөрү жакшы иштебейт. Мисалы, салык төлөбөй иш кылгандар толтура. Чекесинен текшерсе болот. Эми ырчы, тамадаларды алалы. Кыргызстанда бир күндө миң той болот экен. Тамада дегендердин кызматы 700 доллар. Ошондо тамадалардын чөнтөгүнө бир күндө 700 миң доллар түшөт. Ошонун жок дегенде 10 пайызын казынага түшүрсөк болобу?
Кыргызстанда тойду ыр-күлкү менен коштоп бергендердин баасы ар кандай. Кызматын 200 доллардан 2 миң долларга чейин баалагандар бар. Алардын канчасы патент менен иштей турганын тескеген деле орган жок. Тойдо кызмат көрсөткөндөр күз айларында жакшы эле чөнтөк толтурары жашыруун эмес.
Минтип той-топурда ыр-күлкү тартуулагандардын акысынан салык алабыз деген демилге социалдык тармактарда да ар кандай талкууланып жатат. Маселен, Нарын шаардык кеңешинин депутаты Эрлан Аскаров мындай деп жазды:
- Төлөш керек. Эмне үчүн курулушта, оор жумушта маңдай тер менен иштегендер салык төлөйт? Алар салык төлөп иштеп жаткан тойкананын даяр жерине барып, жеңил акча таап, салык төлөгүсү келбейт. Бул бизнестин түрү, көп өлкөлөрдө кадимки ишкерлик катары салык төлөп иштешет.
Бирок ошол тойлорду же андагы ырчы-чоорчуларды ким, кантип көзөмөлдөйт деген маселе бар. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыбек Секимов мындай пикирде:
- Мен депутаттын сунушун колдойм. Бирок кантип көзөмөлдөйбүз? Ким, каерден, канча акча бергенин кантип табабыз? Азыр тойлор толтура. Кимисин барып "тамадага канча акча бердиң?" деп текшере аласың. Алгач мыйзам жагын тууралап алуу керек го?
Негизинен Кыргызстандын мыйзамы боюнча тапкан кирешенин канча бир пайызы мамлекетке төгүлүшү керек. Бирок серепчилер өлкөдө көмүскөдө оокат кылган майда ишкерден тартып үлкөн ишканалар дагы көп экенин айтып, көзөмөл начар экенин сындап келишет.