Осмонов: Салык кызматындагы жемкордукту азайтса болот

Замирбек Осмонов.

Кыргыз өкмөтү Салык кызматын реформалап, коррупциядан арылтууну көздөп жатат. Мындай тапшырма Салык кызматынын жаңы дайындалган төрагасы Замирбек Осмоновдун алдына коюлган.

Өкмөт жетекчилигинин бул тапшырмасы кандай аткарылып жатат. Бул суроонун тегерегинде Замирбек Осмонов “Азаттыкка” маек курду.

"Азаттык": Замир мырза, сиз Салык кызматынын төрагалыгына өзгөчө шарт, тапшырма менен келдиңиз. Премьер-министр Жоомарт Оторбаев мурдагы жетекчи Масалиевдин ишин сындап, абалды оңдоо үчүн сизди дайындаган эле. Сиз келгенден бери абал кайсыл жагына өзгөрдү?

Осмонов: Чындыгында бизге жылдын биринчи кварталы оңой болгон жок. Себеби, алты айдын жыйынтыгы менен дагы, мамлекеттик бюджетке коюлган план 1 миллиард 169 миллион сом жетпей калган. Бирок ошол эле кезде былтыркы жылдын алты айы менен салыштырганда 1 млрд. 100 миллион сомго көп же 6,5% пайыз өсүш болду. Бул албетте жетишсиз, дагы бир топ резервдер бар. Бул үчүн биз жумушту кескин түрдө өзгөртүп, салык чогултууну башкарууну жакшыртуубуз керек. Биринчиден, бизге берилген тапшырмаларды так белгилеп алып, ар бир багыт боюнча жакшынакай жумуш уюштуруп, кадрдык саясатты да туура жүргүзүү керек. Ал үчүн кызматкерлердин ортосундагы функционалдык милдеттерди так бөлүштүрүү зарыл болуп турат. Экинчиден, салыктык процедураларды жеңилдетип, салык төлөөчүлөргө жакшы шарттарды түзүшүбүз керек. Бул чаралар аркылуу көмүскө экономиканы сыртка чыгарып салыктык карыздарды өндүрүүгө шарт түзсө болот. Мына ушундай жол менен салыктардын топтолушун жөнгө салып, бул тармакта ачыктыкты камсыз кылып, жемкордукту азайтсак болот.

"Азаттык": Бул албетте, жалпысынан аткарыла турган иштер. Ал эми мурдагы жетекчи учурунда топтолбой калган 1 миллиард сомдон ашык салыктын ордун толтуруу үчүн конкреттүү эмне иштер жасалды?

Осмонов: Чындыгында эле төрт айда 1 миллиард 500 миллион сомдон ашык салык топтолбой калган. Азыр болсо алты айдын жыйынтыгы менен аны 1 миллиард 169 миллион сомго кыскарттык. Бул багытта май айында бизде жакшы жумуш жүрдү. Мына июнь айында планды 103,3% аткардык. Июль айында бизге абдан чоң амбициялуу план коюлду. Биз бардык күчтү туура пайдаланып, кайсы тармакта салык карыздары көбүрөөк, кайсы тармакта көмүскө бойдон калууда, мына ушулардын баарын аныктап алып, иштегени жатабыз.

"Азаттык": Өкмөт жетекчилиги сизге салыктарды чогултууну жөнгө салуу эле эмес, бул кызматты өзгөртүү тапшырмасын да берди эле. Биз айтпасак деле бул кызматта коррупциялык аракеттер көп байкалган, майлуу деп саналган органдардын бири. Дал ушундай кырдаалда бул органды өзгөртүүгө саясий эрким жетет деп айта аласызбы?

Осмонов: Саясый эрким жетет. Биз жылдын башында биздин салык системасын оптималдаштыруу боюнча токтомдун долбоорун өкмөткө сунуштаган болчубуз. Анткени, бири-бирин кайталаган бөлүмдөр бар. Мына ушуларды кайрадан карап чыгып, оптималдаштырып, иштей турган түзүмдү түзөлү деп пландап жатабыз. Бул боюнча өкмөт алдында атайын комиссия иштеп жатат. Кудай буйруса 2015-жылдын 1-январынан баштап чоң өзгөрүү болот. Реформа болот. Башкача айтканда, эки баскычтуу башкаруу системасына өтөбүз район жана борбор деген ортодогу звенолор жок болушу керек. Андан сырткары өкмөттүн токтому да чыккан. Ага ылайык, биздин штабдык кызмат 122 бирдикке кыскарат.

"Азаттык": Сиздин жетекчиликке келишиңиз менен “Дордой”, “Кара-Суу” сыяктуу ири базарларда салыкчылар алмашты. Бул аракет аталган базарлардагы салыктын төлөнүшүн иретке келтирүү максатында жүрүп жатканы айтылган эле. “Дордой”, “Кара-Суу” базарларындагы салык кызматкерлерин алмаштырган соң өзгөрүү байкалдыбы?

Осмонов: “Дордой” базары Кыргызстанда эле эмес Орто Азиядагы эң чоң базарлардын бири. Көп жылдан бери бул жерлерде бир топ терс көрүнүштөр болуп келген. Мен кызматтын жетекчилигине келген соң эле бул базарда көптөн бери иштеген кызматкерлерди жумуштан четтеттим. Биздин максат аларды жумуштан кетирип же каматуу эмес, тескерисинче, бул жерде эмнеге убагында салык чогулбайт ушуга окшогон көйгөйлөрдү тактоо болчу. Биз тактадык, диагнозду койдук десек болот. Көрсө ушундай чоң базарда патенттерди берип, салыктарды чогултуу боюнча эки гана пункт бар экен. Ал пункттарда патенттерди берип, салыктарды чогултуп турган. Ал эми "Дордой" базарында он миңдеген адамдар бар. Алар келип кезекке тургусу келбейт да салык кызматкерлерине акча беришчү. Салыкчылар болсо төлөнгөн акчанын жарымын өз чөнтөгүнө салып, жарымы бюджетке түшчү. Буга байланыштуу бардык кызматкерлерди алмаштырып, жаш, билимдүү жаштарды алып келдик. Алардын ишин борбордук аппарат көзөмөлдөп жатат. Базардагы салыкчылар күн сайын кечинде отчет берүүдө. Май айында 34 миллион сомдон ашык салык чогулттук. Мурда бул сан 27 миллион сомго араң жетип жүргөн.

"Азаттык": Салык кызматындагы коомчулуктун көңүлүн бурган дагы бир нерсе, Жогорку Кеңеш депутаттарынын 60ка жакын жардамчыларынын сынаксыз кызматка алынышы болду окшойт. Мурда Салык кызматында иштеп көрбөгөн кесиптери башка бул адамдар кандай иштеп жатат. Коомчулуктагы талкуулардан соң алардын ишин көзөмөлдөп жатсаңыз керек?

Осмонов: Бул резонанстуу маселе болду. Ага коомчулуктун көңүлүн бурууга биз да көмөктөштүк десек болот. Анткени, былтыр тиешелүү органдарга кат менен кайрылганбыз. Мунун чоо-жайын айта турган болсок, 2004-жылы “Мамлекеттик кызмат тууралуу” мыйзам кабыл алынып, ушул норма киргизилген экен. Бирок аны көпчүлүк билбей, колдонулган деле эмес. Бирок 2010-жылдагы ыңкылаптан соң бардык органдар конкурстук жол менен кызматкерлерди тандай баштаганда, ошол норманы таап чыгышты. Аталган мыйзамга ылайык, депутаттын жардамчысы же кеңешчиси кесиптик талапка жооп берсе гана кызматка барса болот деп жазылган. Ал эми коомчулукта талкуу жараткан 60 кызматкер үч жыл ичинде мындай жол менен жумушка орношкон. Алардын беш-алтөө иштей албай, өз каалоосу менен жумуштан кетти. Азыр болсо Мамлекеттик кадр кызматы “Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи. Анда депутаттардын жардамчыларын сынаксыз кызматка алууга тыюу салынышы керек.