Таштандыны искусствого айланткан Наргиза

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жаш адис Наргиза Абдыкалык кызы Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде илимий кызматкер болуп эмгектенет. Ал экологиялык көйгөлөрдү искусство аркылуу чагылдырып, коомчулукту таштанды таштабоого, айлана-чөйрөнү таза сактоого үндөйт. Бул багытта Наргиза балдар үчүн устаттык саат уюштуруп, жаш сүрөтчүлөр арасында сынак-көргөзмө өткөрүп келет.