Таластын "ак алтыны"

"Лопатка" төө буурчагынын килограммы 100 сомго чейин барат.


Төө буурчактын көп сатылган дагы бир түрү. 

Быйыл Таласта төө буурчак тазалоочу завод ишке кирди. Буга чейин дыйкандар кол менен иштеп келишкен.

Заводдун курулушуна 450 миң доллар сарпталган. Заводдогу бардык жабдыктар чет өлкөнүкү. 

Таласта төө буурчак 15 жылдан бери айдалат. Бул убакыттан бери жергиликтүү фермерлер төө буурчактын онго жакын түрүн өстүргөндү үйрөнүштү. 

Заводдо 30га жакын жергиликтүү тургундар эмгектенет. 

Төө буурчакты тазалоо учуру.

 "Рейба" компаниясынын экспорт боюнча менеджери Улан Атагелдиев.

Аба ырайынын жакшы болушу төө буурчак түшүмүнүн арбын болушуна шарт түздү.  

Төө буурчактын дүң баасынын жогору болушуна жылдагыдай далдалчылардын жок болушу да себеп.

Таластын төө буурчагынын өтүмдүүлүгүнүн дагы бир себеби - түрк базарынын ири экспортерлору Аргентина менен Кытайда түшүм жылдагыдан аз болгону айтылууда. 


Түрк ишкери Меметакиф Тургуттун таластык дыйкандардан төө буурчак алып иштегенине 5 жыл болду. 

Таластын төө буурчагынын дээрлик бардыгы Түркияга ташылууда. Бул унаалар керектүү жерге 14 күндө жетет. 

Мурдараак төө буурчакты Таластын ылдый жагы гана айдачу. Жыл өткөн сайын өйдөңкү аймактарда да анын аянты кеңейүүдө.

Төө буурчак баасынын жогору болгонуна байланыштуу көпчүлүк дыйкандар материалдык абалын тыңдап алганын айтышты. 

Жыл өткөн сайын төө буурчак облустун негизги киреше берчү өсүмдүгүнө айланып баратат. Азыр дыйкандар мурдагыдай картошка, кант кызылчасын, тамеки багуудан алыстаганы байкалат.