Кыргызстандык татарлар

Татарлардын башкы улуттук тамагы - тукмач. Өзүнчө шорпо менен кесме берилет. 

Мамлекеттик радиодо татар тилиндеги 15 мүнөттүк берүү чыгат. Аны Гүлгина Шонкорова ар жекшемби сайын алып барат. 

Татарлардын мартабалуу аялдары ар жума сайын диаспорада чогулуп, куран окуп, чай ичип турушат. 

Кыргызстанда татарлардын арасында атактуу дарыгерлер жана мугалимдер чыккан. 

Кыргызстандагы татарлардын арасында белгилүү ырчысы Рим Камалов. 

Татар аялдардын көйнөктөрү айылдык жана шаардык деп бөлүнөт. Шаардыктардын көйнөктөрү алтын жана бермет менен кооздолсо, айылдыктардыкында оймо менен кооздолгон. 

Татар аялдардын баш кийимин калфак деп атайт.

Рашида Измайлова татарлардын кийимдерин тигет. 

Татар диаспорасында жаштардын бий ансамбли бар.