Чек арадагы жашоо
Гүлбүбү Исаева 1941-жылы Сүлүктү шаарында туулган. 15 жашында Абдукаим деген адамга турмушка чыккан.
Гүлбүбү апанын үйү Заравшан айылында, тамак-аш сатып алганга Баткен облусунун айылындагы дүкөнгө өтүп келет.
Гүлбүбү Исаева өзү кыргыз, жарандыгы тажик.
Гүлбүбү апанын пенсиясы - 150 тажик сомони (1500 сом), жашоо-тиричиликке өп-чап жетет.
Гүлбүбү апа 20 жылдан бери чек арада жашайт. Күнүнө чек арадан 2-3 жолу ары-бери өтөт.
Гүлбүбү апа уулу Мырза, анын балдары Курбанбек жана Нурайым менен чогуу жашайт. Мырза болсо келинчеги менен ажырашып кеткен.
Гүлбүбү апанын короосундагы советтик доордун эстелиги.
Гүлбүбү апанын короосунда болгон малы: музоолуу уй жана эки эшек.
Гүлбүбү апа күйөөсү Абдукаим менен 57 жыл бирге жашап, 9 балалуу болушкан. Алардын көбү Кыргызстанда жашайт.
Гүлбүбү апа чек арачыларга кээде тамак-аш берип турат, алар болсо аны тоскоолдуксуз өткөрүп коюшат.
Кышында Гүлбүбү апа үйүнүн терезесин жылтырак кагаз менен жаап жылуулайт, кичинекей небереси тышкы дүйнөнү карап турсун деп атайын тешик дагы жасап койгон.
Гүлбүбү апа жаңылыктарды айылга жумасына 2-3 жолу каттаган туугандарынан угат.
Гүлбүбү апа уулу Мырза жана неберелери Курбанбек, Нурайым менен чогуу турат. Союз урагандан кийин Кыргызстан тарапка көчпөй эски журтунда калып калышкан.
Ушул жайда Гүлбүбү апа 72ге чыкты.
4 жашар Курбанбек - унутта калган Заравшан айылынын эң кенже тургуну. Чоң энеси менен Бишкектеги туугандарына анда-санда гана каттабаса, айылдан чыкпайт.