Таласта активистти бошотууну талап кылышты

Таластагы митинг. 2017-жыл, 3-ноябрь.

Бейшембиде Таласта 20дай жергиликтүү тургун активист Шамбет Кубатбековду бошотууга жардам сурап облустук бийликке кайрылды. Буга чейин ИИМ Кубатбеков мурдагы ишине байланыштуу Транспорт прокуратурасы козгогон кылмыш ишинин негизинде камалганы тууралуу маалымат тараткан.

Медет Жунусалиев - жакында кармалган активист Шамбет Кубатбековдун жакын саналааштарынын бири, Таластын Кара-Буура районундагы Чолпонбай айылынын тургуну.

Ал Кубатбековдун кармалышын соңку митингдерге байланыштуу деп эсептейт. Облустук акимчиликке 20дай аксакал менен чогуу келип, Кубатбековду бошотууга жардам берүүнү жергиликтүү бийликтен өтүндү.

- Бул жерге эл катары келген. Тартипти кармап турду. Ак үйдүн (облустук администрациянын имараты - ред) алдында 20дай чагымчы бала жүрдү го. «Кеттик эле кеттик, Ак үйдү алабыз» дегенде Ак үйдүн оң тарабына 100 баланы тизип коюп, "бул жакка бастырбагыла, Ак үйдү алып көрдүңөр эле го" деп элди таратып, тынчтыкты орнотууга жардам берген. Элге күйгөн патриотторду чекесинен эле камай берсе Бакиевдин системасына баратат да. Андай болбойт. Тез арада чыгарып бергиле.

Таласта 29-октябрда өткөн митинг

Таластын Кара-Буура районунан келген тургундар мындай талап менен эки миң кишиден кол чогултулганын айтышты. Активисттин кармалганына нааразы болгондордун бири Татай Үсөнбаев буларга токтолду:

- Ушул убакытка чейин Шамбетке тийишпей, анан митингден кийин иш козгой берсе болобу? Калыстыгыбызды айтпасак 67ге чыкканда карылык касиетибиз кайсы? Эртең Шамбет чыксын. Элдин талабы ушундай. Эгер бул иш жакшылык менен бүтпөсө, Бишкектеги Ай үйдүн алдына барабыз. Бийликтин кишилери Манас атанын урпактары, эл дегендер Абыке-Көбөштүн тукуму болуп калабы?!

Чогулгандарды кабыл алган өкмөттүн облустагы өкүлүнүн милдетин убактылуу аткарып жаткан Чолпон Төрөкулов келгендерди сабырдуулукка чакырып, активисттин кармалышына митингдердин тиешеси жоктугун белгиледи:

- Бул жерде Шамбет жакшы сүйлөп, эл тынчтык менен тарады. Ошол жерден бейбаш бир-эки балага кылмыш иши козголбосо экен деп жаткан. Бардык жерде мыйзамга баш ийебиз. Кайрылууну кагаз түрүндө тиешелүү жакка жөнөтөбүз. Кудай деп туралы.

Буга чейин Ички иштер министрлиги Шамбет Кубатбековдун кармалып, камакка алынышын Талас шаарында өткөн митингге тиешеси жок деп билдирген.

Ички иштер министрлигинин түшүндүрмөсүндө Шамбет Кубатбеков Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп турган кезде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган деп шектелүүдө.

Буга байланыштуу Транспорт прокуратурасы Эсеп палатасынын текшерүүлөрүнүн жыйынтыгынын негизинде Кылмыш кодексинин 308-беренеси боюнча иш козгогон жана ишти ИИМдин карамагына өткөрүп берген.

Шамбет Кубатбековдун бир тууган иниси Шамил Кубатбековдун айтымында, агасы аскерден келгенден кийин эле милиция болуп иштеп, Талас, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы укук коргоо органдарында жетекчилик кызматка чейин жеткен. Бир жарым жыл мурда пенсияга чыккан болчу.

Равшан Жээнбеков

Шамбет Кубатбековду 15 жылдан бери жакындан билген учурдагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков активист президентикке талапкер Өмүрбек Бабановду колдогону үчүн жабыркап жатат деген пикирде.

- Анын кармалышынын негизги себептеринин бири - ал Бабановду колдоду. Мүмкүн ошолор каражат берип, акыркы убактагы митингдерди уюштурууга Шамбеттин тиешеси бар деп жатышса керек. Кылмыш иш болсо жети жылдан бери ИИМ, бийлик эмне кылып жүрдү эле камабай?

Талас шаарында 3-ноябрда нааразылык акциясы өткөн. Ага чыккандар президент Алмазбек Атамбаевдин таластыктардын дарегине айткан сынына нааразы болуп, анын кечирим сурашын талап кылышкан.

Президенттик аппарат кечирим суроого негиз жок экенин билдирген. "Митинг уюштурууга тиешеси бар" деген негиз менен үч активист УКМКга чакыртылган.

Учурда Шамбет Кубатбеков Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында кармалып турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.