Кыргыз-тажик президенттери жолугушту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-тажик президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмамоли Рахмон жолугуп, сүйлөшүү жемиштүү жана жакшы атмосферада өткөнүн белгилешкен. Алар чек араны делимитациялоо боюнча түзүлгөн кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясына ишти илгерилетүү боюнча тапшырма беришкенин билдиришти. Жолугушуу соңунда соода, экономикалык, билим берүү, коррупцияга каршы күрөшүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана туризм багытында кызматташуу боюнча бир катар документке кол коюлган.