Талас: араздашкан айыл эли митингге чыкты

kyrgyzstan--talas--protest

8-февралда Талас шаарында Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургундары сотторго ишенбөөчүлүк билдирип, облустук соттун алдына нааразылык акциясына чыкты.

Көк-Сай айылынын тургундары ушул эле айылда жашаган Султаналиевдердин кысымына кабылганын буга чейин да айтып чыгышкан. Алар Султаналиевдерди «жерибизди мыйзамыз тартып алды, балдарыбызды себепсиз токмоктоду» деп айыптап келет.

Айыл элинин арызынын негизинде Султаналиевдердин бири - Эрнис Султаналиевге "тоноочулук" жана "денеге залал келтирүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, бирок ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылганын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Көксайлыктар соттун Эрнис Султаналиевди үй камагына чыгарганына нааразы. Алар айыпталуучунун ден соолугу тууралуу аныктама жасалма экенин айтып, сотторду күнөөлөп жатат.

Талас шаарындагы облустук соттун имаратына чогулган 100дөй адам колуна «Акыйкат сот болсун!», «Чындык керек!» деген жазууларды көтөрүп турушту. Кара-Буура районунун Көк-Сай айылынын тургуну Тилбар Жээнбаева буларга токтолду:

- Камакка алынышы керек болчу. Алынбайт. Милициялар барып туруп кайра кетет. Акыйкат деген жок. Чындык жок. Бандитизмге жол берип жүрө беребизби, эмне?! Камалсын да баласы. Коррупция деген ушул жерде. Апасы Байыз да милицияларды 80 миң сомго сатып алам, колуңан эч нерсе келбейт деген болчу.

Көк-Сай айылынын тургундары бир канчасы жергиликтүү мамлекеттик кызматты аркалаган Султаналиевдердин кысымына кабылып жатканын көптөн бери айтып келет.

Алардын арыз-даттанууларынын негизинде 2016-жылдын 27-декабрында "ден соолукка залал келтирүү" жана "тоноочулук" беренелери боюнча кылмыш иши козголгонун, бирок ушул жылдын 24-январында айыпталуучу үй камагына чыгарылганын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ильяс Касымбаев билдирди:

- 2017-жылдын 23-январында айыпкер Эрнис Султаналиев тергөөгө өз ыктыяры менен келип, Кара-Буура райондук убактылуу камоочу жайына камакка алынган. Анын кармалгандыгынын мыйзамдуулугу текшерилип, сот тарабынан үй камагына чыгарылган.

Бул ишти караган Кара-Буура райондук сотунун судьясы Асел Эсенгулова менен байланышуу мүмкүн болгон жок. Көк-Сай айылынын жашоочуларынын айтымында, сот чечимди кылмышка шектүүнүн ден соолугуна байланыштуу чыгарганын айткан. Анткен менен нааразы тарап буга макул эмес экен:

- Камайын десе өтө оор абалда деген справка алып алыптыр. Бирок дарыгерлерге көрсөткөн справкасын текшерсек, сопсоо экен. Анан кийин Таластагы ооруканага келип, медициналык аныктама алып отурат.

Ал эми Султаналиевдердин үй-бүлөсү уруу-урууга бөлүнүүчүлүктүн айынан ушул жагдайга кептелгенин айтышууда. Султаналиевдердин кичүү уулу Нуржан Зарылбековдун билдиришинче, алар Көк-Сайга Таластын жогору жагынан көчүп барган жана уруусу кушчу болот. Ал эми Көк-Сайдын көпчүлүгү саруу экен.

- Биз аппакпыз, бизди ийип, сындырабыз деп жатышат. Ак ийилет, бирок сынбайт. Биз кушчубуз.

Эки сааттан ашык убакытка созулган нааразычылык акциясын укук коргоо органдары көзөмөлдөп турду.

Ал эми козголгон кылмыш иштери боюнча териштирүү иштери уланып жатат.

Көк-Сай айылынын тургундары Султаналиевдер боюнча буга чейин да бир топ арызданышкан. "Азаттыктын" интернет сайтына 28-декабрда чыккан видео:

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Таласта калыстык издеген айылдаштар

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.