Тажик президенти абактагыларга ырайым кылды

Эмомали Рахмондун сүрөтү

Тажикстанда президенттин мунапыс боюнча демилгеси парламентте колдоо тапты.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 25-октябрда оор эмес кылмыш кылып абакта отурган жана ушул тапта иши сотто каралып жаткан 20 миңден ашуун адамга мунапыс жарыялаган мыйзамга кол койду.

Өлкөдө 6-ноябрда белгилене турган Баш мыйзамдын 25 жылдыгына арналган мунапыстын мыйзам долбоору он күн мурда парламентке киргизилген.

Президенттик демилге менен депутаттарды башкы прокурор Юсуф Рахмон тааныштырган.

Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, кабыл алынган мыйзамга ылайык мамлекеттик органдар эки ай ичинде мунапысты ишке ашырып, президентке отчет тапшырышы керек. Бийлик түрмөдө отуруп чыккандар кайрадан мыйзам бузуудан чочулап, коомго көбүрөөк пайда алып келет деп эсептейт.

Расмий маалыматка ылайык мунапыс оор эмес кылмыш үчүн абакта отурган, ушул тапта иши сотто каралып жаткан 20 миңден ашуун адамга жарыяланат.

Учурда коомдук түзөтүүчү иштерди аткарууга милдеттендирилген 4,5 миң киши да жеңилдик алат.

Башкы прокурор Рахмон Юсуф

Башкы прокурор Юсуф Рахмон мындан тышкары түрмөдө 12 жылдан ашык жаза өтөгөн аялдар, ошондой эле өспүрүмдөр мунапыска туш болорун билдирди.

- Мыйзамга ылайык абактарда отурган 300 аялдын 165и, ошондой эле тарбиялоочу жайлардагы 75 өспүрүмдүн 58си бошотулат, - деди Юсуф Рахмон.

Буга кошумча жашы 55тен өткөн эркектер, майыптар, оорукчандар, өлкөдө жана чет жакта согушка катышкандар менен Чернобыль алааматынан жабыр тарткандарга мунапыс берилет. 9 миңге жакын кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

Анткен менен тажик абактарында кылмыш иштерге айыпталып, бирок, күнөөнү моюнга албай отурган саясий туткундар мунапыска туш илинбейт.

Мисалы, «Ислам кайра жаралуу» партиясынын мүчөлөрүнүн укугун коргогону үчүн Тажикстанда 28 жылга кесилген Бузургмехр Ёров эркиндикке чыгарылбайт.

- Мунапыс боюнча мыйзамга ылайык күнөөсүн мойнуна алгандар бошотулушу керек. Соттолгон адам күнөөнү мойнуна албаса, бирок, сот өкүмү чыккан болсо, ал адамга мунапыс жарыяланбайт, - деп түшүндүрдү адвокат Абдукаюм Юсуфов.

Мындан тышкары өмүрү өткүчө абакка кесилгендер, экстремизм жана терроризмге айыпталгандар, мурда мунапыска илинип абактан чыгып, кайра кылмышка баргандарга жеңилдик берилбейт.

Бирок Интернеттеги активдүүлүгү үчүн экстремисттик идеяларды колдогон деп мурда соттолгондордун абактан чыгууга мүмкүнчүлүгү бар.

2017-жылы жайында тажик парламенти «оперативдүү издөөчүлүк ишмердүүлүк боюнча» мыйзамга өзгөртүү киргизип, укук коргоо органдарына жарандардын Интернеттеги активдүүлүгүн текшерүүгө укук берип койгон. Андан кийин социалдык тармактарда экстремисттик мүнөздөгү макала, видеолорго «лайк»/ «класс» баскан деп, башкача айтканда, экстремисттик уюмдарды колдогон деп Тажикстанда 500дөй адам ар кандай мөөнөткө абакка кесилген.

Депутат Бахтовар Сафаров

Парламент депутаты Бахтовар Сафаров эми бул мунапыстын алкагында «мындай кокустан адашкандар» абактан бошотуларын айтты:

- Алардын көбү Кылмыш- жаза кодексинин 307-беренесинин 3-пункту боюнча сот ишмердүүлүгүнө тыюу салган саясий партиялардын, коомдук жана диний уюмдардын, ошондой эле экстремисттик топтордун ишмердүүлүгүнө катышууга айыпталып, жазага тартылган. Мындай кылмышка беш жылдан жети жылга чейин абакка кесүү жазасы каралган.

Эгемендик жылдарында Тажикстанда он беш жолу мунапыс жарыяланган. Өлкөдө сотто акталып чыккандар дээрлик жокко эсе болгондуктан, ар бир үч жылда эле абактар толуп кетет. Акыркы жолу мунапыс 2016-жылы берилип, анда 12 миң адам жеңилдик алган.

Буга чейин болуп көрбөгөндөй мунапыс Дүйшөмбүнүн дүйнөдөгү кадыр-баркын көтөрөт дегендер да бар.

- Биринчиден, биз айтып келген сөзүбүздү иш менен көрсөтөбүз. Демократиялык, укуктук, гумандуу өлкөбүз, мыйзамдарыбызда кылмыштык жоопкерчиликтерди кыскартабыз. Муну менен коомдун саясий жашоосунда да кылмыштарды азайтабыз. Экинчиден, алардын арасында ар кандай кесипке ээ адамдар бар, алар да жакшы иштеген. Буга кошумча, өкмөттүн чыгымдары азаят, - деди саясат таануучу Сайфулло Сафаров.

Тажик бийлиги бул мунапыстан кийин абактар бошоп, өкмөттүк чыгымдар кыскарат деген үмүттө. Коңшу өлкөдө абактагылардын ар бирине күнүнө бир доллардан бөлүнөт. Бирок чыгымдарды жалпы эсептей келгенде өкмөттүн капчыгына жүк келтирчүдөй.

Душанбеде 2014-жылы мунапыс маалы

Бир жылдан бери тажик абактарында -ызы-чуу да токтобой келет. Быйыл июлда Согди облусунда фургондо абак которуп бараткан 14 соттолуучу каза тапкан. Анда алар нанга ууланганы айтылган. Майда Вахдат шаарындагы колонияда тополоң чыгып, 32 адам каза болгон. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкери болгон. Былтыр ноябрда Хожент түрмөсүндөгү тополоңду басуу учурунда 21 соттолуучу өлгөн. Эки абак кызматкери каза таап, дагы бешөө жараат алган.

Абактарды иликтеген эл аралык борбордун - ICPS маалыматы боюнча Тажикстанда 9,5 миңдей адам түрмөдө жатат. Чөлкөмдө камактагы адамдардын саны боюнча Өзбекстан алдыда, Ташкенттин абактарында 44 миңге жакын адам бар. Ал эми Кыргызстанда 10, 5 миңдей адам абакта.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.