Кыргызстан менен Тажикстан табыйгый союздаштар. Эки өлкө тең мунай, газга жарды. Ошондуктан өнүгүүдө суу-энергетикалык багытка басым жасоого аргасыз. Бирок кошуна мамлекеттер региондун суу байлыгы баарына бирдей таандык деп, эки өлкөнүн энергетикалык долбоорлорун колдобой келатат. Мына ушундай шартта Бишкек менен Дүйшөмбү карым-катнаштарын жолго салууга аракеттенүүдө.
Жантөрө Сатыбалдиев андан сырткары тажик өкмөт башчысы Акил Акилов жана президент Эмомали Рахмон менен жолугушуп, өз ара кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Премьер-министрдин маалымат катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнүн негизин чек ара маселеси түзөт:
- Күн тартибиндеги негизги суроо катары чек ара кызматташтыгы турат. Бараткан делегациянын курамында да Баткен облусунун жетекчиси, район акимдери бар. Чек ара маселеси тажик жетекчилиги менен сүйлөшүүдө эң негизги багыт болот.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 970 чакырым. Анын ичинен 570 чакырымга жакыны аныкталган.
Кыргыз-тажик мамилесиндеги дагы бир орчун маселе транзит маселеси. Кыргызстан Тажикстан аркылуу электр энергиясын экспорттоо долбооруна кызыкса, Тажикстан Кыргызстан аркылуу Казакстан, Орусияга чыгууга мажбур.
Эки өлкөнүн өз ара соодасына келе турган болсок, ал анчалык деле көлөмдүү эмес. 2012-жылы эки мамлекеттин соодасы 44 млн. долларга жакындаган. Быйылкы жылдын алты айында 26 млн. долларга жеткен. Эки тараптуу соодада Кыргызстандын экспорту басымдуулук кылат. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстандан Тажикстанга күйүүчү май, цемент, өнөр жай жабдуулары жана мал-жандыктар экспорттолот.
Бишкек менен Дүйшөмбүнүн көңүлүн бурган дагы бир аспект - бул гуманитардык аспект. Тагыраак айтканда, Тажикстандагы кыргыздардын жана Кыргызстандагы тажиктердин маселелери.
Тажикстанда туулуп-өскөн, учурда Кыргызстанда жашап жаткан Жолдошбек Турдубаев кыргыз өкмөт башчысы Дүйшөмбүдө Тажикстандагы кыргыздарды кыргызча окуу китептери менен камсыздоо маселеси көтөрүлсө дейт. Андан сырткары жер-суу аталыштарын тажиктештирүү кыргыздарды абдан тынчсыздандырып жатат дейт Турдубаев:
Жолдошбек Турдубаев ошондой эле Кыргызстан жогорку окуу жайларында тажикстандык кыргыздарга бөлүнгөн квоталар туура жана натыйжалуу пайдаланылса деген оюн кошумчалады.
Тажикстанда 70 миңдин тегерегинде кыргыз улутунун өкүлдөрү бар. Бул өлкөдөн Кыргызстанга карай миграциянын агымы да жогору. Кыргызстанда алардын саны 30 миңге чукулдап барганы айтылат.
Кыргызстан менен Тажикстандын мамилесиндеги дагы бир маселе бул эки өлкөнүн мүлктөрүнө байланыштуу маселе болушу мүмкүн. Тажик тарап Кыргызстан жеринде алардын 36 объектиси калганын, аны кайтаруу маселеси көтөрүлөрүн билдирген. Бирок Кыргызстан андай талапты четке каккан.